ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от1 февраля 2016 года № 43 «Об утверждении Положения о порядке приема и распределения гуманитарной помощи в Кыргызской Республике»

Редакцияот 01.02.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2016-жылдын 1-февралы № 43

Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасына келип түшкөн гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү механизмдерин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуунун жана бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндөгү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 459 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 459 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 9-февралында N 11 жарыяланды

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев