Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июну № 395
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Макеев Н.К., Асылбаева Г.К., Байбакпаев Э.Дж., Арапбаев А.А., Сурабалдиева Э.Ж., Толонов Д.Э., Султанов А.М., Зулпукаров Т.З., Субанбеков Б.Ж., Примов У.Б. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 395 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Макеев Н.К., Асылбаева Г.К., Байбакпаев Э.Дж., Арапбаев А.А., Сурабалдиева Э.Ж., Толонов Д.Э., Султанов А.М., Зулпукаров Т.З., Субанбеков Б.Ж., Примов У.Б. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунушталган мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгын (мындан ары - Адистештирилген күзөт кызматы) 2009-жылдын 1-январынан тартып пайдага салыкты, сатуудан алынган салыкты, кошумча нарк салыгын, мүлккө салыкты, жер салыгын төлөөдөн бошотуу каралган.
Адистештирилген күзөт кызматы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмү (Башкы башкармалыктын укугундагы) болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде "мекеме" катары катталган жана келишимдик негизде объекттерди жана мамлекеттик, жамааттык жана жарандардын жеке менчик мүлкүн, чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, чет элдик юридикалык жана жеке жактардын менчигин, ташылуучу жүктөрдү куралдуу кайтаруу укугуна ээ жана ага баш ийген адистештирилген күзөт бөлүмчөлөрүн жетектейт.
1996-жылдын 1-июлундагы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-беренесинин 29-пунктуна ылайык Адистештирилген күзөт кызматы коммерциялык эмес уюмдарга кирген жана төмөнкүдөй талаптарга жооп берген:
1) бул уюм коммерциялык эмес уюмдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган уюштуруу-укуктук формада катталган;
2) бул уюм өз ишинин негизги максаты катары пайда табууну көздөбөйт жана алынган пайданы анын мүчөлөрүнүн, уюштуруучуларынын жана кызмат адамдарынын ортосунда бөлүштүрбөйт.
Ошону менен бирге эле, 2008-жылдын 17-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-беренесинде "коммерциялык эмес уюм" деген түшүнүк жок жана тиешелүү түрдө Адистештирилген күзөт кызматынын иши ишкердик катары салык салынуучу субъекттин катарына кирет, бул салык органына салыктардын пайдага салыкты, сатуудан алынган салыкты, кошумча нарк салыгын, мүлккө салык сыяктуу түрлөрү боюнча салыктардын суммасын эсептөөгө мүмкүндүк болду.
Белгилей кетчү нерсе, 2017-жылдын 1-апрелине карата негизги салыктар боюнча салык карыздарынын суммасы 2009-2012-жылдар үчүн кийин эсептелген Адистештирилген күзөт кызматы боюнча финансылык санкциялар 227080694 сомду түзөт.
Адистештирилген күзөт кызматы 2009-2013-жылдары өз ишин Борбордук казыначылык системасынан тышкары чарбалык эсептөө принцибинде жүргүзгөнүн, ал эми 2013-жылдын 1-январынан тартып бюджеттик мекеме болуп, Борбордук казыначылык системасынан тейленерин белгилейбиз. Демек, Адистештирилген күзөт кызматы 2013-жылдын 1-январынан тартып салыктарды төлөөдөн бошотулган.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салык милдеттенмелери эсептелген, тактап айтканда 2009-2012-жылдар үчүн Мыйзамдын ошол мезгилге карата аракетин чектөө шарттарында гана бул Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.