Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-июну № 397
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 763 "Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Энергетикалык жабдуулардын ашыкча күч келүүдөн сакталышын камсыздоо максатында, ошондой эле электр энергиянын жетишсиздигине, генерациялоонун жана социалдык инфраструктура объекттерин жана башка коомдук маанилүү объекттерди күзгү-кышкы мезгилде камсыздоо резервинин жоктугуна байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 763 "Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
4.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"2020-жылдын акырына чейинки мөөнөттө жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн электр энергиясын убактылуу пайдаланууну эске алуу менен Бишкек шаары, Жал кичи району, 30-43 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз-Түрк "Манас" университетине мурда берилген кубаттуулуктардын чегинде, отундун альтернативдүү түрүнө өткөнгө чейин электр менен камсыз кылууга техникалык шарттарды берүү жөнүндө маселени карасын;".
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ