ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 21 сентября 2016 года № 499 «О внесении изменений и дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики»О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики«от 18 марта 2016 года № 133»

Редакцияот 21.09.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 21-сентябры № 499

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясын өзгөртүп түзүүгө байланышкан уюштуруу маселелерин чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтун түзүү маселелери жөнүндө";

- преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтун түзүү менен байланышкан уюштуруу жана башка маселелерди чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 жана 2-2-пункттар менен толукталсын:

"2-1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясы Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо борборун Кыргыз билим берүү академиясынан бөлүп чыгаруу жана анын базасында мамлекеттик мекеме болгон "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтун" түзүү аркылуу өзгөртүп түзүлсүн.

2-2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги алты айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу-техникалык, укуктук жана башка маселелерди чечсин.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

С.Жээнбеков