Бул мыйзам долбоорунун максаты жана милдети Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртуу жана жогорку технологиялар паркын (мындан ары – ЖТП) өнүктүрүү болуп саналат. ЖТПнын мөөнөтсүз режимин киргизүү сунушталууда, анткени режимди колдонуунун белгилүү мөөнөтүн белгилөө МКТ тармагын өнүктүрүү үчүн чектөөчү фактор болуп саналат. Бул жаңылык чет өлкөлүк МТ–компаниялары үчүн аларды биздин өлкөгө көчүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу үчүн кызыгууну да, жагымдуулукту да жогорулатат.
Ошондой эле чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун жана ыкчамдуулугун жогорулатуу максатында ЖТП Байкоочу кеңешине өз мүчөлөрүнүн ичинен өзүнүн төрагасын шайлоо укугун берүү сунушталат.…