ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 23 ноября 2016 года № 609 «О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики»Об утверждении Положения об экспериментальном проектировании и строительстве систем газоснабжения для пищеприготовления и поквартирного отопления жилых зданий высотой от 11 до 18 этажей и Положения о специальных технических условиях на проектирование и строительство систем газоснабжения для пищеприготовления и поквартирного отопления жилых зданий высотой от 11 до 18 этажей«от 2 июля 2015 года № 438»

Редакцияот 23.11.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 23-ноябры № 609

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июлундагы № 438 "Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобону жана Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоого жана курууга атайын техникалык шарттар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын газдаштыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июлундагы № 438 "Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобону жана Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоого жана курууга атайын техникалык шарттар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча "имараттарынын ар бир батирин" деген сөздөр "имараттарын" деген сөз менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө жободо:

аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча "имараттарынын ар бир батирин" деген сөздөр "имараттарын" деген сөз менен алмаштырылсын;

2-пунктундагы "ар бир батирди" деген сөздөр "өзүнчө турган, улап курулган жана чатырдагы отказандарын пайдалануу менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоого жана курууга атайын техникалык шарттар жөнүндө жободо:

аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча "имараттарынын ар бир батирин" деген сөздөр "имараттарын" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С. Жээнбеков