ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 25 ноября 2016 года № 624 «О признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики»О делегировании Министерству транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики полномочий Правительства Кыргызской Республики, определенных частью второй статьи 47 Воздушного кодекса Кыргызской Республики«от 27 ноября 2000 года № 698»

Редакцияот 25.11.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 25-ноябры № 624

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 698 "Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 47-статьясынын экинчи бөлүгүндө аныкталган укуктарын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине берүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Аба кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 698 "Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 47-статьясынын экинчи бөлүгүндө аныкталган укуктарын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С. Жээнбеков