Постановление Правительства КР от 20 мая 2015 года № 306 «Об утверждении положений об оценке деятельности члена Совета директоров и Ревизионной комиссии хозяйственных обществ с государственной долей участия»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-майы № 306
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин жана Ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрүнүн ишин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн, мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин жана Ревизиялык комиссиянын Мүчөлөрүнүн ишин баалоонун заманбап ыкмаларын жайылтуу, мындай чарбакер коомдордо корпоративдик башкаруунун сапатын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ишин баалоо жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Ревизиялык комиссиясынын (ревизорлордун) мүчөлөрүнүн ишин баалоо жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |