Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-июну № 404
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
“Даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топтору үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине киргизилүүчү түзөтүү коэффициенттери” деген 2-бөлүмдөгү таблицанын 61-пунктундагы “3,20” деген цифралар “3,85” деген цифралар менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарын аткарууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине тийиштүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |