Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-сентябры № 613
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык менчигине автотранспорт каражаттарын өткөрүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык техникалык базасын чыңдоо боюнча, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирдикте муниципалдык менчикке төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте өткөрүп берсин:
- Нарын облусунун Нарын районундагы Орток айыл өкмөтүнө 2007-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 8868671, кузовунун № ХТА21214081872570 "ВАЗ-21214" маркасындагы автомашинаны;
- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айыл өкмөтүнө 2009-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 9572645, кузовунун № ХТА210740А2924529 "ВАЗ 21074" маркасындагы автомашинаны.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке белгиленген тартипте кабыл алуу;
- жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде автотранспорт каражаттарын күтүүнү камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдарда автотранспорт каражаттарын кайра каттоо.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |