ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 12 августа 2015 года № 571 «О внесении изменения и дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики»О гражданских воздушных судах, вносимых в Реестр гражданских воздушных судов Кыргызской Республики«от 2 мая 2008 года № 202»

Редакцияот 12.08.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 12-августу № 571

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилчү жарандык аба кемелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Ата мекендик авиацияны өнүктүрүү, региондордун калкы үчүн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилчү жарандык аба кемелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- 1-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Каттоо № ЕХ-00007 Як-40 аба кемесин кошпогондо, мурда Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилген, чыгарылган датадан бери 40 жылдан ашкан аба кемелеринде жүргүнчүлөрдү ташууга.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"3-1. Каттоо № ЕХ-00007 Як-40 аба кемесин андан ары пайдаланууга жоопкерчилик "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна жүктөлсүн".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев