ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 22 июня 2015 года № 388 «О проекте Закона Кыргызской Республики»О ратификации Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Казахстан о создании Центра по чрезвычайным ситуациям и снижению риска стихийных бедствий, подписанного 17 мая 2013 года в городе Алматы"

Редакцияот 22.06.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 22-июну № 388

"Алматы шаарында 2013-жылдын 17-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

- "Алматы шаарында 2013-жылдын 17-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Алматы шаарында 2013-жылдын 17-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Алматы шаарында 2013-жылдын 17-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

"Алматы шаарында 2013-жылдын 17-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кооптуулугун төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу  органы болуп аныкталсын.

 

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун депозитарийине анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу билдирсин.

 

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти