Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-июну № 339
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- "Даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топтору үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине киргизилүүчү түзөтүү коэффициенттери" деген 2-бөлүмүнүн 6 жана 7-пункттарында "Түзөтүү коэффициенти" графасындагы "4,00" жана "2,50" деген цифралар тиешелүү түрдө "5,80" жана "2,70" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |