ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 15 марта 2017 года № 157 «О Координационном совете по сотрудничеству с Европейским Союзом»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 15-марты № 157

Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 340,  2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

"Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Координациялык кеңешке көмөк көрсөтүшсүн, ошондой эле анын суроо-талабы боюнча зарыл болгон документтерди, маалыматтарды беришсин.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Координациялык кеңештин катчылыгы болуп аныкталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 токтому менен түзүлгөн Улуттук координациялык бюро Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун кызматташуусу боюнча бардык архивдик материалдарды жана кат алышууларды тиешелүү кабыл алуу-өткөрүү актысы боюнча өткөрүп берсин.

6. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

- 8-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 "Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө" токтомунда аныкталган, ошондой эле," деген сөздөр алып салынсын.

8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 "Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 "Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 645 токтому.

9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.

10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков

 

1-тиркеме

Европа союзу менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 340 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, Кеңештин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары(*), Кеңештин төрагасынын орун басары.

Кеңештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары(*);

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары(*);

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары(*);

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин орун басары(*);

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары(*);

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары(*);

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары(*);

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары(*);

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары(*);

Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары(*);

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары(**) - Улуттук координатор;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары(*);

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары (*);

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары(*);

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары(*);

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары(*) (макулдашуу боюнча).

Эскертүү:

(*) - эл аралык кызматташуу маселелерин тейлөөчү;

(**) - Кыргыз Республикасынын Европа союзу менен кызматташуу маселелерин тейлөөчү.