Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июнундагы N 376 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданий, илимий жана техникалык кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Бишкек шаары, 2013-жылдын 14-февралы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтү, мындан аркы аталышы "Макулдашкан Тараптар":
маданий, илимий жана техникалык жактан кызматташуу эки тараптуу кызматташуунун маанилүү элементтеринин бири экендигин,
эки тараптын ортосундагы келе жаткан достук байланыштарды чыңдоодогу тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен,
маданий, илимий жана техникалык байланыштар аркылуу өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташууну кеңейтүүнү көздөп, ошондой эле 1995-жылдын 9-февралындагы Брюссель шаарында кол коюлган Европа Союзу менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы "Шериктештик жана Кызматташтык жөнүндөгү" Макулдашуунун 70-беренесинде баяндалган маданий кызматташтык боюнча көмөк көрсөтүү максатында төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене. Максаттары
Макулдашуунун максаты болуп Макулдашкан Тараптардын мамлекеттеринин илимий-изилдөө уюмдарынын жана институттарынын, жогорку окуу жайларынын, башка билим берүү мекемелердин жана уюмдардын, юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы кызматташтыкты жана анын өнүгүшүнө карата жагымдуу шарттарды түзүү боюнча өз ара пайдалуу жана балансташтырылган негизде байланыштарды кеңейтүү жана чыңдоо эсептелет.
2-берене. Кызматташуу тармактары
Макулдашкан Тараптар төмөндөгү тармактар боюнча кызматташууну камсыз кылышат: маданият жана искусство, кайрадан оңдоп калыбына келтирүү, кенч-мүлктөрдү сактоо жана коргоо, музейлер жана китепканалар, кайтаруу, документалдык жана архивдик мурастардын маанилүүлүгүн жана баалуулугун жогорулатуу, мектеп аралык, университеттик билим берүү жана университеттер аралык кызматташуу, туризм, мектептик билим берүү жөнүндөгү соңку жаңы маалыматтарды жана документацияларды алмашуулар. Макулдашкан тараптар маданий, илимий жана техникалык кызматташтыкты төмөндөгү иш чараларды жүзөгө ашыруу аркылуу өнүктүрүүнү камсыз кылышат: биргелешкен илим-изилдөө жана техникалык долбоорлорду ишке ашыруу максатында мүмкүн болгон приборлорду жана изилдөөгө керектүү материалдарды алмашуу; илимий-техникалык программаларды, долбоорлорду жана башка иш чараларды окумуштууларды, илимий жана техникалык кызматташтык маселелери боюнча изилдөөчүлөрдү жана техникалык адистерди жиберүүлөр; илимий мүнөздөгү семинарларды, симпозиумдарды жана башка жолугушууларды өткөрүү; илимий-техникалык маалыматтарды алмашуу; техникалык жана инновациялык кызматташтыкты кеңейтүү; Макулдашкан тараптар кабыл алган илимий-техникалык кызматташтыктын башка формалары.
3-берене. Университет жана изилдөө
Университеттик билим берүү тармагында Макулдашкан Тараптар университетте алган билимдерин жана тажрыйбаларын алмашууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт, бул иштер илимий жана техникалык тармакта семинарларды уюштуруу, окутуучуларды жана изилдөөчүлөрдү жиберүү, конференцияларды, университеттердин тиешелүү түзүмдөрүндө жана изилдөө лабораторияларында кесиптик билимдерин жогорулатуу курстарынан өткөрүү иштери аркылуу жүзөгө ашырышат. Макулдашкан тараптар жолугушуулардан кийин жарыяланган илимий докладдарды алмашууларды жүргүзүшөт.
Макулдашкан тараптар ошондой эле бир тараптын экинчи тараптын аймагында билимди жакшыртуу, өзүнүн тилин жайылтуу жана үйрөтүү демилгелерин колдошот. Бул максатта алар бири-биринин тилин жана адабиятын үйрөнүүнү Университеттердин жана Институттардын алдындагы кафедралардын жана окуутуучулардын санын көбөйтүү менен кеңейтишет.
Макулдашкан Тараптар Кыргызча-Италиянча жана Италиянча-Кыргызча сөздүктөрдү иштеп чыгып жарыялангандарды сыйлоолорду жүргүзүшөт.
Макулдашкан тараптар ылайыгы келген жогорку окуу жайларындагы музыкалык жана хореографиялык, көркөм жана дизайн сабактары боюнча студенттерди жана окутуучуларды жиберүүлөрдү, мында биргелешкен иштерди жүзөгө ашыруу үчүн көркөм продукцияларга тиешелүү макулдашууларды кабыл алуу аркылуу алардын ортосундагы кызматташууларды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
4-берене. Билим берүү
Тарбия жана мектептик билим берүү тармагында Макулдашкан Тараптар төмөндөгүлөрдү кеңейтүү максаттарында кызматташууну ишке ашырууга шарт түзүшөт:
а) эки өлкөнүн мектептик тутумундарында колдонулуучу окутуунун методикалары, дидактикалык материалдар жана программалар жаатында тажрыйба алмашуулар боюнча;
б) Окутуучуларды, адистерди, окуучуларды, ошондой эле методиканы жана дидактикалык материалдарды жакшыртуу максаттары бар, билим берүү жана квалификацияларды жогорулатууга байланышкан институттардын, уюмдардын жана мекемелердин ортосундагы алмашуулар боюнча.
Макулдашкан тараптар Университеттердин, жаштардын проблемалары менен иштеген тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү тематикалары бар тажрыйба алмашууларды максат кылган жергиликтүү ассоциациялардын, мекемелердин, уюмдардын ортолорундагы кызматташтыктардын пайда болуусуна көмөк көрсөтүшөт.
5-берене. Стипендиялар
Макулдашкан Тараптар макулдашуунун алкагында, өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде жана өзара кызматташуунун принциптеринин негизинде экинчи тараптын жарандарына университеттердин курстарынан (магистратуранын 1-жана 2-баскычтарын кошуп алганда), докторантурадан, италия тилин жана маданиятын үйрөнүү, италия тилин окутуу, ошондой эле окуу жайларынын алдындагы жогорку көркөм, музыкалык жана хореографиялык билим берүү боюнча курстардан өтүү үчүн стипендияларды төлөп беришет.
6-берене. Маданият жана искусство тармагындагы кызматташуу
Макулдашкан Тараптар экинчи тараптагы өлкөнүн фестивалдарында, спектаклдеринде, көргөзмөлөрүндө жана башка жолугушууларында катышуу максатында көркөм-сүрөт искусствосу, театр, адабият, архитектура жана декоративдик искусство сыяктуу тармактар менен байланышкан уюмдар жана институттар аралык түз байланыштарга жана кызматташтыктарга көмөк көрсөтүшөт. Алар ошондой эле маданиятын түрдүү тармактарынын өкүлдөрүн жиберүүлөрдү, көркөм-сүрөт искусствосу жана театрды кошуп алганда, билим жана тажрыйба алмашууларды жана көркөм фестивалдарды, дизайн фестивалдарын өткөрүүлөрдү ишке ашырат.
Макулдашкан экинчи тараптын эсселерин жана адабий чыгармаларын которууга жана жарыялоого, аларга сыйлык берүү жолдору менен дагы көмөк көрсөтүшөт.
Мындан сырткары, маданий баалуулуктарды сактоо жана реставрациялоо, маданий ландшафты коргоо жана башкаруу үчүн музейлер, архивдер жана китепканалардын ортолорундагы түздөн-түз кызматташууларга көмөк көрсөтүшөт; Маалыматтарды, жарыялоолорду жана тажрыйбаларды алмашуу жолу менен тиешелүү археологиялык жана маданий байлыктардын маанилүүлүгүн жогорулатууга жана сактоого багытталган симпозиумдарды, семинарларды өткөрүү, биргелешкен изилдөөлөрдү, казууларды, реставрацияларды жүргүзүү жана демилгелерди колдоо иштери аркылуу археологиялык жана маданий баалуулуктардын маанилүүлүгүн жогорулатууга багытталган иштерди жүзөгө ашырышат.
7-берене. Искусство чыгармаларын мыйзамсыз сатууларга каршы күрөшүү боюнча кызматташтык
Макулдашкан Тараптар искусство чыгармаларын, маданий баалуулуктарды, археологиялык табылгаларды, тарыхый жана көркөм мааниси бар документтерди, мыйзамсыз сатуулардын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, ошондой эле искусство чыгармаларын мыйзамсыз сатууларга байланышкан кылмыш иштери менен күрөш жүргүзүүгө карата тыгыз байланышта иш жүргүзүүгө багытталган маалыматтарды алмашып турууга көмөк көрсөтүшөт.
Макулдашкан Тараптар, маданий баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү жана алып чыгууга жана аларга менчиктик укукту бөлөк бирөөгө берүүнүн алдын алуу жана тыюу салууга багытталган Улуттук мыйзамдарга ылайык иш жүргүзүшөт.
8-берене. ММК, спорт жана жаштар саясаты тармактарындагы кызматташуу
Макулдашкан тараптар дене тарбия жана спорт боюнча эки жакты тең кызыктырган иш долбоорлорун инвестициялоого карата көмөк көрсөтүшөт. Тараптар дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча өткөрүлгөн семинарларга, курстарга, илимий конференцияларга катышкан адистерди окууга жиберүүлөрдү, сынактарды жана башка демилгелерди уюштуруулар аркылуу сыйлоолорду уюштурат. Эл аралык маанидеги тематикалар боюнча жаштар проблемалары менен алектенген уюмдар менен институттардын арасындагы кызматташтыкты өнүктүрүшөт.
Макулдашкан Тараптар мамлекеттик телерадиокомпаниялар арасындагы түздөн-түз байланыштарды калыптандырууларды колдойт.
9-берене. Илимий жана техникалык кызматташтык: иш чаралар жана багыттар
Макулдашкан Тараптар мамлекеттик жана менчик академиялык институттардын, илим изилдөө мекемелери жана илимий уюмдар ортосундагы кызматташтыктарга финансылык ресурстардын чегинде төмөндөгүлөр аркылуу көмөк көрсөтүшөт:
а) илимий жана изилдөө делегацияларынын визиттерин алмашуу;
б) илимий жана техникалык маалыматтарды алмашуу;
в) Эки жак тең кызыкдар болгон темалар боюнча биргелешкен илимий жана техникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
г) биргелешкен лабораторияларды түзүү;
д) өзара кызыкдар тармактар арасында семинарларды, мастер класстарды, конференцияларды жана көргөзмөлөрдү уюштуруу;
е) Тараптардын макулдашуусу мүмкүн боло турган кызматташтыктын башка формаларын ишке ашыруу;
ж) институционалдык конвенцияларды жана макулдашууларды кабыл алуу.
Бул макулдашууну практика жүзүндө ишке ашыруу максатында Макулдашкан Тараптар кызматташуунун атайын пландарына кол коюшат, аны менен макулдашуунун алкагында конкреттүү иш чаралар аныкталат жана макулдашууну ишке ашырууга керектелүүчү финансылык маселелер каралат.
Иш чараларды каржылоо тиешелүү мамлекеттик органдарды, ишмердүүлүк тармактары боюнча министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга карата бекитилген бюджети, ошондой эле демөөрчүлүк жардамдардын жана гранттардын эсебинен жүргүзүлөт.
10-берене. Координатор органдар
Макулдашууну ишке ашыруу боюнча жооптуу координатор органдары болуп Кыргыз Республикасынын маданият, билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу органдары жана Италия Республикасынын билим берүү министрлиги, университеттери жана илим изилдөө уюмдары эсептелет.
11-берене. Маалымат, технология трансферти жана интеллектуалдык менчик
Макулдашкан тараптар техникалык маалыматтарды алмашууга, ошондой эле техника трансфертине багытталган биргелешкен илимий иш чара кызматташтыктарына көмөк көрсөтүшөт.
Макулдашкан тараптар алардын ички мыйзамдарына жана алар катышкан эл аралык келишимдерге ылайык коргоо жана интеллектуалдык менчикти пайдалануу жаатындагы кызматташтыкты ишке ашырышат жана өнүктүрүшөт, ошондой эле Италиялык тарап бул тармакка тиешелүү Европа Союзунун мыйзамдарында каралган шарттардын алкагында иш алып барат.
12-берене. Биргелешкен комиссия
Бул Макулдашууну колдонуу максатында Макулдашкан Тараптар Биргелешкен комиссия түзүшөт, комиссиянын милдети болуп, көп жылдык Аткаруу Программасын түзүү, жана эки өлкөнүн ортосундагы практикалык жана приоритеттик багыттагы, тарбия, илимий жана техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү эсептелет.
Комиссия мезгил-мезгили менен программалардын абалына, демилгелерге жана келечегине баа берүү менен кызматташтыктын жакшы маанайда жана эң ыңгайлуу шарттарда жүзөгө ашырылышына көзөмөл жүргүзөт.
Комиссия кезек-кезеги менен эки өлкөнүн борборлорунда дипломатиялык каналдар менен макулдашкан күндөрдө чогулуштарды өткөрүп турушат.
13-берене. Ача пикирлер жана оңдоолор
Макулдашууну жүзөгө ашырууда жана талкуулоодо келип чыккан ача пикирлерди Макулдашкан Тараптар сүйлөшүү жолу менен чечишет.
Макулдашкан Тараптардын өз ара макулдуктары менен бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн жана алар макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептеле турган протокол менен сыпатталат.
14-берене. Күчүнө кирүүсү жана денонсация
Бул Макулдашуу чектелбеген мөөнөткө кол коюлуп, Макулдашкан тараптар анын күчүнө кирүүгө керектүү жол-жоболорду жүргүзүүнүн бүткөндүгү жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу акыркы билдирүүнү алган күндөн баштап күчүнө кирет.
Макулдашкан ар бир тарап бул Макулдашууну дипломатиялык жол аркылуу экинчи тарапка жазуу жүзүндө билдиргенден кийин денонсациялай алат. Ал учурда Макулдашуу алты айдан кийин ишин токтотот. Макулдашуунун ишинин токтотулушу анын жүзөгө ашырылып жаткан учурдагы келишимдердин жана макулдашуулардын аныктыгына, же алардын толук, же жарым-жартылай аткарылышына, эгерде Макулдашкан тараптар бөлөкчө чечимдерди кабыл алышпаса эч кандай таасир бербейт.
Бул Макулдашуу макулдашкан тараптардын алар катышкан башка эл аралык келишимдеринен келип чыккан алардын укуктарына жана милдеттерине кийлигишпейт.
Макулдашуу Бишкек шаарында, 2013-жылдын 14-февраль айында, эки нускада бардык тилдеги нускалары бирдей күчкө ээ болгон кыргыз, орус, италия жана англис тилдеринде жазылып кол коюлду. Макулдашуунун жоболорун талкуулоодо ача пикирлер келип чыкса англис тилиндеги нускасы колдонулат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Италия Республикасынын Өкмөтү үчүн |