Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 72 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 402 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Ысык-Көл кемечилиги" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Ысык-Көл кемечилиги" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) суу транспорту менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу жана камсыздоо, кемелерди оңдоо жана транспорттук кызматтарды көрсөтүү максатында түзүлгөн.
2. Ишкананы уюштуруучу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эсептелет.
3. Ишкананын ишин жалпы башкарууну жана координациялоону Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги ишке ашырат.
4. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда негизделген, мамлекеттик ишкана формасында түзүлгөн өз алдынча чарбакер субъект болуп эсептелет. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
5. Ишкананын расмий толук аталышы:
- кыргыз тилинде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Ысык-Көл кемечилиги" мамлекеттик ишканасы";
- орус тилинде: "Государственное предприятие "Иссык-Кульское пароходство" при Министерстве транспорта и дорог Кыргызской Республики".
6. Ишкана юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча баланска ээ, Кыргыз Республикасынын банктарында жана чет өлкөлүк банктарда белгиленген тартипте алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу. Мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы менен мөөрү, штампы, бланктары жана башка атрибутикалары бар.
7. Ишкана толук чарбалык эсепте жана өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштейт.
8. Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга, чарбалык коомдордун жана коомдоштуктардын уставдык капиталына салым (пай) катары коюуга же башка ыкма менен ушул мүлктөрдү тескөөгө укугу жок.
9. Ишкананын мүлкү бөлүнгүс болуп саналат жана салымдарга (үлүш, пай), анын ичинде Ишкананын кызматкерлерине бөлүнбөшү керек.
10. Ишкананын юридикалык дареги: 721900, Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Озерная көчөсү, 221.
2. Максаттары жана милдеттери
11. Ишкананын ишинин максаты суу транспорту менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууну камсыздоо боюнча коммерциялык иш жүргүзүү, кемелерди оңдоо жана транспорттук кызматтарды көрсөтүү болуп саналат.
12. Негизги милдеттери региондун калкына көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтарды уюштуруу жана өнүктүрүү болуп саналат.
3. Укуктары, функциялары жана жоопкерчилиги
13. Ишкана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнчө мүлк күтүүгө, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга;
- соттордо доочу жана жоопкер болууга;
- уставдык иштерди аткарууда өздөрү көрсөткөн кызматтарга бааларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныктоого;
- юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү накталай жана накталай эмес формаларда жүргүзүүгө;
- уюштуруу-укуктук ченемдерине карабастан юридикалык жактар менен, ошондой эле өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын ишинин максаттарына жана милдеттерине ылайык жарандар менен өз алдынча келишимдерди түзүүгө;
- түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде тараптардын макулдашуусу боюнча акы төлөө менен Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн адистерди тартууга;
- Ишкананын тапшырмаларын аткаруучу адамдарды командировкага, анын ичинде эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн чет өлкөгө жиберүүгө;
- убактылуу эмгек келишиминин, шашылыш эмгек келишиминин, подряддык келишимдин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканага жумуштарды аткаруу үчүн жарандарды тартууга;
- өндүрүштүк, соода-сатык иши, товарларды экспорттоо жана импорттоо менен иштөөгө;
- коммерциялык негизде алынган кредиттик каражаттарды улуттук валютада, ошондой эле чет элдик валютада пайдаланууга;
- жарнама берүүчү катары чыгууга;
- көрсөткөн кызматтары үчүн сыйлык алууга.
14. Ишкананын функциялары:
- суу транспорту менен көрсөтүлгөн кызматтарды уюштуруу жана өнүктүрүү;
- жүктөп-түшүрүүдө жана жүктөрдүн ар кандай түрлөрүн алып келүүдө суу, автомобиль жана темир жол транспортунун түрлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
- кемелерди, баржаларды жана жээктеги курулмаларды оңдоо боюнча иштерди уюштуруу;
- курорттук сезон учурунда туристтик жана сейилдөө кызматтарын уюштуруу;
- функционалдык милдеттерин чечүү үчүн инвестицияларды тартуу.
15. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кызматкерлер үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана кызматкерлердин ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык милдеттерди аткарууга;
- Ишкананын финансылык абалына карабастан түзүлгөн келишимдерге жана контракттарга ылайык Ишкананын кызматкерлери менен толук эсептешүүгө;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
- Ишкананын отчетторун салык органдарына өз убагында берүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартипте жана өлчөмдө салыктарды төлөөгө.
16. Ишкананын кызмат адамдары төмөнкүдөй эреже бузуулар үчүн жоопкерчилик тартышат:
- келишимдик, кредиттик, алыш-бериш жана салыктык милдеттенмелерди;
- өндүрүш коопсуздугунун эрежелерин;
- жаратылышты пайдалануунун белгиленген режимин.
4. Ишкананы башкаруу
17. Ишкананын ишин башкы директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
18. Ишкананын башкы директору кызматка эки жылдык мөөнөткө дайындалат.
19. Ишкананын башкы директору ишеним катсыз Ишкананын атынан иштейт, келишимдерди, анын ичинде эмгек келишимдерин түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, каражаттарды тескөө укугун пайдаланат, белгиленген тартипте Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет.
20. Ишкананын башкы инженерин жана башкы бухгалтерин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги менен макулдашуу боюнча Ишкананын башкы директору кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
21. Ишкананын түзүмүн жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги менен макулдашуу боюнча Ишкананын башкы директору бекитет.
22. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамынын ченемдери менен жөнгө салынат.
5. Эсепке алуу, пландоо жана отчет берүү
23. Ишкана өзүнүн ишин өз алдынча иштеп чыккан иш пландарынын негизинде ишке ашырат. Ишкананын келечектеги, жылдык жана учурдагы иштеринин планын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги менен макулдашуу боюнча Ишкананын башкы директору бекитет.
24. Ишкананын иш планынын негизин Ишкананын жеткирип берүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилесин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
25. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди аныктоодо, Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген, ар кандай башка чарбалык мамилелердин шарттарын тандоодо эркин иш жүргүзөт.
26. Ишкана өз ишинин натыйжаларын бухгалтердик эсепке алууну ишке ашырат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчет жүргүзөт.
27. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык алуу жана экономикалык маалыматты жыйноо жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
6. Мүлк жана финансы
28. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана өзүнө бекитилген мүлккө менчик укугуна ээ эмес.
29. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана айлантуудагы каражаттар, ошондой эле наркы ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
30. Ишкананын финансы каражаттарын түзүүнүн булактары:
- чарбалык иш жүргүзүүнүн натыйжасында алынган кирешелер;
- банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- уюмдардын, ишканалардын жана жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чарба жүргүзүү укугунда берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануудан алынган пайда.
31. Ишкананын ишинен алынган бардык каражаттар мыйзамга ылайык мамлекетке белгиленген чегерүүлөрдөн кийин Ишкананын тескөөсүнө түшөт.
7. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
32. Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча ишке ашырылат.
33. Жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
34. Ишкана жоюлган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.