Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июну № 387
Ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алуу эрежелери жана ипотекалык күрөөлүктү каттоо тартиби жөнүндө
Ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алуу жана мамлекеттик каттоо тартибин белгилөө максатында, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине, "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алуу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде:
- 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-параграфы менен толукталсын:
"§ 27-1. Ипотекалык күрөөлүктү каттоо
195-2. Турак жай кыймылсыз мүлкүнүн ээси ипотекалык күрөөлүктү түзгөн учурда каттоо үчүн ипотекалык күрөөлүк берилет, ал "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-2-беренесинде каралган шарттарды камтышы керек.
Эгерде ипотекалык күрөөлүк күрөө жөнүндө келишим менен чогуу каттоого берилген болсо, анда документтер бир гана арыздын негизинде кабыл алынат. Мында мамлекеттик каттоо тууралуу штамп күрөө жөнүндө келишимге да, ошондой эле ипотекалык күрөөлүккө да коюлат.
Күрөө тууралуу келишим колдонулган мезгилде өз алдынча түзүлгөн ипотекалык күрөөлүк мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июну № 387
Ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алуу эрежелери жана ипотекалык күрөөлүктү каттоо тартиби жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомунун редакциясына ылайык)
Ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алуу жана мамлекеттик каттоо тартибин белгилөө максатында, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине, "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алуу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |