Сравнение редакций…
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 362 токтомуна ылайык ушул жобо 2018-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 362 токтому менен бекитилген |
Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Ушул Убактылуу жобо баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишти лицензиялоонун тартибин жөнгө салат.
3. Лицензиар болуп баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.
4. Чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын аймагында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүн контролдоо боюнча лицензияларды таануу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте ишке ашырылат.
5. Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишти лицензиялоонун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдер, ошондой эле ушул убактылуу жобо түзөт.
6. Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишти жүргүзүүгө лицензия мөөнөтсүз жана ажыратылбас болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат.
2. Лицензиянын мазмуну жана формасы
7. Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишке лицензияны алуу жөнүндө арыз ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн формада жазуу жүзүндө берилет.
8. Кызыкдар жактардын талаптары боюнча лицензиат лицензиянын түп нускасын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн көрсөтүүгө милдеттүү.
Эгерде лицензиат дубликат алуу, лицензияны кайра тариздөө жөнүндө арызын берсе, лицензиянын көчүрмөсүн көрсөтүүгө жол берилет.
9. Лицензия лицензиар тарабынан ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз түрүндө же электрондук форматта таризделет.
3. Лицензиялык талаптар жана шарттар
10. Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишти лицензиясыз жүргүзүүгө тыюу салынат.
11. Лицензиаттар лицензияны алган учурдан баштап лицензиялана турган ишти жүргүзүүгө укуктуу болушат.
12. Юридикалык жана жеке жактарга берилүүчү лицензия, ар бир филиал жана (же) өкүлчүлүктөргө ушуга окшогон документ алууну талап кылбаган, андагы аталган иштердин түрү (түрлөрү) менен алектенүүгө укук берүүчү документ болуп саналат.
Иштин лицензиялана турган түрлөрүн жүргүзүү укугу лицензиаттын уюштуруу документтеринде көрсөтүлүүгө тийиш.
Лицензиат бир нече аймактык обочолонгон объекттерде ишин жүргүзгөн учурда, алар тууралуу маалыматтар лицензиянын текстинде көрсөтүлүшү керек.
13. Баңги каражаттарга, психикага таасир этүүчү заттарга жана прекурсорлорго уруксаты болгон кызмат адамдарына жана кызматкерлерге, ошондой эле ушул Убактылуу жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ишти жүргүзүү үчүн арналган имараттарга коюлган лицензиялык талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежеси аныктаган талаптарга ылайык келиши керек.
14. Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүүгө байланыштуу ишти жүргүзүүдө лицензиат төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Убактылуу жобонун 18-пунктунда каралган тартипте тиешелүү квалификацияга жана атайын билимге ээ болууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесинде каралган тартипте баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз максаттарда колдонууга жол бербөө үчүн бардык керектүү шарттарды түзүүгө.
15. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Убактылуу жободо башкасы каралбаса, чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары сыяктуу ошондой эле тартипте жана ошол эле шартта баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштеп чыгуу, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу жана бөлүштүрүү боюнча ишке лицензия алышат.
16. Бардык лицензиялар, анын ичинде башка өлкөлөрдөн алынган жана баңги каражаттардын, психикага таасир этүүчү заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таанылган алардын көчүрмөлөрү баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү уруксат берүүлөрдүн жана лицензиялардын реестрине киргизилет (мындан ары - реестр).
Реестрди баңги каражаттардын, психикага таасир этүүчү заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзөт жана жүргүзөт, ал лицензиардын сайтында "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүүчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык жайгаштырылууга тийиш.
Реестрди түзүү ага лицензиялар тууралуу маалыматтарды киргизүү, аны колдонуу мөөнөтүн токтотуу, кайра улантуу же жокко чыгаруу, ошондой эле реестрде камтылуучу маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана тиешелүү маалыматтарды алып салуу жолу менен ишке ашырылат.
Реестр лицензияны каттоо күнү боюнча хронологиялык тартипте жана ыйгарылган каттоо номери боюнча түзүлөт.
Реестрди сактоо жана жүргүзүү бөтөн адамдар үчүн жеткиликтүү болбогон жерлерде, маалыматты жоготпоону, бөгөттөөнү, уурдоону, модификациялоону камсыздоочу шарттарда ишке ашырылышы керек.
4. Лицензиялык жыйымдар, лицензиарлардын чыгымдары
17. Лицензияны берүүдө, кайра тариздөөдө же лицензиянын дубликатын берүүдө "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинде аныкталган тартипте бир жолку лицензиялык жыйым алынат.
18. Лицензиялоо боюнча функцияларды ишке ашырууга байланыштуу лицензиарлардын чыгымын каржылоо бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
5. Лицензияны алуу үчүн керек болгон документтер
19. Бул Убактылуу жобонун 1-пунктунда аталган баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишке лицензия алуу үчүн "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинде каралган документтерден тышкары төмөнкү документтер берилүүгө тийиш:
1) мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги юридикалык жактар, же мамлекеттик үлүшү басымдуулук кылган акционердик коомдор үчүн:
баңги каражаттарды жана психикага таасир этүүчү заттарды иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча лицензиаттар үчүн:
лицензиат мөөрү жана кол коюу менен күбөлөндүргөн көчүрмөлөрү:
- медициналык же фармацевтикалык ишке укугу жөнүндө адистин сертификатынын жана фармацевтикалык билими тууралуу дипломунун;
- фармацевтикалык, дарылоо-алдын алуучу же илимий ишти жүргүзүү укугу жөнүндө документтердин;
- ведомстволук коргоону уюштуруу тууралуу буйруктун же объектти ведомстводон тышкары коргоо жөнүндө келишимдин;
- баңги каражаттардын, психикага таасир этүүчү заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүү жана контролго алынган каражаттардын кыймылын эсепке алуу боюнча мыйзамдуу жүгүртүүнүн эрежелерин аткаруу иш милдетине кирген жооптуу адамдарды дайындоо тууралуу буйруктун;
прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча лицензиаттар үчүн:

прекурсорлорго жылдык муктаждыгы жөнүндө маалыматтар;
2) жеке менчиктеги юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн:

- наркологиялык мекеменин же Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин саламаттык сактоо уюмунун врач-наркологунун юридикалык же жеке жактын жетекчиси жана жооптуу адамдары баңгилик оорусу боюнча диспансердик каттоодо турбагандыгы жөнүндө маалымкаты;
- лицензиаттын мөөрү же колу коюлуп күбөлөндүрүлгөн төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрү:
медициналык же фармацевтикалык ишке укугу жөнүндө адистин сертификатынын жана фармацевтикалык билими тууралуу дипломунун;
медициналык ишке, дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүгө, даярдоого жана сатууга лицензияларынын;
ведомстволук коргоону уюштуруу тууралуу буйруктун же объектти ведомстводон тышкары коргоо жөнүндө келишимдин;
баңги каражаттардын, психикага таасир этүүчү заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүү жана контролго алынган каражаттардын кыймылын эсепке алуу боюнча мыйзамдуу жүгүртүүнүн эрежелерин аткаруу иш милдетине кирген жооптуу адамдарды дайындоо тууралуу буйруктун; идентификациялык салык номеринин көчүрмөсү (жеке ишкерлер үчүн);

- наркологиялык мекеменин же Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин саламаттык сактоо уюмунун врач-наркологунун юридикалык же жеке жактын жетекчиси жана жооптуу адамдары баңгилик оорусу боюнча диспансердик каттоодо турбагандыгы жөнүндө маалымкат;

баңги каражаттардын, психикага таасир этүүчү заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүү жана контролго алынган каражаттардын кыймылын эсепке алуу боюнча мыйзамдуу жүгүртүүнүн эрежелерин аткаруу иш милдетине кирген жооптуу адамдарды дайындоо тууралуу буйруктун;
өрткө каршы кызматтын өрткө каршы коопсуздуктун эрежелерин жана ченемдерин сактоо жана аткаруу шарттары тууралуу корутундусунун;
- санитардык-эпидемиологиялык кызматтын прекурсорлорду сактоо жайларынын санитардык ченемдерге жана талаптарга шайкештиги тууралуу корутундусунун;
- прекурсорлорго бир жылдык муктаждыгы тууралуу маалыматтар;
- идентификациялык салык номеринин көчүрмөсү (жеке ишкерлер үчүн).
6. Арызды кароо жана лицензияны же анын дубликатын берүү, лицензияларды кайра тариздөө
19. Лицензияларды алуу жөнүндө арыздарды кароо жана лицензияларды берүү "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинде каралган учурларда жана тартипте ишке ашырылат.
20. Лицензиялардын дубликатын берүү "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинде каралган учурларда жана тартипте ишке ашырылат.
21. Лицензияларды кайра тариздөө "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинде каралган учурларда жана тартипте ишке ашырылат.
7. Лицензиардын ыйгарым укуктары
22. Лицензиар төмөнкү ыйгарым укуктарын ишке ашырат:
1) "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Убактылуу жобого ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишти лицензиялоо;
2) лицензиялык контролдоо - лицензиялык талаптардын аткарылышын текшерүү боюнча иш;
3) лицензиянын күчүн токтотуу;
4) лицензиянын күчүн кайра улантуу;
5) лицензияны кайра тариздөө;
6) лицензиялардын реестрин түзүү жана жүргүзүү;
7) мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерге ылайык чет өлкөлүк лицензияларды таануу.
23. Лицензиарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, аткаруу бийлигинин башка органдарына лицензиялоо боюнча ыйгарым укукту өз алдынча берүүгө тыюу салынат.
24. Лицензиар өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензиялык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, алардын предмети болуп лицензиаттын лицензиялык талаптарды аткаруусун текшерүү, мурдагы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган бузууларды лицензиат жойгондугун текшерүү саналат;
2) лицензиялык контролдоону жүргүзүүдө келип чыккан маселелер боюнча керектүү болгон түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды жана маалымкаттарды лицензиаттан сурап алууга;
3) лицензиялык текшерүүнүн жыйынтыктарынын негизинде актыларды (протоколдорду) конкреттүү бузууларды көрсөтүү менен түзүүгө;
4) аныкталган бузууларды жоюу зарылдыгы тууралуу эскертүүгө, аларды жоюунун мөөнөтүн белгилөөгө;
5) лицензиянын күчүн токтотууга;
6) эгерде лицензиат лицензиянын күчүн токтотууга алып келген лицензиялык талаптардын бузулушун белгиленген мөөнөттө жок кылбаса, лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арызын берүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Убактылуу жободо каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
25. Лицензиат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Убактылуу жобого ылайык төмөнкүлөргө милдеттүү:
- лицензиар лицензиялык контролдоону жүргүзүү үчүн шарттарды камсыздоого, анын ичинде керектүү маалыматтарды жана документтерди берүүгө;
- иштин лицензиялана турган түрүнө лицензиялык талаптарды сактоого;
- өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүүгө.
8. Лицензиялык контролдоо
26. Лицензиар лицензияны алуу тууралуу арызынын негизинде юридикалык жана жеке жактардын лицензиялык талаптарга шайкештигин "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттө текшерет.
27. Лицензиялык талаптарга шайкештигин текшерүү актысы эки нускада түзүлөт жана лицензиялык текшерүүнү жүргүзгөн лицензиардын кызмат адамы, арыз ээси, лицензиат же алардын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлат.
Лицензиялык талаптарга шайкештигин текшерүү актысынын бир нускасы арыз ээсине, лицензиатка же алардын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол койдуруп, алар кол койгондон кийин үч иш күндүн ичинде берилет, же берүү тууралуу билдирүү заказдык почта аркылуу жиберилет.
Берүү тууралуу билдирме лицензиаттын ишинде сакталуучу лицензиялык талаптарга шайкештигин текшерүү актысынын экинчи нускасына тиркелет.
Лицензиялык талаптарга шайкештигин текшерүү аяктаган күндөн кийинки бир иш күнүнөн кеч эмес лицензиардын адистери лицензиялык текшерүүнүн жыйынтыктарын лицензиялык текшерүүнү эсепке алуу журналына киргизишет.
Лицензиялык талаптарга шайкештигин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча лицензияны берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат, ал лицензиардын тиешелүү актысы менен таризделет.
28. Документтерди каттоо жана кабыл алууга жооптуу лицензиардын кызмат адамы аларды каттоо күнү лицензиялык делосун түзөт. Ар бир арыз боюнча бир лицензиялык дело түзүлөт.
29. Лицензиялык дело өзүнө төмөнкү документтерди камтыйт:
- арызды жана ушул Убактылуу жобонун 18-пунктунда каралган ага тиркелүүчү документтерди;
- лицензиялык талаптарга шайкештигин текшерүү актысын;
- лицензиардын лицензияны берүү, таануу, лицензияны берүүдөн баш тартуу, кайра тариздөө, узартуу, токтотуу, кайра улантуу, ишин токтотуу, лицензияны сот тартибинде жокко чыгаруу тууралуу чечимин;
- лицензиянын көчүрмөсүн;
- жүргүзүлгөн лицензиялык текшерүүлөрдүн актыларын;
- аныкталган бузууларды жоюу зарылдыгы жөнүндө эскертүүлөрдүн көчүрмөсүн;
- лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арызынын көчүрмөсүн.
Лицензиялык дело баңги каражаттардын, психикага таасир этүүчү заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда лицензиат баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишин жүргүзгөн бут мезгил ичинде сакталууга тийиш.
Лицензиялар жокко чыгарылганда жана аларды колдонуу токтотулганда баңги каражаттардын, психикага таасир этүүчү заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивине тапшырылат жана үч жылдын ичинде сакталат.
30. Лицензиялык контролдоону лицензиар "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген лицензиялык талаптарды лицензиат аткарышын текшерүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежеси белгилеген тартипте жүргүзөт.
Лицензиялык контролдоонун жүрүшүндө лицензиялык талаптарды бузуу фактылары аныкталган учурларда лицензиардын кызмат адамдары бузулууларды жоюу тууралуу эскертүүнү эки нускада даярдайт.
Эскертүүнүн бир нускасы лицензиялык текшерүүнүн актысы менен чогуу лицензиатка же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол койдуруп, кол коюлган күндөн баштап үч жумуш күндүн ичинде берилет же заказдык почта аркылуу берилгендиги тууралуу билдирүү менен жиберилет. Эскертүүнүн берилгендиги тууралуу билдирүү лицензиаттын делосунда сакталып турган эскертүүнүн экинчи нускасына тиркелет.
9. Лицензиялоо тууралуу мыйзамды бузуу үчүн жоопкерчилик
31. Лицензиаттын кызыкчылыгын же укуктарын бузуу же лицензия берүүдөн негизсиз баш тартуудан улам лицензиат кетирген чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
32. Тиешелүү лицензиясыз же лицензиялык талаптарды жана шарттарды бузуу менен иш жүргүзгөндөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген административдик жана жазык жоопкерчилигине тартылат.
33. Лицензиялык тартип белгиленген ишти лицензиясыз жүргүзгөндөн алган киреше Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдын доосу боюнча бюджетке алынууга тийиш.
|
| Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
Форма
|
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти (дареги) |
Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишке лицензия алуу жөнүндө АРЫЗ
___________________________________________________________________________________________
(мекеменин - арыз ээсинин аталышы, юридикалык дареги, телефону, факсы, электрондук почтасы)
баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу,
өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу,
бөлүштүрүү боюнча ишке лицензия алуу ушул арызды карап чыгууну суранат:
1. Контролдонуучу заттардын түр(лөр)ү: ________________________________________________________
(көрсөтүлөт: баңги каражаттар, психикага таасир этүүчү заттар, прекурсорлор)
2. Иштин түр(лөр)ү: _________________________________________________________________________
(иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, чыгаруу,

башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу жана бөлүштүрүү)
Иш жүргүзүү жери: __________________________________________________________________________
(аталган иштин түрү иш жүзүндө жүргүзүлө турган дареги(тери)
Эл аралык жана улуттук контролдоонун алдында болгон заттарды мыйзамдуу максатта,
билдирилген керектөөлөрдүн чегинде колдонууга, алардын кыймылы тууралуу отчетту ар бир
квартал сайын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы
Дары-дармек жана медициналык техниканы камсыздоо департаментине белгиленген форма
боюнча берип турууга милдеттенебиз:

(мекеменин арыз ээсинин жетекчисинин кызмат орду, аты-жөнү, колу)
М.О. 20___-жылдын "___" ________________
|
| Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти
ЛИЦЕНЗИЯ
Лицензиялардын реестри боюнча каттоо номери __________________ 20___-жылдын "___" _____________________
Берилген __________________________________________________________________________________________
("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө"
___________________________________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык атуулдун аты-жөнү

же юридикалык жактын аталышы)
Лицензиаттын дареги ________________________________________________________________________________
(өлкөсү, району, калктуу пункту, көчөсү, үйү, батири, үй, иш телефону)
Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүгү ______________________________________________________
(серия, номери)
берилген

(берилген күнү, ким тарабынан берилген)
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери: ___________________________________________________________
Лицензиялана турган иштин түрү _______________________________________________________________________
("Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык иштин аталышы)
Лицензияны колдонуу мөөнөтү: мөөнөтсүз
Иштин лицензиялана турган түрү жүргүзүлүүчү жердин дареги ______________________________________________
Лицензия: ажыратылгыс болуп саналат
М.О. 20____-жылдын "____" _________________ № _______________________________________________________
Лицензия берген адамдын кызмат орду, колу
Бланктын сериясы ____________________
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ