Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 55 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июну № 383
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Аңчылык ресурстарын жана алар жашаган чөйрөнү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу, Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин өркүндөтүү максатында, "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине жана "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелеринде:
1-главада:
- биринчи абзацындагы "1." деген цифра алып салынсын;
- расмий тилдеги текстинин он биринчи абзацындагы "нормативы" деген сөз "нормы" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи-он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"олжолоонун (алып коюунун) квотасы - аңчылыкты пайдалануучулардын өтүнмөлөрү боюнча конкреттүү аңчылык жерлеринин аймагында (мергенчилик чарбасы, аңчылык жерлеринин участогу) аңчылык ресурстарын пайдалануунун белгилүү мөөнөтүнө жана түрүнө бөлүнүүчү лимиттин бир бөлүгү;
аңчылыктын олжосу - аңчылыктын продуктусу (олжолонгон жапайы жаныбарлар жана алардын дериваттары);
чет өлкөлүк аңчы - жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу үчүн Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жаран.";
7-пунктунда:
- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- туяктуу жаныбарларга (эликтен башкасы) - өтүп жаткан жылдын августунун экинчи ишембисинен тартып декабрынын биринчи жекшембисине чейин;";
- бешинчи абзацындагы "биринчи" деген сөз "экинчи" деген сөз менен алмаштырылсын;
- алтынчы абзацындагы "биринчи" деген сөз "экинчи" деген сөз менен алмаштырылсын;
- жетинчи жана сегизинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- казга (тоо казынан башкасы), өрдөккө, кашкалдакка, вальдшнепке, кашкулакка - өтүп жаткан жылдын сентябрынын экинчи ишембисинен декабрынын үчүнчү жекшембисине чейин;
- кекиликке, коёнго, териси баалуу жаныбарларга (түлкү, чоң арыс чычкан, арыс чычкан, тыйын чычкан, талаа ак күсөнү жана баалуу тери чийки затын алуу максатында олжолонуучу башка жаныбарлар), сары чычкандан, суурдан жана ондатрадан башкасы - өтүп жаткан жылдын октябрынын биринчи ишембисинен тартып кийинки жылдын январынын акыркы жекшембисине чейин;";
- төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- уларга - өтүп жаткан жылдын сентябрынын экинчи ишембисинен декабрынын биринчи жекшембисине чейин;
- эркек өрдөктөргө - март айындагы 15 күндүн ичинде (өтүп жаткан жылдын аба ырайынын шарттарына жараша жыл сайын аңчылыкты ачууну жана жабууну эске алуу менен).
Колдо багылган же жарым-жартылай эркиндикте багылган, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жапайы жаныбарлар түрлөрүнө/түрчөлөрүнө аңчылык кылуу тиешелүү түрлөр/түрчөлөр үчүн ушул Эрежелерде белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.";
расмий тилдеги текстинин 12-пункту "уполномоченный государственный" деген сөздөрдөн кийин "орган" деген сөз менен толукталсын;
13-пунктунда:
- 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) найы сайлуу дүрмөттүү аңчылык куралын колдонуу менен (уларды копшогондо, канаттууларга аңчылык кирбейт) уларга майда калибрдеги (5.6 мм жана/же 222, 223) найы сайлуу дүрмөттүү куралды колдонуу менен;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5) пунктча менен толукталсын:
"5) ыргытуучу куралды (жаа, арбалет) колдонуу менен.";
расмий тилдеги текстинин 14-пунктундагы "майнов" деген сөз "майна" деген сөз менен алмаштырылсын";
17-пунктундагы:
- биринчи абзацындагы биринчи жана экинчи сүйлөмдөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Жапайы жаныбарларды олжолоого лимиттерди белгилөө жана аңчылыкты пайдалануучуларга квоталарды бөлүү маселелерин чечүү, ошондой эле аларды пайдалануунун натыйжаларына баа берүү атайын уруксат берүүчү комиссия тарабынан жүргүзүлөт, аны түзүүнү жана ишинин регламентин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт. Атайын уруксат берүүчү комиссия (мындан ары - комиссия) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эки өкүлүнөн, илимий мекемелердин, аңчылыкты пайдалануучулардын ассоциациясынын, экологиялык өкмөттүк эмес уюмдардын бирден өкүлүнөн турган беш адамдан кем эмес санында (негизги курам) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен 3 жылдык мөөнөткө түзүлөт.";
31-пунктунда:
- биринчи абзацындагы "аңчылык укугуна" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзацы "мамлекеттик алым" деген сөздөрдөн кийин "өтүп жаткан жылга" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 31-1-пункт менен толукталсын:
"31-1. Бир жылдан ашык иштеп жаткан жана жыл бою егердик кайтаруу менен камсыз кылынган мергенчилик чарбаларында гана аңчылыкты пайдалануучулар үчүн аңчылык кылууга жол берет.
Чет өлкөлүк аңчылар (чет өлкөлүк аңчыларга теңдештирилген) үчүн аңчылык турлары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (анын аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү маселелерди тейлеген ведомстволук бөлүмүнүн) кызмат адамынын милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт. Турдун жыйынтыгы боюнча аңчылык олжого аңчылык протоколдору жана олжо кагаздары толтурулат.";
32-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32. Жапайы жаныбарларды олжолоого жолдомолорунун жана атып алуу карточкаларынын, аңчылык протоколдорунун, олжо кагаздарынын жана Кыргыз Республикасына ташып киргизүүгө/чыгарууга керектелүүчү документтеринин бланктарын аңчылыкты пайдалануучу белгиленген тартипте алардын формаларын жана берүү тартибин белгилеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алат.";
33-пунктунда:
- биринчи сүйлөмдөгү "аймагында бул иш-чаралар жүргүзүлүп жаткан аңчылыкты пайдалануучу менен макулдашуу жана/же анын өтүнүчү боюнча" деген сөздөр "аймагында бул иш-чараларды жүргүзүү пландаштырылып жаткан аңчылыкты пайдалануучу аркылуу гана" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын түрлөрүнүн/түрчөлөрүнүн дериваттарын жаратылыш чөйрөсүндө чогултуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана илимий органдардын кызматкерлери тарабынан гана жүргүзүлөт.
Түрлөрдүн-түрчөлөрдүн дериваттарын чогултуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын чечими боюнча гана жүргүзүлөт.";
38-пунктундагы экинчи сүйлөм алып салынсын;
39-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"39. Алгыр жырткыч куштарды кармап алуу жана аларды колдо багуу Кыргыз Республикасынын тиешелүү укуктук ченемдик актылары менен жөнгө салынат.";
40-43-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
45-пунктунун биринчи сүйлөмү "көрсөтүү менен" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
49-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү "мылтыктын" деген сөз "куралдын" деген сөз менен алмаштырылсын;
51-пунктундагы "огу чыгарылган" деген сөздөр "огу алып салынган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелеринин 1-тиркемесинде:
- биринчи абзацындагы "Кармап же атып алуу аркылуу олжолоого (жаратылыш чөйрөсүнөн алууга) белгиленген тартипте" деген сөздөр "Белгиленген тартипте кармап же атып алуу аркылуу олжолоого (жаратылыш чөйрөсүнөн алууга)" деген сөздөр менен жана "жаныбарлардын жана канаттуулардын" деген сөздөр "айбанаттардын жана канаттуулардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
таблицасында:
- экинчи графасындагы "Жаныбарлардын жана канаттуулардын тукуму" деген сөздөр "Тукум" деген сөз менен алмаштырылсын;
"Канаттуулар классы" деген бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи графа менен толукталсын:
"
Каздар | Гусь серый | Боз каз | Anser anser |
| Гусь хуменник | Түнкү казы | Anser fabalis |
";
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелеринин расмий тилдеги текстинин 2-тиркемесинин аталышындагы "Нормы" деген сөз "Нормативы" деген сөз менен алмаштырылсын;
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелеринин 3-тиркемесинде:
- тиркемесинин расмий тилдеги текстинин аталышындагы "), занесеных в Красную книгу" деген сөздөр ", занесеных в Красную книгу) деген сөздөр менен алмаштырылсын";
- "Канаттуулар классы" бөлүмү төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи графа менен толукталсын:
"
Каздар | Боз каз | 2 | 6 |
| Түнкү казы |
";
эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү:
түрлөрдүн/түрчөлөрдүн топторунда көрсөтүлгөн жапайы айбанаттарды жана канаттууларды олжолоо ченемдери ар бир түрлөр/түрчөлөр боюнча өз-өзүнчө эмес алардын жыйындысында (суммасында) белгиленген;
- жолдомого олжолоого уруксат берилген чектөө киргизилбеген жапайы жаныбарлардын түрлөр/түрчөлөрдүн аттары жана сандары көрсөтүлөт (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын белгиленген ченемдеринде);
- атып алуу карточкаларына аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан белгиленген чектөөгө (бөлүнгөн квота) жараша аныкталган чектөө киргизилген жаныбарлардын түрлөр/түрчөлөрдүн олжолоого уруксат берилген саны көрсөтүлөт;
- жапайы жаныбарларды олжолоонун күндүк ченемине берилген жолдомонун колдонуу мөөнөтү 2 күнгө чейин күчүндө болот, мезгилдик олжолоонун ченеми - учурдагы аңчылык мезгил үчүн;
- март айындагы эркек өрдөктөрдү олжолоонун күндүк ченеми 3 башты түзөт, ал эми марттагы бүткүл аңчылык мезгили үчүн олжолоонун ченеми 15 башты түзөт.".
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июлундагы № 458 "Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк мергенчилер үчүн жапайы жаныбарларга мергенчилик турларды өткөрүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-ноябрындагы № 802 "Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк мергенчилер үчүн жапайы жаныбарларга мергенчилик турларды өткөрүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июлундагы № 458 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк мергенчилер үчүн жапайы жаныбарларга мергенчилик турларды өткөрүүнүн эрежесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |