Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-июну № 325
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө
Ден соолукту чыңдоочу этномаданий комплексин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 35 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 122 буйругун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айыл аймагынын № 576 контурунда жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун аянты 2,59 га болгон жер участогу (чөп чабынды) ден соолукту чыңдоочу этномаданий комплексин куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |