Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
- Демилгечи
- Министрлер Кабинети
- Иштеп чыгуучу
- Государственное агентство по контролю за производством и оборотом этилового спирта, алкогольной продукции при Кабинете Министров Кыргызской Республики
- Талкуу мөөнөтү
- 26 октября 2023 г. — 25 ноября 2023 г.
- 01Талкуу26 окт 2023 г
- 02Сунуштарды кароо26 окт 2023 г
- 03Аяктады26 нояб 2023 г — 3 дек 2023 г
Талкуу жүрүшү
- Талкуу
- опубликован
- Сунуштарды кароо
- на обсуждении
- Аяктады
- рассматривается
- обсуждение закрыто
Сүрөттөмө жана максат
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" № 222 сандуу Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы "Этил спиртин, сактоо, сатуу жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" № 168 сандуу Мыйзамын жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомунун 8-пунктун аткаруу максатында, ошондой эле этил спиртин жана алкоголдук продукцияны ак ниет өндүрүүчүлөрдү колдоо, көмүскө бизнестен чыгаруу, мыйзамсыз өндүрүүчүлөргө жана спиртти, алкоголдук продукцияны мыйзамсыз жүгүртүү жана жасалма акциздик маркаларды жасоо менен алектенген адамдарга карата өз убагында бөгөт коюу жана чара көрүү үчүн иштелип чыккан.