ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 20 июля 2015 года № 505 «О проекте Закона Кыргызской Республики»О ратификации Грантового соглашения между Кыргызской Республикой и Азиатским банком развития о выделении аванса для подготовки проектно-сметной документации для последующего проекта дороги, связывающей коридоры 1 и 3 Центрально-Азиатского регионального экономического сотрудничества (ЦАРЭС), подписанного 15 июня 2015 года в городе Бишкек"

Редакцияот 20.07.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 20-июлу № 505

"Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

- "Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри ушул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги зарыл болгон жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына билдирсин.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти