Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-июну № 349
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүүнүн тартибинде:
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелген инженердик тармактарды муниципалдык менчикке өткөрүп берүүдө комиссиянын курамына мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, муниципалдык ишкананын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өкүлдөрү киргизилет. Мында комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин муниципалдык ишкананын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өкүлдөрү түзүшөт.
Комиссиянын төрагасы болуп комиссиянын чечимин кабыл алууда чечүүчү добуш укугуна ээ болгон, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өкүлү эсептелет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1-пункт. Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелген инженердик тармактарды 50 пайыздан ашык мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун жана/же адистештирилген уюмдардын менчигине өткөрүп берүүдө комиссиянын курамына мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана 50 пайыздан ашык мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун жана/же адистештирилген уюмдун өкүлдөрү киргизилет. Мында, комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин 50 пайыздан ашык мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун жана/же адистештирилген уюмдун өкүлдөрү түзүшөт.
Комиссиянын төрагасы болуп комиссиянын чечимин кабыл алууда чечүүчү добуш укугуна ээ болгон, 50 пайыздан ашык мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун жана/же адистештирилген уюмдун өкүлү эсептелет.";
- 7-пункттагы "инвентаризациялоо" деген сөз "кабыл алуу-өткөрүп берүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ