Редакцияот 31.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 31-майы № 315

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Жеке менчик турак уй куруу үчүн жер участогун алуу укугуна Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй жараны ээ болот:

- Бишкек жана Ош шаарларынын администрациялык-аймактык бирдигинин аймагында 3 жылдан кем эмес жашаган;

- ушул пункттун экинчи абзацында аталган администрациялык-аймактык бирдиктерден башка администрациялык-аймактык бирдиктердин аймагында 1 жылдан кем эмес жашаган;

- Кыргыз Республикасынын (бүткүл) аймагы боюнча мурда жеке менчик турак үй курууга берилген жер участогу жок;

- турак жай аянты белгиленген санитардык нормаларга жана талаптарга жооп бербеген жарандарды кошпогондо, менчик турак жайы (үйү, квартирасы) жок;

- акыркы 5 жылдын ичинде сатуу-сатып алуу, алмашуу, тартуулоо ж.б.у.с. бүтүмдөрдү түзүп, менчигинде турган турак жайды үчүнчү жактарга берүү менен өзүнүн турак жай шарттарын начарлатууга багытталган жарандык-укуктук иштерди жасабаган.

Ушул пункттун үчүнчү абзацында каралган талап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде жерлерди өздөштүрүү аркылуу, жаңыдан түзүлгөн калктуу конуштарга колдонулбайт.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков