ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 16 февраля 2016 года № 70 «О внесении изменений и дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики»Об утверждении Порядка пропуска транспортных средств по автомобильным дорогам общего пользования Кыргызской Республики и взимания сборов за взвешивание и измерение общей массы, осевых нагрузок, размеров и других линейных параметров транспортных средств и Порядка пропуска и взимания сборов за проезд транспортных средств со специальным и неделимым грузом по автомобильным дорогам общего пользования Кыргызской Республики«от 8 августа 2011 года № 454»

Редакцияот 16.02.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 16-февралы № 70

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо жана автомобилде жүк ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын периметри боюнча жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы салмак габарит контролдоо пункттарынын (СГКП) тизмесинде:

- 1-пунктунда:

расмий тилдеги тексттеги "Чимкент" деген сөз "Шымкент" деген сөз менен алмаштырылсын;

мамлекеттик тилдеги тексттеги "Чымкент" деген сөз "Шымкент" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 2 жана 6-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы салмак габарит контролдоо пункттарынын (СГКП) тизмесинде:

- 23-пунктундагы "Чимкент" деген сөз "Шымкент" деген сөз менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 25 жана 26-пункттар менен толукталсын:

"

25

ЭМ-01

Шымкент, Самарканд (Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара - Кара-Балта - Чалдыбар) аркылуу Алматы - Ташкент - Термез

Чүй облусу, Панфилов району

Бишкек - Ташкент а/ж 72 км

"Чалдыбар"

26

М-026

Кант - Кара суу (Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара)

Чүй облусу, Ысык-Ата району

Кант - Чүй көпүрөсү а/ж 10 км

"Ак-Тилек"

".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев