Постановление Правительства КР от 23 августа 2016 года № 455 «Об утверждении Соглашения о Методологии формирования индикативных (прогнозных) балансов газа, нефти и нефтепродуктов в рамках Евразийского экономического союза, подписанного 22 апреля 2016 года в городе Москва»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-августу № 455
2016-жылдын 22-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында газдын, мунайдын жана мунай продуктуларынын индикативдик (болжолдуу) баланстарын түзүү методологиясы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2016-жылдын 22-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында газдын, мунайдын жана мунай продуктуларынын индикативдик (болжолдуу) баланстарын түзүү методологиясы жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу Евразия экономикалык комиссиясына билдирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Жээнбеков |
Тиркеме
2016-жылдын 22-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында газдын, мунайдын жана мунай продуктуларынын индикативдик (болжолдуу) баланстарын түзүү методологиясы жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
(Кагаз түррүндөгүсү Юстиция министрлигинде)