ПостановлениеУтратил силу

Постановление Правительства КР от 30 марта 2016 года № 165 «О внесении дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики «Об утверждении штатной численности и условий оплаты труда работников Государственной дирекции по подготовке и проведению Года истории и культуры» от 12 февраля 2016 года № 64»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2016-жылдын 30-марты № 165

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 12-февралындагы № 64 «Тарых жана маданият жылын даярдоо жана ѳткѳрγγ боюнча мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин штаттык санын жана эмгек акы тѳлѳѳ шарттарын бекитγγ жѳнγндѳ» токтомуна толуктоолорду киргизγγ тууралуу

Тарых жана маданият жылын даярдоо жана ѳткѳрγγ боюнча мамлекеттик дирекциянын кызматкерлерине эмгек акы тѳлѳѳ шарттарын андан ары ѳркγндѳтγγ максатында, «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 12-февралындагы № 64 «Тарых жана маданият жылын даярдоо жана ѳткѳрγγ боюнча мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин штаттык санын жана эмгек акы тѳлѳѳ шарттарын бекитγγ жѳнγндѳ» токтомуна тѳмѳнкγдѳй толуктоолор киргизилсин:

-1-пункт тѳмѳнкγдѳй мазмундагы тѳртγнчγ абзац менен толукталсын:

«- Тарых жана маданият жылын даярдоо жана ѳткѳрγγ боюнча мамлекеттик дирекциянын тейлѳѳчγ персоналынын кызматтык маяналарынын ѳлчѳмγ 3-тиркемеге ылайык.»;

- ушул токтомдун тиркемесине ылайык 3-тиркеме менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Тарых жана маданият жылын даярдоо жана ѳткѳрγγ боюнча мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына пайыздык кошумча акылардын ѳлчѳмγндѳ «ишканаларындагы» деген сезден кийин «маданият жана искусство уюмдарындагы» деген сѳздѳр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланганкγндѳн кийин кγчγнѳ кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

3-тиркеме

Тарых жана маданият жылын даярдоо жана ѳткѳрγγ боюнча мамлекеттик дирекциянын тейлѳѳчγ персоналынын кызматтык маяналарынын ѳлчѳмγ

 

№

Кызмат орундарынын аталышы

Кызматтык маяна (сом менен)

1

Кассир, иш кагаздарын жγргγзγγчγ

5500

2

Чарба башчысы

5400

3

Катчы

5300

4

Айдоочу

5300

5

Кызматтык жайларды тазалоочу

2500