ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 25 сентября 2015 года № 662 «Об условиях оплаты труда работников Центра электронного управления Правительства Кыргызской Республики»

Редакцияот 25.09.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 25-сентябры № 662

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын белгилөө максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Темөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү, 1 -тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлерине төмөнкүлөрдүн төлөнөөрү белгиленсин:

- ченемделбеген жумуш күнү үчүн кызматтык маянага кызматтык маянадан 50 пайызга чейинки өлчөмдөгү үстөк;

- календардык жылдын аягында - эмгек акы фондунун орточо айлык өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы;

- өргүүгө чыгууда - ден соолукту чыңцоого жөлөкпул эмгек акы фондунун эки айлык өлчөмүндө;

- иштин жашыруун мүнөзү жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кызматтык маяналарга пайыздык үстөк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте;

- кварталдык сыйлыктар эмгек акы фондунун орточо бир айлык өлчөмүндө.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун директоруна жылдын жыйынтыгы боюнча эмгек акы телор фонду боюнча каражаттар үнөмдөлгөн учурда, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Электрондук башкаруу борборунун жетекчилигин жана кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн электрондук башкаруу борборунун жетекчилигинин жана кызматкерлеринин эки орточо эмгек акыдан ашпаган ѳлчѳмдѳ сыйлоо укугу берилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджета жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргы Республикасынын Өкмѳтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом 2015-жылдын 11-июнунан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ѳлчѳмдѳрγ

 

№

Кызмат орундарынын аталышы

Кызматтык маяналар (сом менен)

1.

Директор

19000

2.

Директордун орун басары

18500

3.

Эксперт

17000

4.

Финансы боюнча адис

15000

5.

Кадрлар боюнча адис

15000

6.

Айдоочу

8600

 

2-тиркеме

Кыргы Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлеринин иштеген жылдары γчγн кызматтык маяналарына пайыздык γстѳктѳрдγн ѳлчѳмдѳрγ

 

№

Эмгек стажы

Иштеген жылдары γчγн γстѳктѳрдγн ѳлчѳмдѳрγ (%)

1.

1 жылдан 3 жылга чейин

5

2.

3 жылдан 5 жылга чейин

10

3.

5 жылдан 10 жылга чейин

15

4.

10 жылдан 15 жылга чейин

20

5.

15 жылдан 20 жылга чейин

25

6.

20 жылдан 25 жылга чейин

30

7.

25 жылдан ѳйдѳ

40