Постановление Правительства КР от 8 июня 2015 года № 348 «О внесении дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики»О вопросах образования подведомственных подразделений министерств, государственных комитетов, административных ведомств и иных органов исполнительной власти Кыргызской Республики и создания государственных предприятий«от 6 июня 2007 года № 211»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июну № 348
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу боюнча укукту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине өткөрүп берүүгө укуктуу.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |