Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 303 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-июну № 354
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-апрелиндеги № 215 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Чет өлкөлөрдүн кабарчыларына аккредиттөө картасын өз убагында берүү жөнүндө маселени кароону тездетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-апрелиндеги № 215 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттөө жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Улуттук Коопсуздук министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен, "Тышкы иштер министрлиги" деген сөздөр "Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет өлкөлүк кабарчыны туруктуу негизде аккредиттөө тууралуу чечим улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат. Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талаптары улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жазуу жүзүндөгү тийиштүү кайрылууну алган күндөн тартып 15 жумуш күнүнөн ашпаган убакытта каралат. Аккредиттелген чет өлкөлүк кабарчы тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан эки жылга чейинки колдонуу мөөнөтү менен туруктуу аккредиттөө жөнүндө күбөлүктү алат.";
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет өлкөлүк кабарчыны убактылуу аккредиттөө жөнүндө чечим улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.
Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк кабарчыны убактылуу аккредиттөөнү макулдашуу жөнүндө суроо-талаптары улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жазуу жүзүндөгү тиешелүү кайрылууну алган күндөн тартып 7 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө каралат. Чет өлкөлүк кабарчы Кыргыз Республикасына келгенден кийин тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ага 3 айга чейинки колдонуу мөөнөтү менен убактылуу аккредиттөө жөнүндө күбөлүк берилет, Өздөрүнүн редакцияларынын максаттуу тапшырмалары менен Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк кабарчылар, ошондой эле негизги туруктуу аккредиттелген кабарчы эмгек өргүүсүнө чыкса, ооруп калса, башка өлкөгө иш сапары менен кетсе, анын ордуна келген журналисттер тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында убактылуу аккредиттелген болушат.";
- 12-пунктунун экинчи абзацы "тууралуу чечим" деген сөздөрдөн кийин "ушул Жобонун 7 жана 8-пункттарында аталган тартипте улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Чет өлкөлүк кабарчылардын Кыргыз Республикасынын аймагында аккредиттелбестен, мыйзамсыз кесиптик ишин жүргүзгөн фактысы ачыкталса, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул маселени маңызы боюнча чечүү үчүн улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул тууралуу билдирет.";
- 15-пункту "аскердик атташе аппараттарынын" деген сөздөрдөн кийин ", чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |