Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 329 токтому менен бекитилген |
Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүүнүн ТИПТҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелери (мындан ары - Типтүү эрежелер) Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүү маселелерин жөнгө салат.
2. Бош кызмат орунга дайындоонун шарттары жана тартиби
2. Административдик бош кызмат ордун ээлөөгө талапкер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек.
3. Административдик бош кызмат ордун ээлөөгө төмөнкүдөй адам талапкер боло албайт:
1) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо соттун айыптоо өкүмү менен ага кызматчы катары иштөөгө же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;
2) мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аппараты талапкер тарабынан берилген документтердеги маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү, анын ичинде соттуулугунун жоктугуна, жазык жоопкерчилигине тартылгандыгына, терс негиздер боюнча кызматтан бошотулган адамдардын реестринде болушуна атайын текшерүү уюштурууга укуктуу.
5. Талапкерде административдик бош кызмат ордун ээлөөгө коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык билимдердин жана көндүмдөрдүн бар экендигин аныктоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси аңгемелешүү өткөрөт.
Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө административдик бош кызмат ордун ээлөөгө талапкердин жеке жана кесиптик сапаттары жана анын болочок иши жөнүндө көз карашы, күтүүлөрү, мотивациясы аныкталат.
6. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси аны административдик бош кызмат ордуна дайындайт, ал белгиленген тартипте буйрук түрүндө таризделет:
республикалык маанидеги шаарлардын вице-мэрлери жана мэриялардын райондук администрация башчылары аталган шаарлардын статусу жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык;
облустук жана райондук маанидеги шаарлардын вице-мэрлери шаардык кеңештин макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте;
айыл башчысы тиешелүү айылдын тургундарынын жыйынын макулдугу менен.
3. Өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасы
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси төмөнкү административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) дайындайт:
1) республикалык маанидеги шаарлардын мэрлери:
- вице-мэрлерди;(*)
- райондук администрациялардын жетекчилерин;
2) облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлери:
- вице-мэрлерди;(*)
3) айыл өкмөттөрүнүн башчылары:
- айыл башчыларын.
Эскертүү:
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын вице-мэринин (жетекчисинин орун басарынын) кызмат орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын биринчи вице-мэринин (жетекчисинин биринчи орун басарынын) кызмат ордун камтыйт.