Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июну № 343
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту айылынын аймагында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасынын дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексине автоунаа токтотуучу орундарды уюштуруу жана кирүүчү жолдорду куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 30-августундагы № 324 буйругун жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 17-августындагы № 69 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айыл аймагында жайгашкан, көп жылдык өсүмдүктөр өстүрүлгөн мамлекеттин менчигиндеги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасы тарабынан пайдаланылган 0,97 га (1650-контур) жер автоунаа токтотуучу орундарды уюштуруу жана кирүүчү жолдорду куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер ” категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |