Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-июну № 403
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айыл аймагында жайгашкап жер участогун которуу жана «Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын «ЛЕГПРОМ» ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесине убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 677 токтомунун редакциясына ылайык)
Текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн технополисин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5 жана 20-беренелерине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 28-мартындагы № ТС-05-277 корутундусун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айыл аймагында жайгашкан № 227-220 контурларындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 40,74 га кайрак айдоо жери Текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн технополисин куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 677 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 677 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы:
- төмөнкүлөрдү камсыздасын:
жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1 - пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
ушул токтомдун 1 - пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;
- (Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 677 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 677 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, өнөр жай отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |