КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-июну № 404
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинин эскертүүсүнүн 3-пунктунда:
биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
экинчи абзацтагы “К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын” деген сөздөр “Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын жана академик Тургунбай Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтомдун 12-тиркемесинин эскертүүсүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 1,8 өлчөмдө; Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын жана академик Тургунбай Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясынын жетекчилерине – 2,4 өлчөмдө белгиленет.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
“Даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топтору үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине киргизилүүчү түзөтүү коэффициенттери” деген 2-бөлүмдөгү таблицанын 61-пунктундагы “3,20” деген цифралар “3,85” деген цифралар менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарын аткарууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине тийиштүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |