Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-майы № 267
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 309 “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата “Ден соолук” улуттук программасы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын реформалоо боюнча иш-чараларды мындан ары ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 309 “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата “Ден соолук” улуттук программасы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышындагы, 1, 5 жана 6-пункттарындагы жана анын тиркемесиндеги бардык текст боюнча “2012-2016” деген цифралар “2012-2018” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2017-2018-жылдарга карата “Ден соолук” улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин”;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2018-жылдарга карата “Ден соолук” улуттук программасын ишке ашыруу боюнча жалпы координациялоо жана мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.”;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна республикалык бюджетте каралган каражаттардын, ошондой эле тиешелүү жылга карата милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын чегинде ишке ашырылсын.”
- 7-пункттагы “жана гуманитардык” деген сөздөр алып салынсын;
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата “Ден соолук” улуттук программасында:
аталышындагы жана бүткүл текст боюнча “2012-2016” деген цифралар “2012-2018” деген цифралар менен алмаштырылсын.
III главанын 2-таблицасынын “Программанын күтүлүүчү жыйынтыктары” деген графасында:
- 1-пункттагы “2016-жылы 10%га” деген цифралар жана сөз “2018-жылы 4%га” деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Катуу кармаган миокард инфарктынан өлүмгө учуроо көрсөткүчүн жыл сайын 1%га төмөндөтүү”;
- 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
III главанын 4-таблицасынын “Программанын күтүлүүчү жыйынтыктары” деген графасында:
1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Стационардагы эклампсия учурларын 2018-жылы 100000 төрөткө карата 72ге чейин азайтуу”;
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ириңдүү-септикалык кабылдоолордо гистероэктомия учурларынын санын 2018-жылы 100000 төрөткө карата 62,0 чейин азайтуу”;
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Төрөттөн кийинки кан кетүүлөрдө гистероэктомия учурларынын санын 2018-жылы 100000 төрөткө карата 500гө чейин азайтуу”;
5-пункттагы “2016-жылга . 10%га” деген сөздөр жана цифралар “2018-жылга . 35%га” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.
III главанын 4-таблицасынын “Ден соолук көрсөткүчтөрүнүн күтүлүүчү өзгөрүшү” деген графасындагы 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Эрте неонаталдык өлүмдөр деңгээлин 2018-жылга карата 10%га төмөндөтүү”;
III главанын 5-таблицасынын “Программанын күтүлүүчү жыйынтыктары” графасында:
- 1-пункттагы “2016-жылга 10-15%га” деген сөз жана цифралар “2018-жылга 5%га” деген сөз жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 3-пункттагы “Пневмонияда антибактериялык препараттарды алган” деген сөздөр “Пневмония диагнозу коюлгандан кийин дароо антибиотиктин биринчи дозасын алган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Эмдөөлөрдүн улуттук календарынын алкагында баштапкы вакциналык комплекс менен камтылган 96%дан кем эмес 2 жашка чейинки балдарды колдоо”.
III главанын 5-таблицасынын “Көрсөткүчтөрдүн күтүлгөн жакшыруусу” деген графасында:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2017-2018-жылдарда балдардын (5 жашка чейинки балдардын) өлүмгө учуроо көрсөткүчүн тирүү төрөлгөн 1000 балага карата 21,0 деңгээлинде кармоо.”;
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
III главанын 7-таблицасынын “Программанын күтүлүүчү жыйынтыктары” деген графасында:
- 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
III главанын 7-таблицасынын “Көрсөткүчтөрдүн күтүлүүчү оңолушу” деген графасында:
- 1-пункттагы “2016-жылга 100 миң калкка 8ден” деген цифралар жана сөздөр “2018-жылга 100 миң калкка 6дан” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
III главанын 9-таблицасынын “Программанын күтүлүүчү жыйынтыктары” деген графасында:
- 1-пункттагы “2016-жылга 80%” деген цифралар жана сөз “2018-жылга 60%” деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы “2016-жылга. 3%ына чейин ” деген цифралар жана сөз “2018-жылга . 3%ына чейин” деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |