Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-июлу № 417
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакай-Ата районунун аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө
"Семетей-Куру-Тегерек" ЖВЛ-110 кВ электр өткөрүүчү жогорку вольттуу линиясын тартуу үчүн электр таянычтарын орнотуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5 жана 20-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 21-сентябрындагы № Б-40/1 буйругун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 11-январындагы № 05-17-16/58 корутундусун эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакай-Ата районунун аймагында жайгашкан Бакай-Ата токой чарбасынын 30, 31, 32 жана 35-кварталдарындагы аянты 675 кв. метр (0,0675 га) жер "Семетей-Куру-Тегерек" ЖВЛ-110 кВ электр өткөрүүчү жогорку вольттуу линиясын тартуу үчүн "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Семетей-Куру-Тегерек" ЖВЛ-110 кВ электр өткөрүүчү жогорку вольттуу линиясын тартуу үчүн "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коомуна ижара келишиминин шарттарында 30 жылдык мөөнөткө убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы:
- төмөнкүлөрдү камсыздасын:
жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коому менен ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогуна ижара келишимин түзсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |