ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 15 мая 2015 года № 296 «О проекте Закона Кыргызской Республики «О ратификации Кредитного соглашения «Реабилитация системы водоснабжения и канализации в городе Токмок» между Кыргызской Республикой и Европейским банком реконструкции и развития и Соглашения о Гранте между Кыргызской Республикой, мэрией города Токмок, муниципальным предприятием «Токмокводоканал» и Европейским банком реконструкции и развития для проекта «Реабилитация системы водоснабжения и канализации в городе Токмок», финансируемого из средств Европейского Союза через Инвестиционный фонд ЕС для Центральной Азии и Специального фонда учредителей ЕБРР», подписанных 26 января 2015 года в городе Бишкек»

Редакцияот 15.05.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 15-майы № 296

“2015-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” жөнүндө Насыялык макулдашууну жана Европа союзунун каражаттарынан Борбордук Азия үчүн ЕС Инвестициялык фонду жана ЕБРРдин уюштуруучуларынын Атайын фонду аркылуу каржылануучу “Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору үчүн Кыргыз Республикасынын, Токмок шаарынын мэриясынын, “Токмоксууканал” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну” ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- “2015-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” жөнүндө Насыялык макулдашууну жана Европа союзунун каражаттарынан Борбордук Азия үчүн ЕС Инвестициялык фонду жана ЕБРРдин уюштуруучуларынын Атайын фонду аркылуу каржылануучу “Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору үчүн Кыргыз Республикасынын, Токмок шаарынын мэриясынын, “Токмоксууканал” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- 2015-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” жөнүндө Насыялык макулдашууга жана Европа союзунун каражаттарынан Борбордук Азия үчүн ЕС Инвестициялык фонду жана ЕБРРдин уюштуруучуларынын Атайын фонду аркылуу каржылануучу “Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору үчүн Кыргыз Республикасынын, Токмок шаарынын мэриясынын, “Токмоксууканал” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору жана Токмок шаарынын мэри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2015-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” жөнүндө Насыялык макулдашууну жана Европа союзунун каражаттарынан Борбордук Азия үчүн ЕС Инвестициялык фонду жана ЕБРРдин уюштуруучуларынын Атайын фонду аркылуу каржылануучу “Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору үчүн Кыргыз Республикасынын, Токмок шаарынын мэриясынын, “Токмоксууканал” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну” ратификациялоо тууралуу

 

1-берене

2015-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” жөнүндө Насыялык макулдашуу жана Европа союзунун каражаттарынан Борбордук Азия үчүн ЕС Инвестициялык фонду жана ЕБРРдин уюштуруучуларынын Атайын фонду аркылуу каржылануучу “Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору үчүн Кыргыз Республикасынын, Токмок шаарынын мэриясынын, “Токмоксууканал” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

 

3-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти