Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-июлу № 416
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №131 токтомунун редакциясына ылайык)
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 18-октябрындагы № 101 "Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына жана Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечимин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-январындагы № 36 "Маданий баалуулук объекттерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн жана анын чегинен чыгарып кетүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Маданий баалуулук объекттерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн жана анын чегинен чыгарып кетүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Маданий баалуулуктарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүдө жана аларды анын чегинен чыгарып кетүүдө салыктар менен алымдар салынбайт жана ал ушул Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлөт, буга Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин товардык номенклатурасынын "Искусство чыгармалары, коллекциялоо предметтери жана антиквариат" 97-товардык топко киргизилбеген предметтер кирбейт.".
2.КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №131 токтомуна йлайык күчүн жоготту
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |