ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 14 июня 2016 года № 311 «О ликвидации учреждения № 29 (колония-поселение № 29) Государственной службы исполнения наказаний при Правительстве Кыргызской Республики»

Редакцияот 14.06.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 14-июну № 311

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 29 мекемесин (№ 29 жатак-абак) жоюу жөнүндө

"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун" органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы "Маймак" станциясы дареги боюнча жайгашкан № 29 мекемеси (№ 29 жатак-абак) жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:

- түзөтүү мекемесинин персоналын ишке орноштурууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансы-материалдык баалуулуктарын өткөрүп берүүгө тиешелүү маселелерди чечсин;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мекемени жоюуга байланышкан тийиштүү иш-чараларды белгиленген тартипте жүргүзсүн жана жоюу комиссиясын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

С.Жээнбеков