Сравнение редакций…
1-тиркеме
Негизги жана/же орто жалпы, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоонун ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 844, 2020-жылдын 3-июнундагы № 289 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Негизги жана/же орто жалпы, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоонун тартиби (мындан ары - Тартип) негизги жана/же орто жалпы, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын (мындан ары - билим берүү уюму жана программа) билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан аккредитациялоо тартибин белгилейт.
2. Аккредитациялоонун негизги максаттары:
- билим берүүнүн сапатын камсыздоо;
- билим берүү уюмдарынын ишинин жана билим берүү программаларынын сапатына баа берүүнүн жыйынтыктары, ошондой эле билим берүү уюмдарында сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө коомчулукка маалымдоо;
- билим берүү уюмдарын өнүктүрүүгө жана билим берүү программаларын өркүндөтүүгө өбөлгөлөрдү түзүү.
3. Аккредитациялоо төмөнкү принциптерде ишке ашырылат:
- объективдүүлүк;
- аккредитациялоо эрежелеринин ачык-айкындуулугу;
- билим берүү уюмуна (программага) аккредитацияланган билим берүү уюму статусун (программалар) берүү мөөнөтүнүн чектелгендиги.
4. Аккредитациядан өтүү бардык билим берүү уюмдары үчүн бирдей шарттарда жана ушул Жободо аныкталган негиздерде ишке ашырылат.
5. Ыйгарым укуктуу органдын билим берүү уюмун аккредитациялоодон, анын ичинде атаандаштыкты чектөө же болбосо кайсы бир билим берүү уюмуна алардын менчигинин түрүнө, ведомстволук кызыкчылыгына же жайгашкан жерине жараша артыкчылык берүү максатында баш тартууга укугу жок.
6. Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Аккредитациялоого кеткен чыгымдар билим берүү уюмдарынын эсебинен төлөнөт.
Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдары аккредитациялоо боюнча чыгымдарды республикалык бюджеттин каражаттарынын жана/же алардын атайын эсептерине түшүүчү каражаттардын эсебинен төлөшөт.
2-глава. Аккредитациялоо тартиби
7. Аккредитациядан өтүү үчүн билим берүү уюмдары ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди тиркөө аркылуу аккредитациялоо жөнүндө арыз менен кайрылышат:
- өзүн-өзү баалоо боюнча отчетту;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоосу) жөнүндө документтин көчүрмөсүн;
- юридикалык жактын билим берүү ишин караган уставынын көчүрмөсүн;
- билим берүү ишине лицензиянын көчүрмөсүн (негизги жалпы жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашырышкан мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан тышкары);
- окуу пландарынын көчүрмөсүн;
- ишеним катты же билим берүү уюмунун атынан иш алып барууга ыйгарым укуктуу адамды ырастоочу башка документти;
- уюштуруучусу диний уюмдар болгон билим берүү уюмдары үчүн - диний уюмдун дин иштери боюнча мамлекеттик органдагы каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- берилген документтердин тизмесин.
Ушул пунктта аталган арыз жана документтер ыйгарым укуктуу органга кагаз жүзүндө жана электрондук форматта берилет.
Аккредитациядан өтүүгө арыз ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген графикке ылайык акыркы аккредитациялоонун жарактуу мөөнөтү аяктаганга чейин 3 ай мурда берилет.
Аккредитациялоо жөнүндө арыздын формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
Билим берүү уюмунун жетекчиси берилген документтердин аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
8. Аккредитациялоо жол-жобосу төмөнкү этаптардан турат:
- аккредитациялануучу билим берүү уюмунун өзүн-өзү баалоосу;
- аккредитациялануучу билим берүү уюмуна жана программаларга ыйгарым укуктуу органдын сыр баалоосу;
- ыйгарым укуктуу органдын аккредитациялоо жана аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечимди чыгаруусу.
9. Билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына карата коюлуучу минималдык талаптарга (мындан ары - минималдык талаптар) билим берүү уюмунун ишинин жана программанын шайкеш келишин, ошондой эле көрсөтүлүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын (мындан ары - мамстандарт) талаптарына шайкеш келүүсүн баалоо максатында өзүн-өзү баалайт.
Өзүн-өзүн баалоо билим берүү уюмунун жетекчиси түзгөн комиссия тарабынан аткарылат.
Өзүн-өзү баалоо объективдүү жана далилдүү болууга тийиш. Далил документтик маалыматтарга негизделиши керек.
Өзүн-өзү баалоо материалдарын билим берүү уюму ыйгарым укуктуу органга отчет түрүндө берет.
Өзүн-өзү баалоо боюнча комиссиянын иши жөнүндө типтүү жобо жана өзүн-өзү баалоо боюнча типтүү форма ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
Өзүн-өзү баалоо отчету жана ага тиркелген документтер ыйгарым укуктуу органдын жана аккредитациялануучу билим берүү уюмунун расмий сайтына (болсо) жайгаштырылат.
10. Ыйгарым укуктуу орган арыз жана ага тиркелген документтер келип түшкөн күндөн тартып 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана арыз жана документтер катталган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде тиркелген документтердин толук экендигин жана алардын туура таризделгендигин текшерет.
11. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкү чечимди кабыл алат:
- өзүн-өзү баалоо минималдык талаптарга шайкеш келбеген учурда арыз ээсине документтерди кайтаруу жөнүндө;
- өзүн-өзү баалоо минималдык талаптарга шайкеш келген учурда документтерди кароого алуу жөнүндө.
12. Арыз ээсине документтерди кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда ыйгарым укуктуу орган бул чечим кабыл алынгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде ага жазуу жүзүндө кабарлайт.
13. Документтерди кароого алуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда 5 жумуш күндүн ичинде аккредитациялануучу билим берүү уюмуна жана программага тышкы баалоо тууралуу буйрук чыгарылат.
Тышкы баалоонун максаты аккредитациялануучу билим берүү уюмунун иши боюнча чечимдерди жана окугандардын жана кызыктар тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен программаларды ишке ашыруу шарттарын объективдүү кабыл алуу болуп саналат.
14. Аккредитациялануучу билим берүү уюмун жана программаларды тышкы баалоо ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен түзүлгөн эксперттик комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан жүргүзүлөт.
Комиссиянын курамы, иштөө тартиби жана мөөнөтү, билим берүү уюмун жана программаларды аккредитациялоо жаатындагы эксперттерге коюлуучу квалификациялык талаптар, ошондой эле эксперттерди сертификациялоо жана аларды тышкы баалоого тартуу тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
Ыйгарым укуктуу органдын тышкы баалоо жөнүндө буйругунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт, анда Комиссиянын курамы аныкталат:
- аккредитациялануучу билим берүү уюмунун толук аталышы;
- эксперттердин фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо) жана ээлеген кызматы (Комиссиянын төрагасын аныктоо менен);
- тышкы баалоо башталган жана аяктаган даталар;
- ыйгарым укуктуу органга корутунду берилген дата.
Тышкы баалоо мөөнөтү 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш.
15. Аккредитациялануучу билим берүү уюмун тышкы баалоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- өзүн-өзү баалоо боюнча отчетту изилдөөнү жана талдоону;
- билим берүү уюму тарабынан сунушталган предметтерди жана тартиптерди эске алуу менен окуу планынын мазмунун талдоону;
- негизги жана/же орто жалпы билим берүү уюмдары жана программалары үчүн - тестирлөө аркылуу жүргүзүлгөн окуучулардын билиминин деңгээлин баалоону жана талдоону, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдары жана программалары үчүн анкеталоону;
- баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуусунун көрсөткүчүн талдоо;
- негизги жана/же орто жалпы билим берүү уюмдарынын жогорку окуу жайларында жана орто кесиптик окуу жайларында окууларын улантышкан бүтүрүүчүлөрүнүн санын талдоо;
- негизги жана/же орто жалпы билим берүү уюмдары үчүн - окугандардын билимдеринин жетишкендиктери боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн, олимпиядаларга, долбоордук конкурстарга жана изилдөөлөргө катышууларынын жыйынтыктарын талдоо;
- билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасын, кадрдык жана окуу-методикалык камсыздалышын баалоо;
- аккредитациялоонун жыйынтыктары боюнча чечим кабыл алуу үчүн Комиссиянын корутундусун даярдоо.
16. Тышкы баалоодо Комиссия аккредитациялануучу билим берүү уюму тарабынан ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылган документтерди жана материалдарды пайдаланат.
Өзүн-өзү баалоо боюнча отчеттогу маалыматтардын аныктыгына күмөн жаралган учурда Комиссия аккредитациялануучу билим берүү уюмунан өзүн-өзү баалоо боюнча отчеттогу документтик маалыматтарды текшерүү үчүн материалдарды сурайт.
17. Тестирлөө үчүн окуу предметтеринин жана тартиптердин тизмеси билим берүү уюмунун жана программалардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
Анкеталоо үчүн суроолордун тизмеси жана адамдардын чөйрөсү ыйгарым укуктуу орган тарабынан билим берүү уюмунун жана программалардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен аныкталат.
18. Жүргүзүлгөн тышкы баалоонун жыйынтыктары боюнча Комиссия 10 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга билим берүү уюмун жана программаны аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө сунуштары менен корутундуну берет. Корутундунун формасы жана анын мазмунуна талаптар ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
19. Комиссиянын корутундусу аны ыйгарым укуктуу орган алган күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органдын коллегиясынын короосуна киргизилет.
20. Комиссиянын корутундусунун негизинде ыйгарым укуктуу органдын коллегиясы төмөнкүлөр жөнүндө чечим кабыл алат:
- билим берүү уюмун жана программаны 5 жылдык мөөнөткө аккредитациялоо жөнүндө - минималдык талаптарга шайкеш келген шартта;
- минималдык талаптарга шайкеш келбегендик боюнча 2ге чейин факты болгондо, аныкталган шайкеш келбестиктерди жоюуну талап кылуу менен билим берүү уюмун жана программаны 1 жылдык мөөнөткө сын-пикирлер менен аккредитациялоо (шарттуу) жөнүндө;
- минималдык талаптарга шайкеш келбеген 2ден ашык факты болгон учурда билим берүү уюмун жана программаны аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө.
Сын-пикирлер менен аккредитациялоодогу (шарттуу) шайкеш келбестиктер жоюлганы ырасталган учурда аккредитациялоо мөөнөтү 5 жылга чейин узартылат (1 жылга аккредитациялоо мөөнөтү менен кошо алганда).
1 жылдык мөөнөткө аккредитациялоо жөнүндө чечим эки жолудан ашык кабыл алынбайт.
1 жылдык мөөнөткө аккредитациялоо жөнүндө чечим эки жолу кабыл алынгандан кийин билим берүү уюмунун уюштуруучусу ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча билим берүү уюмунун жетекчисинин ээлеген кызматына ылайык келишин мыйзамда белгиленген тартипте карайт.
Коллегиянын аккредитациялоо боюнча чечими ыйгарым укуктуу органдын буйругу түрүндө таризделет.
201. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими шарттарында же ал жеткис күчтүн жагдайлары жаралганда аккредитациялоо жөнүндө сертификат бербестен, мурдагы аккредитациялоонун колдонуу мөөнөтүн 1 жылга шарттуу узартуу жөнүндө чечим кабыл алууга жол берилет.
Мурдагы аккредитациялоонун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим билим берүү уюмунун арызынын негизинде ыйгарым укуктуу органдын коллегиясынын чечими менен кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Аккредитациялануучу билим берүү уюму аккредитациялоо жөнүндө арызын ыйгарым укуктуу органдын чечими кабыл алынганга чейин аны жүргүзүүнүн бардык этабында кайра сурап алууга укуктуу.
22. Билим берүү уюмдарын аккредитациялоонун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтында жарыяланат.
3-глава. Аккредитациянын жарактуулугун токтото туруу, калыбына келтирүү жана токтотуу
23. Ыйгарым укуктуу орган минималдык талаптарга шайкеш келбестиктер аныкталган күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде билим берүү уюмунун жана программанын аккредитациясынын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө чечимди кабыл алат жана аныкталган шайкеш келбестиктерди жоюу үчүн 3 айга чейинки мөөнөттү белгилейт.
24. Билим берүү уюму тарабынан аныкталган минималдык талаптарга шайкеш келбестиктер жоюлгандыгы жөнүндө кабарланган учурда ыйгарым укуктуу орган текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталган шайкеш келбестиктер жоюлган фактыны белгилеген актыга кол коюлган күндөн кийинки күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде аккредитациянын жарактуулугун калыбына келтирүү жөнүндө чечимди кабыл алат.
25. Эгерде билим берүү уюму белгиленген мөөнөттө аныкталган минималдык талаптарга шайкеш келбестиктерди жойбосо же аккредитациянын жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарынын талаптарын кайра бузса ыйгарым укуктуу орган билим берүү уюмунун жана программанын аккредитациясынын жарактуулугун токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
Билим берүү уюмунун жана программанын аккредитациясынын жарактуулугун токтотуу жөнүндө чечим аныкталган минималдык талаптарга шайкеш келбестиктер жоюлбаган жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарынын талаптарын кайра бузган фактыны белгилеген актыга кол коюлган күндөн кийинки күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
26. Аккредитациянын жарактуулугун токтото туруу, калыбына келтирүү жана токтотуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу органдын коллегиясынын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен таризделет.
Ыйгарым укуктуу орган аккредитациянын жарактуулугун токтото туруу, калыбына келтирүү жана токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде билим берүү уюмуна жазуу жүзүндө кабарлайт.
4-глава. Аккредитациялоо жөнүндө документтер
27. Ыйгарым укуктуу орган аккредитацияланган билим берүү уюмдарына аккредитациялоо жөнүндө сертификатын анын жарактуу мөөнөтүн көрсөтүү менен берет.
28. Билим берүү уюму юстиция органдарында кайра катталган учурда сертификаттын жарактуулугу сакталат жана жаңы юридикалык жакка кайра катталат.
29. Билим берүү уюмдарынын жана программалардын аккредитациялоо мөөнөтү аяктаган учурда, аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын жарактуулук мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.
30. Аккредитациялоо жөнүндө сертификат төмөнкү учурларда жарактуулугун токтотот:
- ал берилген мөөнөт аяктаганда;
- билим берүү уюму жоюлганда;
- билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- сертификат берилген тиешелүү билим берүү программасынын билим берүү уюму тарабынан ишке ашырылышы токтотулганда;
- билим берүү жаатындагы мыйзамдардын талаптары бузулганда.
31. Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын бланктарынын формалары аккредитацияланган программаларды көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
32. Аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын бланкы корголгон полиграфиялык продукция болуп эсептелет жана так отчеттук документ катары эсепке алынууга жана сакталууга тийиш.
33. Аккредитациялоо жөнүндө сертификат жоголгон же бузулган учурда билим берүү уюмунун арызы боюнча аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын дубликаты берилет. Аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын дубликатын берүү тууралуу ыйгарым укуктуу органдын чечими арыз катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат. Аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын дубликаты бир нускада "Дубликат" деген белги менен таризделет. Аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын дубликатынын көчүрмөсү ыйгарым укуктуу органда билим берүү уюмунун аккредитациялык делосунда сакталат.
34. Аккредитациялоо жөнүндө арыз жана ага тиркелген документтер, ыйгарым укуктуу органдын аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө, аккредитациялоо жөнүндө сертификатты кайра тариздөө жөнүндө чечимдери, аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын тиркемелери менен көчүрмөсү, аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын дубликатын берүү жөнүндө жана ага тиркелген документтер, текшерүү менен байланышкан документтер уюмдун аккредитациялык делосун түзөт жана ыйгарым укуктуу органда сакталууга тийиш.
35. Суроо-талап боюнча аккредитациялык делонун көчүрмөсү мыйзамдарда белгиленген тартипте электрондук жана кагаз жүзүндө түздөн-түз арыз ээсине берилет.
36. Ыйгарым укуктуу орган аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын жана программалардын реестрин электрондук түрдө жүргүзөт, аларды өзүнүн веб-сайтына жайгаштырат, жылына жок дегенде бир жолу жаңылап турат.
37. Аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын жана программалардын реестри чечим кабыл алынган жана каттоо номери ыйгарылган датаны көрсөтүү менен хронологиялык тартипте түзүлөт.
38. Реестрде төмөнкү маалыматтар камтылат:
1) аккредитациялоо жөнүндө сертификатты алган билим берүү уюмунун толук аталышы, жайгашкан жери;
2) уюмдун юридикалык жак катары мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүгүндөгү маалыматтар;
3) аккредитациялоо жөнүндө сертификатты алган уюмдун - салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
4) аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган дата;
5) аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын реквизиттери;
6) аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын жарактуулугу аяктаган мөөнөт;
7) аккредитациялоо жөнүндө сертификатты кайра тариздөөнүн негизи жана датасы;
8) аккредитацияланган билим берүү программаларынын тизмеси;
9) аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын жарактуулугун токтото туруунун негизи жана датасы;
10) аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын жарактуулугун калыбына келтирүүнүн негизи жана датасы;
11) аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын жарактуулугун токтотуунун негизи жана датасы.
39. Реестрге маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп ыйгарым укуктуу органдын буйругу саналат.
40. Аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын реестри жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органда сакталат.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 189 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ