ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 6 июля 2015 года № 446 «О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики»

Редакцияот 06.07.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 6-июлу № 446

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү (ID-карта) паспорттору менен камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 213 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы атайын каражаттардын эсебинен:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту бар, 60 жашка толгон жана андан жогорку курактагы адамдарды Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) менен камсыздасын;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун алмаштыруу зарылдыгы жөнүндө калктын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 1-пунктунан сырткары.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев