ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 9 сентября 2016 года № 490 «О передаче объектов в муниципальную собственность мэрии города Джалал-Абад»

Редакцияот 09.09.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 9-сентябры № 490

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө

Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 12 жана 2016-жылдын 14-июлундагы № 5 токтомдорун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте аянты 33198,0 кв.м жер участогун жана андагы Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү, 8 дареги боюнча жайгашкан турак-жай эмес жайды жана Жалал-Абад шаары, З.Жамашов көчөсү дарегинде жайгашкан көп батирлүү үйдү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.

2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына сунушталсын:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу;

- өткөрүлүп берилүүчү объекттердин сакталышын жана максаттуу багыты боюнча колдонулушун, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланышын камсыздоо.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

 

С.Жээнбеков