Редакцияот 06.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 6-июлу № 427        

2015-жылдын 27-августунда Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Тажикстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын ортосундагы Укуктук жардам жана кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: 2015-жылдын 27-августунда Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Тажикстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын ортосундагы Укуктук жардам жана кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Тажикстан Республикасына билдирсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков