Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях»
- Демилгечи
- Министрлер Кабинети
- Иштеп чыгуучу
- Министерство чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики
- Талкуу мөөнөтү
- 1 апреля 2026 г. — 16 апреля 2026 г.
- 01Талкуу1 апр 2026 г
- 02Сунуштарды кароо1 апр 2026 г
- 03Аяктады18 апр 2026 г — 25 апр 2026 г
Талкуу жүрүшү
- Талкуу
- опубликован
- Сунуштарды кароо
- на обсуждении
- Аяктады
- рассматривается
- обсуждение закрыто
Сүрөттөмө жана максат
“Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 27-февралындагы № 68 “2025–2030-жылдары Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгынын 1-пунктунун 6-пунктчасынын аткарылышын камсыз кылуу максатында даярдалды. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана аларды жоюу боюнча иш-чараларды талаптагыдай аткарбаган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылуу тапшырылган.Ошондой эле мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 601 токтому менен бекитилген өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча иш-чаралар планынын алкагында жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын административдик-укуктук камсыздоонун бирдиктүү жана натыйжалуу механизмин түзүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу болгон учурда, алар келип чыкканда жана жоюу процессинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттүү көрсөтмөлөрүн аткарбоо үчүн жоопкерчилик системасындагы аныкталган боштукту жоюу максатында иштелип чыкты.
Жогоруда көрсөтүлгөн тапшырмалардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-августундагы № 686 тескемеси менен 2025-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоо…