Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-июну № 413
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруунун алкагында. "'Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 "'Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-ноябрындагы № 624 "Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 "Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
2. Ушул токтом расмий жарыялануута тийиш жана 2017-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |