Сравнение редакций…
Долбоор
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-июлундагы № 424 токтому менен бекитилген |
2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ
1. Жалпы кырдаал
Өнүгүүнүн азыркы этабында мамлекеттер аралык мамилелер тутумундагы өлкөнүн ролу жана орду, экономиканын атаандаштыкка жөндөмү жана улуттук коопсуздугу көпчүлүк учурда өлкөнүн инновациялык өнүгүү деңгээлине байланыштуу болот. Ошондуктан Кыргыз Республикасында инновациялык тутумду, интеллектуалдык менчик (мындан ары - ИМ) рыногун түзүү өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарынын бири болуп саналат.
Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү негизине инновациялар, жаны технологиялар, ИМди өнүктүрүүгө басым жасалган "билим экономикасына" өтүштү. Акыркы жылдардын ичинде дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө ИДПнын өсүшүнүн 70%га чейинкиси жаңы технологияларды жана илим сыйымдуу өндүрүштү түзүү жана киргизүү аркылуу түзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын экономикалык потенциалы кыйла өнүккөн өлкөлөргө республикабыздын айрым финансылык жана технологиялык жактан көз карандылыгын белгилейт. Кыргыз Республикасынын маанилүү соода жана инвестициялык өнөктөштөрү болуп Россия, Кытай, Европа биримдиги, Америка Кошмо Штаттары, Түркия, Япония, Германия, Швейцария, Улуу Британия жана башка өлкөлөр эсептелет.
Алар менен кызматташтыкта Кыргыз Республикасы экономика тутумун мындан ары реформалоо жана рынок мамилелерин киргизүү боюнча күч-аракеттерин жумшап жатат. 1998-жылы Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү менен, эл аралык стандарттарга ылайык тышкы соода чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарды, анын ичинде ИМ укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашуунун алкагында ИМ чөйрөсүнө тиешелүү ченемдерди шайкештеген.
2015-жылы Кыргыз Республикасынын ИДПсы негизинен айыл чарбасынын (14%), иштетүү өнөр жайынын (15,3%), курулуштун (8,3%), соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн (50,3%) эсебинен түзүлгөн.
Экономиканын мындай түзүмү тышкы чөйрөгө начар ыңгайлашкан жана туруктуу капитал агымынан көз каранды.
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү деңгээли, ошондой эле донор-өлкөлөрдөн жана эл аралык финансылык институттардан белгилүү бир деңгээлде көз карандылыгы республикага глобалдуу каатчылыкка толук өлчөмдө өз алдынча каршы турууга мүмкүнчүлүк бербейт.
Евразия экономикалык бирлигине кирүү экономиканын айрым тармактарын, өзгөчө өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүнүн мүмкүнчүлүгүн реформалоону талап кылат. Технологиялык базаны масштабдуу жаңылоо, инновацияларга бизнестин жакындыгын жогорулатуу, инновациялык багыттагы түз инвестицияларды көбөйтүү, адам капиталын өнүктүрүү, инновациялык ишти колдоо жана ага өбөлгө түзүү зарыл.
2. Учурдагы кырдаалды талдоо
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында инновацияларды киргизүүнүн негизинде өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмүн жакшыртуу артыкчылыктуу багыттардын бири катары аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасында мындай деп белгиленген: "Экономиканы жаңылоо техникалык кайра жабдууну жана заманбап технологияларды экономиканын келечектүү багыттарына киргизүүнү талап кылат. Кыргыз Республикасынын экономикасы жаңы технологиялар жана инновациялар үчүн ачык болушу керек, аларга фискалдык, административдик жана мыйзамдык ченемдер аркылуу дем берилүүгө тийиш".
Инновациялык ишти жана ИМди өнүктүрүүгө багыт алуу өлкөнүн жетекчилиги тарабынан колдоого алынып жаткандыгына карабастан, финансы каражаттарынын чектелүүсү бул процессти толук өлчөмдө баштоого мүмкүнчүлүк бербейт. Жарандык коом институттары жана ишкерлер чөйрөсү ИМ идеяларын жайылтууга жетишээрлик кызыкдар болбой алардын өнүгүүсү үчүн ачылган мүмкүнчүлүктөрдү түшүнө албай жатышат.
"Doing business" эл аралык рейтинги бизнести жүргүзүү үчүн чөйрөнүн абалын чагылдырат жана бул багытта алга илгерилөөнүн натыйжаларын жакшыртуучу багыттардын бири болуп эсептелет. Ушул рейтингге ылайык 2016-жылы Кыргыз Республикасы 35 позицияга көтөрүлгөн жана дүйнөнүн 189 өлкөсүнүн ичинен 67-орунда турат.
Ааламдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси өлкөнүн колдо болгон ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жөндөмүн баалайт. Бул рейтинг боюнча 2015-жылы Кыргыз Республикасы 13 позицияга көтөрүлүү менен, 108-орунду ээлеп, өз позициясын бир кыйла жакшырткан жана 2016-жылы дүйнөдөгү 138 өлкөнүн ичинен 111-орунду ээлеген.
"Экономикалык эркиндик индекси" рейтингинде өлкө дүйнөдөгү 186 өлкөсүнүн ичинен 96-орунда турат.
Мунун бардыгы өлкөдө инвестициялык иш, анын ичинде инновациялык чөйрө үчүн жагымдуу шарттар ырааттуу түзүлүп жаткандыгын айгинелейт.
Жетишилген натыйжаларга карабастан, инновациялык технологияларды тартууга жана ИМ чөйрөсүндө укуктук мамилелерди өнүктүрүүгө инвестицияларды багыттоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча мындан аркы ишти күчөтүү зарыл.
Кыргыз Республикасы гидроэнергетиканы өнүктүрүү үчүн зор потенциалга ээ, бул ИМге негизделген жаңы энерготехнологияларды тартууга жана түзүүгө, өзгөчө Кыргыз Республикасынын гидроэлектрстанциялар тармагын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
Республиканын аймагында эки миңден ашуун пайдалуу кен чыккан жерлер бар. Мындай кендерди иштетүүдө жаңы технологияларды киргизүү зарылдыгы бул тармакта ойлоп табуучулукту жана инновациялык ишти жигердештирүүгө түрткү бере алат.
Кыргыз Республикасында айыл чарба потенциалын өнүктүрүү үчүн жагымдуу климаттык шарттар бар. Жаңы ИМ объектилерин түзүү жана ишке киргизүү үрөнчүлүктү, дыйканчылыкты, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү жана айыл чарба продуктуларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн ички жана тышкы рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Калктын жыргалчылыгынын негизги социалдык көрсөткүчтөрүн аныктоочу адам өнүгүүсүнүн индексине ылайык, Кыргыз Республикасы 2015-жылы 188 өлкөнүн ичинен 120-орунду ээлеген. Бул индексти аныктоодо калктын кирешелеринин деңгээли чоң роль ойнойт.
Азыркы убакта ИМ чөйрөсүндө төмөнкү тенденциялар байкалат:
- калктын кирешесинин деңгээлинин төмөндүгү, ал контрафакт, анын ичинде адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү продукциянын кеңири жайылышына өбөлгө түзөт. Мындай тенденция укуктук мамлекет катары Кыргыз Республикасынын кадыр-баркына да таасир этет.
- авторлордун жана ойлоп табуучулардын укуктарын бузуу алардын байгерчилигинин деңгээлине таасир этет, бул алардын чыгармачылык жигердүүлүгүн төмөндөтөт.
- ойлоп табуучулук жана чыгармачылык чөйрөнүн кызматкерлеринин аброюнун баркын кетирүү жаштардын мындай кесиптерге кызыгуусун жоготууга алып келди.
Ошентип, биринчи планга контрафакттык продукцияга жол бербөөнүн атмосферасын түзүүгө, ошондой эле чыгармачыл кесиптердин маанилүүлүгүн жогорулатуу менен, авторлордун жана ойлоп табуучулардын укуктарын сактоого байланышкан маселелер чыгат.
Дүйнөлүк практикада маалыматтык-коммуникациялык технология, анын ичинде Интернет жаңы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүгө, ачылыштарга жана ойлоп табууларга өбөлгө түзөт.
Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүнүн индекси боюнча 2011-жылдан тартып Кыргыз Республикасы өз позицияларын 15 пунктка жакшырткан жана дүйнөнүн 166 өлкөсүнүн ичинен 97-орунду ээлеген.
Кыргыз Республикасында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүнүн динамикасы дүйнөлүк маалымат базаларына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү менен, ИМ чөйрөсүнө позитивдүү таасир тийгизет. Ошентип, техникалык прогресс ыкчамдайт жана техникалык инновациялар менен эл аралык алмашуу жол-жоболору жөнөкөйлөтүлөт.
Кыска мөөнөттүн ичинде өзүнүн өнүгүшүндө ийгиликтерге жетише алган өлкөлөр буга жеке инновациялык мүмкүнчүлүгүн акырындап өстүрүү аркылуу кеңири масштабда технологияларды өздөштүрүүнүн эсебинен жетише алышкан. Япония, Түштүк Корея, Гонконг жана Сингапур сыяктуу өлкөлөр өздөштүрүүнүн саясатын 1950-жылдардан тартып жүргүзүшкөн жана 20-30 жылдан кийин өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине жетишкен.
Технологияларды өздөштүрүү практикасы Кыргыз Республикасында кеңири өсүүгө ээ болгон жок. Ошентип, 2012-2016-жылдар мезгилинде өлкөдө технологияларды өткөрүп берүүгө бир дагы лицензиялык келишим катталган эмес.
Жүргүзүлгөн SWOT анализинин негизинде төмөнкүдөй натыйжалар белгиленген:
Колдонулуп жаткан ИМ тутумунун күчтүү жактарына төмөнкүлөр кирет:
- ИМ чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык шайкештелген;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 593 токтому менен бекитилген, 2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруунун натыйжалары боюнча инновациялык ишти өнүктүрүү үчүн негиздер түзүлгөн;
- ар кандай форумдарга катышуунун жардамы менен, анын ичинде ааламдык тармактарга пайдалануу менен ИМ жана инновациялар чөйрөсүндөгү эл аралык маалымат алмашуу үчүн шарттар түзүлгөн;
- Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун улуттук тармагы түзүлгөн;
- укук коргоо жана башка кызыкдар мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн ИМ чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу жана методикалык камсыздоону иштеп чыгуу үчүн шарттар түзүлгөн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (мындан ары - Кыргызпатент) каражаттарынан авторлорду жана ойлоп табуучуларды материалдык өбөлгөлөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн;
- республиканын патенттик фонду иштейт, анын базасында колдонуучуларга мурда мүмкүн болбогон кирүү мүмкүндүгүн берүү үчүн электрондук ресурстар түзүлүүдө;
- өнөр жайына киргизүүгө колдоо көрсөтүү үчүн ойлоп табуулардын негизинде кыйла келечектүү долбоорлорду тандоо боюнча "Мыкты инновациялык долбоор" деген аталышта жыл сайын улуттук конкурс өткөрүлөт;
- ИМдин ролу жана мааниси жөнүндө коомго кеңири маалымат берүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз байланыш түзүлгөн.
Начар жактарына төмөнкүлөр кирет:
- ИМ объектилерин түзүүгө жана пайдаланууга инвестицияларды жетишсиз тартуу;
- жеткиликтүү адистештирилген билим берүү программаларынын жана маалымат базаларынын жетишсиз пайдаланылышы;
- ЖОЖдордо, ИИИ жана өнөр жай ишканаларында ИМге карата саясий мамиленин жоктугу;
- илимий-техникалык чыгармачылыкка балдардын жана жаштардын начар тартылышы;
- ИМдин жаңы натыйжаларын жаратууга авторлордун жана ойлоп табуучулардын жөйөлүү негиздеринин жетишсиздиги;
- ойлоп табуучулук жана инновациялык иште региондордун жигердүүлүгүнүн төмөндүгү;
- ИМ укуктарын бузуулардын юридикалык натыйжалары жана контрафакт продукцияларында зыяндуулугу жөнүндө маалыматтык өнөктүктүн начардыгы;
- ИМ объектилерине электрондук өтүнүчтөрдү берүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;
- ИМ чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын кадрдык патенциалдын жетишсиздиги;
- Ведомстволор аралык байланыштын жоктугунун натыйжасында ИМ укуктарын бузууларга каршы күрөштүн натыйжалуулугунун төмөндүгү;
- ИМди коргоо жана ИМ жаатындагы талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн өнүгүшүнүн жетишсиз деңгээли;
- санариптик чөйрөдө ИМ укуктарын коргоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын жоктугу.
- зарыл болгон инфратүзүмдүн (технополистер, технопарктар, бизнес-инкубаторлор, start-up) жоктугу;
- ички жана тышкы рыноктордо ата мекендик ишканалардын продукциясынын атаандаштыкка жөндөмүнүн төмөндүгүнө алып келген инновацияларды пайдаланууга бизнес-чөйрөлөрдүн жүйө-себептеринин жоктугу;
- ИМдин жаратмандары менен пайдалануучуларынын ортосунда өз ара аракеттенүүнүн начардыгы, ИМди башкаруу боюнча адистердин жетишсиздиги;
- илимий-техникалык жана инновациялык ишти өнүктүрүүнү болжолдоо жана баалоо методикасынын жоктугу;
- мамлекеттик ЖОЖдор үчүн интеллектуалдык иштин натыйжаларын коммерциялаштыруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;
- ИМ объектилерин киргизүүдөн коммерциялык пайда алуунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтык өнөктүктүн начардыгы.
Тышкы чөйрөнү талдоо ИМ тутумун өнүктүрүү үчүн төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү тапты:
- ИМ тутумун мындан ары өнүктүрүү жана ИМди башкаруу боюнча адистерди даярдоо үчүн маалыматтык, билим берүү, методикалык ресурстарды, ошондой эле эл аралык жана региондук өнөктөштөрдүн тажрыйбаларын пайдалануу;
- жаратылыш ресурстарын натыйжалуу өздөштүрүү үчүн жаңы технологияларды жана инновацияларды түзүүгө мамлекеттик буйрутмаларды конкурстук негизде түзүү;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип Кыргызпатент тарабынан адистештирилген окутуу программаларын пайдалануу менен балдар жана жаштардын техникалык чыгармачылык борборлор тармактарын кеңейтүү;
- ИМди коргоо чөйрөсүндө кызматташууга, ИМ жөнүндө билимди жайылтуу үчүн, ИМ укуктарын сыйлоого тарбиялоо үчүн контрафакт продукциясынын зыяндуулугу жөнүндө маалымдоо, жарандык коомдун өкүлдөрүн кызматташууга тартуу;
- ИМ объектилерине укук алууда арыз ээлеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн заманбап IТ-технологияларын пайдалануу;
- 2015-жылдын 8-сентябрындагы ИМ объектилеринин укуктарын коргоо боюнча аракеттерди координациялоо жөнүндө Евразия экономикалык бирлигинин Келишиминин алкагында контрафакт продукциясынын таралышынын деңгээлин төмөндөтүү жана ИМ укуктарын коргоону күчөтүү;
- санарип чөйрөсүндө ИМ укуктарын коргоо боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбаларын пайдалануу;
- Евразия экономикалык бирлигинин алкагында түзүлгөн технологиялар трансферинин жана технологиялар платформаларынын тармактары аркылуу Кыргыз Республикасынын инновацияларын алга илгерилетүү жана инновациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү;
- республиканын ишканаларын жаңы технологияларды түзүүгө жана киргизүүгө көмөк берүүчү ченемдик укуктук актылар долбоорлорун иштел чыгууга демилгелөө;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жана бизнес-ассоциациялар потенциалын ИМди жаратуучулардын бизнес-чөйрө менен өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтча катары пайдалануу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен бирге эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен илимий-техникалык жана инновациялык ишти өнүктүрүүнү баалоонун методикасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондуна инвестициялоо үчүн келечектүү ата мекендик инновациялык долбоорлорду сунуштоо.
ИМ тутумуна терс таасир этүүгө жөндөмдүү сырткы коркунучтар:
- дүйнөдө финансы-экономикалык каатчылыктын мындан ары тереңдеши;
- илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жигердүү каржылоого мүмкүндүк бербеген республикалык бюджеттин тартыштыгы;
- ойлоп табуучулуктун жана чыгармачылык иштин аброюнун мындан ары төмөндөшү, бул түзүлүүчү ИМ объектилеринин санынын кыскарышына алып келет.
3. Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик тутумунун абалын талдоо
ИМ тутумуна төмөнкүлөр кирет:
- Кыргызпатент - ИМди коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
- Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана, ИМдин Мамлекеттик фонду - Кыргызпатенттин ведомствого караштуу түзүмдөрү;
- ИМ объектилеринин бажы реестрине киргизилген укук ээсинин укуктарын коргоо боюнча бажы чараларын ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;
- ИМ чөйрөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштерди жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат;
- ак ниет эмес атаандаштыктын алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
- ИМ чөйрөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароочу Кыргыз Республикасынын сот органдары;
- Эл аралык соода жана ИМ жаатындагы Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин юридикалык жактарынын жана жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы;
- чет өлкөлүк арыз ээлеринин жана укук ээлеринин кызыкчылыктарын козгоочу патенттик ишенимдүү өкүлдөр;
- ойлоп табуучулар, авторлор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, илимий-изилдөө жана ИМди жаратуучу билим берүү институттары;
- ИМдин гана укуктарына ээ болгон укук ээлери.
ИМ объектилери түзүлүүчү негизги аянтчалар болуп билим берүү. илимий-изилдөө уюмдары жана ишканалар саналат. ИМ рыногунун эң маанилүү катышуучусу болуп техникалык чечимдердин, илимий же адабий чыгармалардын авторлору эсептелишет. Бул авторлор укуктары кызмат берүүчүгө таандык болгон кызматтык чыгармалардын же ойлоп табуулардын өз алдынча укук ээлери, авторлору болуп саналышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасында патент алууга арыздардын дээрлик 70%ы жеке адамдар, 30%га жакыны - ЖОЖдор жана ИИИлер тарабынан берилет. Бизнес-түзүмдөр ИМди жаратууда жигердүүлүгү төмөн субъектилер болуп саналышат.
Азыркы убакта 2500дөн ашуун авторлордун эсеби бар, анын ичинен 655 автор мүлктүк укуктарын башкарууга ыйгарым укуктарын Кыргызпатентке өткөрүп беришкен.
Ойлоп табуучулукту жана чыгармачылыкты өркүндөтүүнүн эн маанилүү шарты болуп балдарга жана жаштарга өбөлгө түзүү эсептелет. Азыркы учурда республиканын аймагында жалпысынан 80 миңге жакын балдарды камтыган мектептен тышкаркы 133 мекеме иштейт, бул мектеп окуучуларынын жалпы санынын 8%ын түзөт.
Мамлекетти технологиялык өнүктүрүүнүн критерийи болуп патенттерге өтүнүчтөрдүн саны эсептелет. Дүйнөдө патенттерге өтүнүч берүү жаатындагы жигердүүлүк 2014-жылы 9%га өскөн. Кытай менен Америка Кошмо Штаттарына патенттерге өтүнүчтөрдүн жалпы дүйнөлүк көлөмүнүн 54%дан көбүрөөгү туура келет.
Кыргыз Республикасында акыркы 5 жылда патент алууга өтүнүчтөрдүн келип түшүүсүнүн өсүшү иш жүзүндө жокко эсе жана бир жылда 100-110 өтүнүч деңгээлинде кармалып турат, алардын 99%ы улуттук өтүнүч ээлери тарабынан берилген.
Товардык белгилер жекелештирүү каражаты катары компанияларды өнүктүрүүдө маанилүү ролду ээлейт. Дүйнөдө товардык белгилерге өтүнүчтөрдүн саны 2013-жылга салыштырганда 2014-жылы 6,9%га өскөн. Товардык белгилерди каттоо жаатында жигердүүлүк даражасы боюнча лидерлер болуп Кытай, Америка Кошмо Штаттары, Европа биримдиги эсептелет. Кыргыз Республикасында акыркы 5 жылда товардык белгилерге өтүнүчтөрдүн өсүүсү байкалбайт.
Евразия экономикалык бирлиги өлкөлөрүндө улуттук өтүнүч ээлеринин жигердүүлүгү белгиленүүдө, аларда товардык белгилерди каттоого өтүнүчтөрдүн жалпы санында улуттук өтүнүчтөрдүн үлүшү төмөнкүлөрдү түзөт: Армения - 65%, Беларусь - 72%, Казакстан - 56%, Россия - 76%. Кыргыз Республикасында өтүнүчтөрдүн 38%ы гана улуттук өтүнүч ээлери тарабынан берилген.
Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине киргендигине байланыштуу бажы чек араларынын ачылышы товардык белгилердин ээлеринин бажы чек арасында өз укуктарын коргоонун жигердүүлүгүн арттырды. Ошентип, 2012-жылдан 2016-жылдын июнуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы реестрине киргизилген товардык белгилердин саны 3төн 209га чейин өстү.
Лицензиялык келишимдер рыногун изилдөөдө товардык белгилерди пайдаланууга чет өлкөлүк субъектилердин ортосунда түзүлгөн келишимдер маанилүү үлүштү (84,4%) ээлей тургандыгын көрсөттү, бул лицензиялык келишимдер рыногунда ата мекендик бизнестин жигердүүлүгүнүн начардыгын көрсөтөт.
ИМ объектилерине патент алууга жана аларды каттоого келип түшкөн өтүнүчтөрдү талдоо Кыргыз Республикасынын аймактарынын жигердүүлүгүнүн төмөндүгүн көрсөтөт. Ошентип, Бишкек шаарына патенттерге өтүнүчтөрдүн 90%дан ашыгы туура келет, 73% - товардык белгилерди каттоого, 80% - автордук сый акыларды жыйноо боюнча. Бул аймактарда ИМдин маанилүүлүгү жөнүндө маалыматтын жетишсиздигин күбөлөйт.
Кыргыз Республикасында ИМ тутумунун абалын талдоодо ИМ тутумунун натыйжалуулугуна таасир этүүчү төмөнкү негизги факторлор аныкталды:
- ИМ объектилерин жаратуу жана пайдалануу үчүн финансылык камсыздоо жана инвестицияларды тартуу;
- ИМди жаратууга авторлорду жана ойлоп табуучуларды, ЖОЖдорду, ИИИлерди, ишканаларды өбөлгөлөө;
- балдарды жана жаштарды илимий-техникалык чыгармачылыкка тартуу;
- патенттик изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн уюмдарды жана ишканаларды кадрлар менен камсыздоо;
- ИМге укуктук коргоо берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосу;
- патенттик жана патенттик эмес маалымат базаларына кирүү мүмкүндүгү;
- коомдун жана укук ээлеринин кызыкчылыктарынын балансын сактоо менен ИМ укуктарын коргоо;
- контрафакт продукциясынын деңгээли;
- санариптик чөйрөдө ИМ укуктарын коргоо механизмдери;
- ИМ объектилерин жайылтууга чарба жүргүзүүчү субъектилерди ченемдик өбөлгөлөө;
- инновациялык иштин өнүккөн инфратүзүмү (технопарктар, технололистер, бизнес-инкубаторлор ж.у.с.);
- ИМди жаратуучулар менен бизнес-түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү;
- ИМ объектилерин-коммерциялаштыруу механизмдеринин болушу;
- ИМ объектилерин баалоону жана башкарууну алга илгерилетүүнү кадрдык жактан камсыздоо;
- ИМ жана инновациялык өнүгүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк.
4. Артыкчылыктуу багыттар
Ушул Мамлекеттик программанын стратегиялык максаты болуп 2021-жылга ИМ рыногун иштетүү үчүн шарттарды түзүү саналат.
Ал үчүн төмөнкү максаттарга жетүү зарыл:
ИМди түзүү боюнча потенциалды күчөтүү.
Бул максатка жетүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл:
- авторлорго интеллектуалдык иштин жаңы натыйжаларын түзүүгө жана ойлоп табуучулардын, авторлордун жана илимий кызматкерлердин аброюн жогорулатууга өбөлгө түзүү;
- ИМ объектилерин жаратуу процессине мамлекеттик, илимий-изилдөө жана жеке ишканаларды тартуу;
- интеллектуалдык менчикти жаратуу үчүн инфратүзүмдү өнүктүрүү;
- ИМ объектилерин жаратууга мамлекеттик тапшырмаларды түзүү;
- таланттуу балдарды жана жаштарды табуунун жана аларды чыгармачылык процесске тартуунун механизмдерин иштеп чыгуу;
- илимий-техникалык чыгармачылык борборлор тармагын кеңейтүү, окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу;
- жеткиликтүү билим берүү жана маалымат ресурстарын жана эл аралык. региондук өнөктөштөрдүн тажрыйбасын пайдалануу;
- өнүгүүдөгү ИМдин ролу жана мааниси жөнүндө коомдун маалыматтуулугун жогорулатуу;
- региондордо ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишти жигердендирүү.
ИМ укуктарын алуунун жана коргоонун механизмдерин өркүндөтүү.
Бул максатка жетүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл:
- интеллектуалдык менчик натыйжаларына укук берүүнүн жол-жобосун өркүндөтүү;
- өтүнүчтөрдү берүүдө жана карап чыгууда IТ-технологияларды пайдаланууну кеңейтүү;
- контрафакт продукциясын жайылтуунун деңгээлин төмөндөтүү жана укук бузууларга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу;
- ИМ укуктарын ишке ашыруу процессине жарандык коомду тартуу, талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу үчүн медиация институтун түзүү;
- эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен санариптик чөйрөдө ИМди натыйжалуу коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу;
- ИМге урмат-сый көрсөтүүнүн маданиятын калыптандыруу.
ИМ объектилерин пайдалануу үчүн шарттарды түзүү.
Бул максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл:
- бюджеттик чөйрөдөгү уюмдар тарабынан интеллектуалдык менчикти пайдалануу боюнча ишке колдоо көрсөтүү;
- фискалдык, административдик жана мыйзам ченемдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу аркылуу ИМ объектилерин киргизүүгө чакан жана орто ишканаларга өбөлгө түзүү;
- жеткиликтүү адистештирилген билим берүү программаларын пайдалануу менен ИМди алга илгерилетүү, баалоо жана башкаруу боюнча адистерди даярдоо;
- ИМ авторлору менен бизнес-түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү үчүн демонстрациялык-тажрыйба аянтчаларды түзүү;
- Евразия экономикалык бирлигинин алкагында түзүлүүчү технологиялар трансферинин жана технологиялык платформалар тармагы аркылуу инновацияларды алга илгерилетүү жана тартуу;
- ИМди жаратуу жана пайдалануу процесстеринде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү;
- ИМге негизденген ата мекендик инновациялык долбоорлорду тандап алуу жана өндүрүшкө киргизүү үчүн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттарын тартуу;
- инновациялык ишти талдоо жана алдын ала божомолдоо жүргүзүүнүн, жаңы технологияларды өнөр жай өндүрүшүнө киргизүү даражасын аныктоонун мүчөлөрүн өркүндөтүү,
- инновациялык өнүктүрүү маселелерин региондук (тармактык жана кластердик) программаларга киргизүү.
Ушул Мамлекеттик программаны алга илгерилетүүнү жана ишке ашырууну реалдуу баалоо мүмкүндүгүн алуу үчүн сандык жана сапаттык индикаторлор иштелип чыккан, алар ушул Мамлекеттик программанын 2-тиркемесинде келтирилген, аны ишке ашыруу боюнча мониторинг жана баалоо индикаторлору матрицасында деталдуу чагылдырылган.
5. Кыргызпатенттин ишин модернизациялоо
Ушул Мамлекеттик программаны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн функциялык талдоонун негизинде Кыргызпатенттин түзүмүн, ошондой эле жумуш процесстерин жана кызматкерлердин компетенциясын оптималдаштыруу пландалууда. Ар бир адистин жоопкерчилигинин жогорулугу жалпы эле Кыргызпатенттин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун негизги фактору болуп эсептелет.
Жумуш процесстерин башкаруунун жана сапатын контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ISO 9001 негизинде менеджмент тутуму киргизилүүгө тийиш. Кыргызпатент тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына абдан көңүл бурулууга тийиш, бардык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик форматка өткөрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүү зарыл.
Иш-чараларды (семинарларды, тегерек столдорду, тренингдерди) өткөрүүдө алардын натыйжалуулугуна басым жасоо менен заманбап формаларды жана ыкмаларды колдонуу зарыл.
Адам ресурстарын башкаруу саясатын түзүү керек, анда төмөнкүлөр аныктоочу факторлор болуп калууга тийиш:
- кызматкерлердин кесиптик ишинин натыйжаларына талаптар;
- аттестациянын натыйжалары боюнча кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу зарылдыгын аныктоо;
- коррупциялык коркунучтарды төмөндөтүү;
- корпоративдик лоялдуулукту калыптандыруу.
ИМ объектилерине өтүнүчтөрдү берүүдө өтүнүч ээси менен Кыргызпатенттин адистеринин электрондук өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле өтүнүчтөрдү карап чыгуунун айкындуулугун камсыздоо максаттарында тиешелүү программалык камсыздоону киргизүү пландалууда. Бул өтүнүч ээлерине өтүнүчтү карап чыгуу процессин көзөмөлдөп турууга мүмкүндүк берет.
Кыргызпатенттин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 651 токтому менен бекитилген 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну ("электрондук өкмөт") киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасына ылайык электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү пландалууда.
Ушул Мамлекеттик программа аталган Мамлекеттик программанын 1-тиркемесине ылайык Аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына, ошондой эле Кыргызпатенттин жыл сайын бекитилүүчү планына карата ишке ашырылат.
6. Финансылык камсыздоо
Ушул Мамлекеттик программаны ишке ашыруу, аны ишке ашыруу үчүн аткаруучулардын - мамлекеттик органдардын чыгым сметаларынын алкагында финансы каражаттарын бөлүүнү караштырат. Ошондой эле методикалык, техникалык, кеңеш берүүчүлүк жана башка жардам түрүндө эл аралык жана региондук уюмдардын колдоосу болжолдонууда.
Мамлекеттик программаны ишке ашырууга жооптуу негизги орган катары Кыргызпатент өзүнүн жана өнөктөштүк ресурстарын тартат.
Мамлекеттик программаны финансылык камсыздоо (миң сом) | |||||
2017-жыл | 2018-жыл | 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл | Бардыгы |
30119,0 | 36902,0 | 33042,5 | 23346,0 | 20980,0 | 14489,5 |
Ушул Мамлекеттик программанын аткарылбай калуу коркунучтары Мамлекеттик программаны ишке ашыруудагы негизги коркунучтар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- программалык иш-чаралардын толук каржыланбай калышы;
- тиешелүү ченемдик укуктук актылардын кабыл алынбай калышы;
- программанын максаттарынан ИМ тутумунун катышуучуларынын ведомстволук кызыкчылыктарынын үстөмдүк кылуусу;
- ИМ тутумундагы коррупциялык көрүнүштөр.
7. Ушул Мамлекеттик программаны аткаруу мониторинги, баалоо жана аны контролдоо
Мамлекеттик программаны ишке ашыруу иш-чаралар планы аркылуу жүзөгө ашырылат. Ушул Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн конкреттүү өлчөө индикаторлорун камтыган мониторинг жана баалоо тутуму иштелип чыккан. Мониторинг процессине зарыл болгон учурда коомдук уюмдар жана көз карандысыз институттар тартылат. Кыргызпатент квартал сайын учурдагы абалды баалоо максатында аткаруунун мониторингин өткөрүп турат жана ушул Мамлекеттик программаны оңдоп-түзөө боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет.
|
| 2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын 1-тиркемеси |
2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/Иш-аракеттер | Ишке ашыруунун мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Бюджет (миң сом) |
I. ИМди жаратуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү | ||||||
1.1 | Авторлорго интеллектуалдык ишинин жаңы натыйжаларын жаратууга жана ойлоп табуучулардын, авторлордун жана илимий кызматкерлердин аброюн жогорулатууга өбөлгө түзүү | ИМ объектилерине укуктук коргоо алуу, киргизүү жана коммерциялык пайдалануу процессинде ойлоп табуучулардын, авторлордун жана илимий кызматкерлердин кызыкчылыктарын эске алуучу методикалык сунуштардын долбоорун даярдоо | 2019-жылдын I жарым жылдыгы | Ойлоп табуучулардын, авторлордун жана илимий кызматкерлердин аброюн жогорулатуу. ИМдин жаңы объектилерин жаратууга өбөлгө түзүү жана сыйлоо | Кыргызпатент | 144,0 |
Ойлоп табуучуларга, авторлорго жана илимий кызматкерлерге, балдарга жана жаштарга алардын инновациялык-чыгармачылык ишин баалоо боюнча дем берүү | Жыл сайын | Кыргызпатент | 6400,0 | |||
1.2 | ИМ объектилерин жаратуу процессине мамлекеттик, илимий-изилдөө жана жеке ишканаларды тартуу | ЖОЖдо жана ИИИде ИМге карата саясат түзүү | Жыл сайын | Мамлекеттик илимий-изилдөө жана жеке ишканалардын ойлоп табуучулук жана инновациялык ишин активдештирүү. Жаңы технологиялардын санынын өсүшү жана аларды киргизүүдөн коммерциялык пайда алуу | Кыргызпатент ЖОЖдор, УИА, ИИИ (макулдашуу боюнча) | 400,0 |
Кызматтык ойлоп табууларга өтүнмөлөрдүн санын көбөйтүүгө көмөк көрсөтүү | Жыл сайын | Кыргызпатент ЖОЖдор, УИА, ИИИ (макулдашуу боюнча) | 234,0 | |||
ИМ объектилерин жаратуучу жана пайдалануучу уюмдарды жана ишканаларды сыйлоо жөнүндө жобону бекитүү | 2017-жыл | Кыргызпатент | 0,0 | |||
ИМ объектилерин жаратуучу жана пайдалануучу уюмдарды жана ишканаларды сыйлоо | Жыл сайын | Кыргызпатент | 2000,0 | |||
1.3 | ИМди жаратуу үчүн инфратүзүмдү өнүктүрүү | ТИКБ тармагын кеңейтүү жана өнүктүрүү | Жыл сайын | Патенттик жана патенттик эмес маалыматтардын маалымат базаларына кирүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу. Китепкананын фондун электрондук форматка өткөрүү | Кыргызпатент | 200,0 |
Патенттик издөө боюнча ТИКБнын координаторлорун окутуу | 2017-жыл 2019-жыл | Кыргызпатент | 66,5 | |||
ТИКБ кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын санын камсыз кылуу | Жыл сайын | Кыргызпатент | 2370,0 | |||
МПТКнын ресурстарын санариптөө | 2017-2020-жылдар | Кыргызпатент | 4000,0 | |||
1.4 | ИМ объектилерин жаратууга мамлекеттик тапшырыктарды түзүү | "Мыкты инновациялык долбоор" деген конкурсту өткөрүү үчүн артыкчылыктуу багыттарды аныктоо | Жыл сайын | Жаратылуучу ИМ объектилеринин сапатын жогорулатуу | Кыргызпатент | 0,0 |
1.5 | Таланттуу балдарды жана жаштарды табуунун жана чыгармачылык процесске тартуунун механизмдерин иштеп чыгуу | Таланттуу балдарды жана жаштарды сыйлоо жөнүндө жобону бекитүү | 2019-жылдын II жарым жылдыгы | Балдардын жана жаштардын илимий-техникалык чыгармачылыкка кызыгуусун арттыруу | Кыргызпатент БИМ, ММТМ | 0,0 |
Илимий-техникалык чыгармачылык үчүн таланттуу жаштарга сыйлыктарды уюштуруу | Жыл сайын | Кыргызпатент БИМ, ММТМ, | 500,0 | |||
Илимий-техникалык жана чыгармачылык багыттарда республикалык жана облустук конкурстардын, олимпиадалардын, көргөзмөлөрдүн жана жарманкелердин санын көбөйтүү | Жыл сайын | Кыргызпатент БИМ, ММТМ, "Алтын Түйүн" РБИТАсы (макулдашуу боюнча) | 1800,0 | |||
1.6 | Илимий-техникалык чыгармачылык ийримдер тармагын кеңейтүү, окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу | Балдар илимий-техникалык чыгармачылык ийримдеринин санын көбөйтүү | 2018-2020-жылдар | Алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн ачуу үчүн балдар-жаштар мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңири катышуусун камсыз кылуу. Техникалык жана чыгармачылык натыйжалардын сапатын жогорулатуу | Кыргызпатент, БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 450,0 |
Балдарды илимий-техникалык чыгармачылык менен камтууну кеңейтүү | Жыл сайын | Кыргызпатент, БИМ | 240,0 | |||
1.7 | Жеткиликтүү билим берүү жана маалымат ресурстарын жана эл аралык жана региондук өнөктөштөрдүн тажрыйбаларын пайдалануу | ИМБДУнун билим берүү программаларына катышуу | 2018-2021-жылдар | ИМди өнүктүрүү жаатында заманбап билим берүү технологияларын жана эл аралык тажрыйбаларды өздөштүрүү. ТИКБ аркылуу ИМдин улуттук, аймактык жана эл аралык ведомстволорунун маалыматтарынын маалымат базаларына кирүү мүмкүндүгүн камсыздоо | Кыргызпатент УИА, ЖОЖдор (макулдашуу боюнча) | 1050,0 |
Эл аралык жана региондук өнөктөштөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен ИМ жана инновациялык өнүктүрүү маселелери боюнча билим берүү ишин жайылтуу | 2017-жылдын 2-жарым жылдыгы | Кыргызпатент | 7000,0 | |||
Ар кандай максаттагы топтор үчүн ИМ чөйрөсүндө билим берүү программаларын киргизүү | Жыл сайын | Кыргызпатент | 400,0 | |||
РМИМАда ИМ чөйрөсүндөгү адистерди окутуу | Жыл сайын | Кыргызпатент ЕАПВ, (макулдашуу боюнча) | 5000,0 | |||
Башка өлкөлөрдүн патенттик жана патенттик эмес маалыматтарынын маалымат базаларына кирүү мүмкүндүгүн кеңейтүү | 2017-жыл 2019-жыл 2021-жыл | Кыргызпатент | 7600,0 | |||
1.8 | Өнүктүрүүдө ИМдин ролу жана мааниси жөнүндө коомдун маалыматтуулугун жогорулатуу | Калктын ишеним индексин жогорулатуу | Жыл сайын | ИМнын жана аларды пайдалануудан пайда алуунун маанилүүлүгү жөнүндө коомдун түшүнүүсү | Кыргызпатент | 0,0 |
Кыргызпатенттин рr-кампаниясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Жыл сайын | Кыргызпатент | 11000,0 | |||
Окутуу программасына "Интеллектуалдык менчик" факультативдик курсу киргизилген ЖОЖдун санын көбөйтүү | Жыл сайын | Кыргызпатент БИМ, ЖОЖдор (макулдашуу боюнча) | 720,0 | |||
1.9 | Региондордо ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишти активдештирүү | Потенциалдуу ойлоп табуучуларды жана бизнес-коомчулукту тартуу менен маалыматтык иш-чараларды өткөрүү | Жыл сайын | Республиканын региондорунан өтүнмө берген ойлоп табуучулардын жана авторлордун санын көбөйтүү. Республиканын региондорунда автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдаланууга автордук сый акыны чогултууну жогорулатуу | Кыргызпатент | 1200,0 |
Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануучулар менен пропагандалык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Жыл сайын | Кыргызпатент | 800,0 | |||
II. ИМге укук алуунун жана коргоонун механизмдерин жакшыртуу | ||||||
2.1 | Интеллектуалдык иштин натыйжаларына укук берүүнүн жол- жоболорун жакшыртуу. Өтүнмөлөрдү берүүдө жана карап чыгууда IT-технологияларын пайдаланууну кеңейтүү | ИМ объектилерине өтүнмөлөрдү берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана карап чыгуунун мөөнөттөрүн кыскартуу боюнча ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2018-жыл | ИМге укуктук коргоо берүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана сапатын жакшыртуу. Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү | Кыргызпатент | 80,0 |
Электрондук документ жүгүртүү тутумун киргизүү | Жыл сайын | Кыргызпатент | 9000,0 | |||
Электрондук форматта берилген ИМОго өтүнмөлөрдүн үлүшүн көбөйтүү. | 2018-2021-жылдар | Кыргызпатент | 0,0 | |||
ИМ объектилерине электрондук өтүнмө берүү жана карап чыгуу боюнча Кыргызпатенттин ведомстволук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2018-жыл | Кыргызпатент | 40,0 | |||
2.2 | Контрафакттык продукцияларды жайылтуу деңгээлин төмөндөтүү жана укук бузууларга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу | ИМ жаатындагы укук бузууларга бөгөт коюу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын жыйындарын өткөрүү | 2018-жыл 2020-жыл | Өлкөнүн рыногунда контрафакттык продукциянын деңгээлин төмөндөтүү. ИМ чөйрөсүндөгү укук бузууларга каршы натыйжалуу күрөш. ИМ объектилерине укуктарды коргоо боюнча аракеттерди координациялоо жөнүндө ЕАЭБ келишиминин алкагында активдүү өз ара аракеттенүү | Кыргызпатент ЭККМК, МБК Монополияга каршы агенттик, ССМ, | 200,0 |
Кыргызпатенттин өкүлдөрүнүн "Антиконтрафакт" эл аралык форумуна катышуусун камсыздоо | Жыл сайын | Кыргызпатент | 1000,0 | |||
2.3 | ИМ укуктарын ишке ашыруу процессине жарандык коомду тартуу, талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу үчүн медиация институтун түзүү | ИМ чөйрөсүндө медиацияны киргизүү жана жайылтуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | 2018-жыл 2020-жыл | ИМ жаатында укук колдонууга жарандык коомду тартуу. Коррупциялык коркунучтарды табуу жана аларды жоюу, алдын алуу боюнча сунуштарды киргизүү. Коомдун жана укук ээсинин кызыкчылыктарынын балансын сактоо | Кыргызпатент, Сот органдары, (макулдашуу боюнча), патенттик ишенимдүү өкүлдөр (макулдашуу боюнча) | 480,0 |
ИМге байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү боюнча медиаторлорду окутуу | 2018-2021-жылдар | Кыргызпатент РМИМА (макулдашуу боюнча) | 800,0 | |||
2.4 | Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен санариптик чөйрөдө ИМди натыйжалуу коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу | Автордук укукту жана чектеш укуктарды санариптик чөйрөдө коргоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана коомдук талкуулоого алып чыгуу | 2020-жылдын I жарым жылдыгы | Интернетте ИМди коргоонун деңгээлин жогорулатуу | Кыргызпатент | 560,0 |
2.5 | ИМди сыйлоо маданиятын калыптандыруу | Иш-чаралардын санын (семинарлар, тегерек столдор), анын ичинде республиканын региондорунда көбөйтүү | Жыл сайын | Контрафакт продукциясынын зыяндуулугу жана ИМ укуктарын бузуудагы юридикалык кесепеттер жөнүндө коомго маалымат берүү | Кыргызпатент, ЭККМК, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | 800,0 |
III. ИМ объектилерин пайдалануу үчүн шарттарды түзүү | ||||||
3.1 | Бюджеттик чөйрөдөгү уюмдардын интеллектуалдык менчикти пайдалануу боюнча ишин колдоо | Мамлекеттик ЖОЖдорго ИМдин өздүк объектилерине карата коммерциялык ишти жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылчылыгы жөнүндө маселелер боюнча концепцияны иштеп чыгуу | 2019-жыл | Бюджеттик уюмдар тарабынан интеллектуалдык иштин өздүк натыйжаларын коммерциялык ишке ашыруу жана киргизүү | Кыргызпатент, БИМ, ЖОЖдор, УИА (макулдашуу боюнча) | 160,0 |
ЖОЖдо жана ИИИде түзүлгөн ИМ объектилерин киргизүүгө көмөктөшүү | Жыл сайын | Кыргызпатент, ЖОЖдор, УИА, ИИИ (макулдашуу боюнча) | 50000,0 | |||
Бюджеттик уюмдарды каржылоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органга автордук сый акыны төлөп берүү боюнча сунуштарды киргизүү | 2018-жылдын 1 жарым жылдыгы | Кыргызпатент, ММТМ (театрлар жана филармония), КТРК | 0,0 | |||
Ишканалар жана бюджеттик уюмдар үчүн патент таануучу адистерди даярдоо | Жыл сайын | Кыргызпатент УИА (макулдашуу боюнча) | 400,0 | |||
3.2 | ЧОИге фискалдык, административдик жана мыйзамдык ченемдерди иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун жардамы менен ИМ объектилерин киргизүүгө өбөлгө түзүү | "ИМ объектилерин коммерциялаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын II жарым жылдыгы | ИМ объектилерин жаратуу жана киргизүү боюнча ЧОИни активдештирүү | Кыргызпатент | 320,0 |
ИМ объектилерин жаратууга жана пайдаланууга жеке инвестицияларды тартуу үчүн механизмдерди иштеп чыгуу | 2017-2019-жылдар | Кыргызпатент | 150,0 | |||
3.3 | Жеткиликтүү адистештирилген билим берүү программаларын пайдалануу менен ИМди илгерилетүү, баалоо жана башкаруу боюнча адистерди даярдоо | Өнөктөштөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен ИМ объектилерин башкаруу боюнча окуу программаларын иштеп чыгуу | 2018-жыл 2019-жыл | ИМди натыйжалуу башкаруу. ИМ объектилерин илгерилетүү жана башкаруу үчүн кесипкөй кадрлар менен камсыздоо | Кыргызпатент | 0,0 |
ИМди башкаруу боюнча адистерди окутуу | Жыл сайын |
| Кыргызпатент | 1125,0 | ||
3.4 | ИМ авторлорунун жана бизнес-түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү үчүн демонстрациялык-тажрыйба аянтчаларын түзүү | Авторлордун жана бизнес-түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү үчүн иш-чараларды (көргөзмөлөр, жарманкелер) өткөрүү | 2017-2019-жылдар | ИМди жаратууга бүтүмдөрдүн, тапшырыктардын жана өтүнмөлөрдүн санын көбөйтүү. ИМ авторлорунун жана бизнес-түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсү үчүн коммуникациялык каналдарды жана аянтчаларды түзүү | Кыргызпатент | 4000,0 |
Коммуникациялык аянтчаларды (электрондук форумдар, технопарктар, бизнес-инкубаторлор, start-up) түзүү | 2017-2020-жылдар | Кыргызпатент, ӨЭЖМК, Экономмин, БИМ, Айылчарбамин, ТЖМ | 15750,0 | |||
3.5 | ИМди жаратуу жана пайдалануу процессинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү | Өлкөнүн инновациялык өнүгүүсүнө бизнести катыштыруу маселелери боюнча маалыматтык иш-чараларды (тегерек столдор, конференциялар, форумдар, семинарлар, диспут-клубдар ж.б.) өткөрүү | Жыл сайын | ИМди жаратууда жана пайдаланууда жеке секторду активдештирүү. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде түзүлгөн ИМ объектилеринин санын көбөйтүү. Жеке сектордон инновациялык өнүгүүгө инвестициялардын өсүшү | Кыргызпатент, Инвестицияларды тартуу боюнча агенттик, Экономмин, СӨП (макулдашуу боюнча) Бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | 1600,0 |
Маалыматтык материалдарды (брошюралар, буклеттер, жарыялоолор, видеороликтер ж.б.) чыгаруу | Жыл сайын | Кыргызпатент | 3500,0 | |||
3.6 | ИМге негизделген ата мекендик инновациялык долбоорлорду тандоо жана өндүрүшкө киргизүү үчүн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттарын тартуу | ИМ жаатында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду менен кызматташуу жөнүндө меморандум түзүү | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | ИМ объектилерин киргизүү үчүн узак мөөнөттүү жана туруктуу кызматташууну камсыздоо | Кыргызпатент | 0,0 |
3.7 | Инновациялык ишти талдоонун жана алдын ала болжолдоонун, жаңы технологияларды өнөр жай өндүрүшүнө киргизүү даражасын аныктоонун методикасын өркүндөтүү | Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен инновациялык иш боюнча статистикалык маалыматтарды жыйноонун жана иштеп чыгуунун методикасын өркүндөтүү | 2020-жылдын II жарым жылдыгы | ИМ жана инновациялык иш чөйрөсүн андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо үчүн өлкөдөгү инновациялык өнүгүү жөнүндө ишеничтүү жана ыкчам маалыматтарды алуу | Кыргызпатент, Улутстатком (макулдашуу боюнча) | 150,0 |
3.8 | Инновациялык өнүктүрүү маселелерин региондук (тармактык жана кластердик) программаларга киргизүү | Региондук (тармактык жана кластердик) программаларга кошуу үчүн сунуштарды киргизүү | Жыл сайын | Кластердик багытты эске алуу менен инновациялык ишти активдештирүү аркылуу региондорду өнүктүрүү | Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) Кыргызпатент | 700,0 |
| ЖЫЙЫНТЫГЫ: |
| 144389,5 | |||
Кыскартуулардын тизмеси
БИМ |
| Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
Экономмин |
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ММТМ |
| Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
ССМ |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
Айылчарбамин |
| Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
ТЖМ |
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
МБК |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
ЭККМК |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы |
Кыргызпатент |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы |
Монополияга каршы агенттик |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги |
ӨЭЖМК |
| Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
УИА |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
СӨП |
| Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы |
Улутстатком |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик |
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик |
КТРК |
| Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы |
ЖӨБО |
| Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ЖМА |
| Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ЖОЖ |
| Жогорку окуу жайлар |
ИИИ |
| Илимий-изилдөө институттары |
КЭУ |
| Коммерциялык эмес уюмдар |
Бизнес-ассоциациялар |
| Кыргызстандын бизнес-ассоциациялары |
"Алтын Түйүн" РБИТАсы |
| "Алтын Түйүн" Республикалык балдар инженердик техникалык академиясы |
ЕАПВ |
| Евразия патенттик ведомствосу |
РМИМА |
| Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясы |
МПТК |
| КР Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасы |
ТИКБ |
| Технологияларды жана инновацияларды колдоо борбору |
ИМ |
| Интеллектуалдык менчик |
ЧУА |
| Ченемдик укуктук актылар |
ЧОИ |
| Чакан жана орто ишканалар |
ИДП |
| Ички дүң продукция |
|
| 2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын 2-тиркемеси |
2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруунун мониторинги жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/Иш-аракеттер | Индикатордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл 2016-жыл | Орто-аралык индикаторлор (жылдык) | Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу орган | ||||
2017 | 2018 | 2019 | 2020 | 2021 | ||||||||
(1) | (2) | (3) | (4) | (5) | (6) | (7) | (8) | (9) | (10) | (11) | (12) | (13) |
I. ИМ жаратуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү | ||||||||||||
1.1 | Авторлорго интеллектуалдык иштин жаңы натыйжаларын жаратууга жана ойлоп табуучулардын, авторлордун жана илимий кызматкерлердин аброюн жогорулатууга өбөлгө түзүү | ИМ объектилерине укуктук коргоо алуу, киргизүү жана коммерциялык пайдалануу процессинде ойлоп табуучулардын, авторлордун жана илимий кызматкерлердин кызыкчылыктарын эске алуучу методикалык сунуштардын долбоорун даярдоо | Методикалык сунуштамалар | Бирдик | 0 | - | - | 1 | - | - | 1 | Кыргызпатент |
Ойлоп табуучуларга, авторлорго жана илимий кызматкерлерге, балдарга алардын инновациялык-чыгармачылык ишин баалоо боюнча дем берүү | Сыйлык | Бирдик | 0 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 25 | Кыргызпатент | ||
1.2 | ИМ объектилерин жаратуу процессине мамлекеттик, илимий-изилдөө жана жеке ишканаларды тартуу | ЖОЖдо жана ИИИде ИМге карата саясатты иштеп чыгуу | Семинар | Бирдик | 0 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 5 | Кыргызпатент ЖОЖдор (макулдашуу боюнча) |
Кызматтык ойлоп табууларга өтүнмөлөрдүн санын көбөйтүүгө көмөк көрсөтүү | Өтүнмө | % | 0 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 6 | Кыргызпатент ЖОЖдор ИИИ | ||
ИМ объектилерин жаратуучу жана пайдалануучу уюмдарды жана ишканаларды сыйлоо жөнүндө жобону бекитүү | Жобо | Бирдик | 0 | 1 | - | - | - | - | 1 | Кыргызпатент | ||
ИМ объектилерин жаратуучу жана пайдалануучу уюмдарды жана ишканаларды сыйлоо | Сый акы | Бирдик | 0 | 3 | 3 | 3 | 3 | 3 | 15 | Кыргызпатент | ||
1.3 | ИМди жаратуу үчүн инфратүзүмдү өнүктүрүү | ПТМБ тармагын 40%га кеңейтүү | Филиал | Бирдик | 24 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 34 | Кыргызпатент |
Патенттик издөө боюнча ПТМБ координаторлорун окутуу | Координатор | Бирдик | 0 | 12 | - | 18 | - | - | 30 | Кыргызпатент | ||
ПТМБ кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын санын көбөйтүү | Пайдалануучу | Бирдик | 1422 | 500 | 500 | 500 | 500 | 500 | 3922 | Кыргызпатент | ||
МПТКнын ресурстарын санарипке өткөрүү | Санариптик документ (бет) | % | 0 | 24 | 25 | 25 | 26 | - | 100 | Кыргызпатент | ||
1.4 | ИМ объектилерин жаратууга мамлекеттик тапшырыктарды түзүү | "Мыкты инновациялык долбоор" деген конкурсту өткөрүү үчүн артыкчылыктуу багыттарды аныктоо | Багыттары | Бирдик | 0 | 2 | 2 | 9 | 2 | 2 | 10 | Кыргызпатент |
1.5 | Таланттуу балдарды жана жаштарды табуунун жана чыгармачылык процесске тартуунун механизмдерин иштеп чыгуу | Таланттуу балдарды жана жаштарды сыйлоо жөнүндө жобону бекитүү | Жобо | Бирдик | 0 | 1 | - | - | - | - | 1 | Кыргызпатент БИМ, ММТМ |
Илимий-техникалык чыгармачылык үчүн таланттуу жаштарга сыйлыктарды уюштуруу | Сый акы | Бирдик | 0 | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 | 50 | Кыргызпатент БИМ, ММТМ | ||
Илимий-техникалык жана чыгармачылык багыттарда республикалык жана облустук конкурстардын, олимпиадалардын көргөзмөлөрдүн жана жарманкелердин санын көбөйтүү | Иш-чара | Бирдик | 0 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 10 | Кыргызпатент БИМ, "Алтын Түйүн" РБИТАсы (макулдашуу боюнча) | ||
1.6 | Илимий-техникалык чыгармачылык ийримдер тармагын кеңейтүү, окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу | Балдар илимий-техникалык чыгармачылык ийримдеринин санын көбөйтүү | Ийрим | Бирдик | 306 | - | 2 | 2 | 2 | - | 6 | Кыргызпатент, БИМ, ЖӨБО |
Балдарды илимий-техникалык чыгармачылык менен камтууну кеңейтүү | Мектеп окуучу/окуучу/студент | % | 0 | 0,4 | 0,4 | 0,4 | 0,4 | 0,4 | 2 | Кыргызпатент, БИМ | ||
1.7 | Жеткиликтүү билим берүү маалымат ресурстарын жана эл аралык жана региондук өнөктөштөрдүн тажрыйбаларын пайдалануу | ИМБДУнун билим берүү программаларына катышуу | Окутулган адис | Бирдик | 0 | - | 20 | 20 | 20 | 20 | 80 | Кыргызпатент УИА, ЖОЖдор (макулдашуу боюнча) |
Эл аралык жана региондук өнөктөштөрдүн тажрыйбасын эске алып, интеллектуалдык менчик жана инновациялык өнүктүрүү маселелери боюнча билим берүү ишин жайылтуу | ИМ чөйрөсүн ДӨ консолидация жана окутуу процесстерин жүргүзүү ыйгарым укугу менен түзүмдүк бөлүмдөр | Бирдик | 0 | 1 | - | - | - | - | 1 | Кыргызпатент | ||
Ар кандай максаттуу топтор үчүн ИМ чөйрөсүндө билим берүү программаларын киргизүү | Окутуу программасы | Бирдик | 0 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 5 | Кыргызпатент | ||
РМИМАда ИМ чөйрөсүндөгү адистерди окутуу | Окутулган адис | Бирдик | 0 | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 | 50 | Кыргызпатент Евразия патенттик ведомство (макулдашуу боюнча) | ||
Башка өлкөлөрдүн патенттик жана патенттик эмес маалыматтарынын маалымат базаларына кирүү мүмкүндүгүн көбөйтүү | Маалымат базасы | Бирдик | 0 | 1 | - | 1 | - | 2 | 4 | Кыргызпатент | ||
1.8 | Өнүгүүдөгү ИМдин ролу жана мааниси жөнүндө коомдун маалыматтуулугун жогорулатуу | Калктын ишеним индексин жогорулатуу | Калктын ишеним индекси | % | 65 | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 | 20 | Кыргызпатент |
Кыргызпатенттин рr-кампаниясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Пиар-кампания | Бирдик | 0 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 5 | Кыргызпатент | ||
"Интеллектуалдык менчик" факультативдик курсу киргизилген окутуу программасында ЖОЖдун санын көбөйтүү | ЖОЖ | Бирдик | 0 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 6 | Кыргызпатент БИМ, ЖОЖдор (макулдашуу боюнча) | ||
1.9 | Региондордогу ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишти активдештирүү | Ойлоп табуучуларды жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу менен маалыматтык иш-чараларды өткөрүү | Иш-чара | Бирдик | 0 | 3 | 3 | 4 | 3 | 2 | 15 | Кыргызпатент |
Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануучулар менен пропагандалык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Иш-чара | Бирдик | 0 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 10 | Кыргызпатент | ||
II. ИМге укук алуунун жана коргоонун механизмдерин өркүндөтүү | ||||||||||||
2.1 | Интеллектуалдык иштин натыйжаларына укук берүүнүн жол-жоболорун жакшыртуу. Өтүнмөлөрдү берүүдө жана карап чыгууда IТ-технологияларын пайдаланууну кеңейтүү | Өтүнмө берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана ИМ объектилерине өтүнмөлөрдү карап чыгуунун мөөнөттөрүн кыскартуу боюнча ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүү | ЧУА | Бирдик | 0 | - | 1 | - | - | - | 1 | Кыргызпатент |
Электрондук документ жүгүртүү тутумун киргизүү. | Электрондук документ жүгүртүү | % | 0 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 100 | Кыргызпатент | ||
Электрондук форматта берилген ИМ объектилерине өтүнмөлөрдүн үлүшүн көбөйтүү | Өтүнмө | % | 0 | 0 | 4 | 6 | 8 | 10 | 10 | Кыргызпатент | ||
ИМ объектилерине электрондук өтүнмө берүү жана карап чыгуу боюнча Кыргызпатенттин ведомстволук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү | Ведомстволук акт | Бирдик | 0 | - | 1 | - | - | - | 1 | Кыргызпатент | ||
2.2 | Контрафакт продукцияларын жайылтуу деңгээлин төмөндөтүү жана укук бузууларга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу | ИМ жаатындагы укук бузууларга бөгөт коюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйындарын өткөрүү | Жыйын | Бирдик | 0 | - | 1 | - | 1 | - | 2 | Кыргызпатент, ЭККМК, МБК Антимонополияга каршы агенттик, ССМ |
"Антиконтрафакт" эл аралык форумуна Кыргызпатенттин өкүлдөрүнүн катышуусун камсыздоо | Катышуучу | Бирдик | 0 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 10 | Кыргызпатент | ||
2.3 | ИМ укуктарын ишке ашыруу процессине жарандык коомду тартуу, талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу үчүн медиация институтун түзүү | ИМ чөйрөсүндө медиацияны киргизүү жана жайылтуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Иш-чара | Бирдик | 0 | - | 1 | - | 1 | - | 2 | Кыргызпатент, Сот органдары, (макулдашуу боюнча) патенттик ишенимдүү өкүлдөр (макулдашуу боюнча) |
ИМге байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү боюнча медиаторлорду окутуу | Медиатор | Бирдик | 0 | - | 1 | 1 | 1 | 1 | 4 | Кыргызпатент РМИМА (макулдашуу боюнча) | ||
2.4 | Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен санариптик чөйрөдө ИМди натыйжалуу коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу | Автордук укукту жана чектеш укуктарды санариптик чөйрөдө коргоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана коомдук талкуулоого алып чыгуу | Сунуштар | Бирдик | 0 | 1 | - | - | - | - | 1 | Кыргызпатент |
2.5 | ИМди сыйлоо маданиятын калыптандыруу | Иш-чаралардын санын (семинарлар, тегерек столдор), анын ичинде республиканын региондорунда көбөйтүү | Иш-чара | Бирдик | 0 | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 | 20 | Кыргызпатент, ЭККМК, Коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) |
III. ИМ объектилерин пайдалануу үчүн шарттарды түзүү | ||||||||||||
3.1 | Бюджет чөйрөсүндөгү уюмдардын ИМди пайдалануу боюнча ишин колдоо | Мамлекеттик ЖОЖдорго ИМ объектилерине байланыштуу коммерциялык ишти жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылчылыгы жөнүндө маселелер боюнча концепция иштеп чыгуу | Концепция | Бирдик | 0 | - | - | 1 | - | - | 1 | Кыргызпатент, БИМ, ЖОЖдор, УИА (макулдашуу боюнча) |
ЖОЖдо жана ИИИде жаратылган ИМ объектилерин колдонууга көмөктөшүү | Долбоор | Бирдик | 7 | 3 | 3 | 3 | 3 | 3 | 15 | Кыргьгзпатент, ЖОЖдор, УИА, ИИИ (макулдашуу боюнча) | ||
Бюджеттик уюмдарды каржылоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органга автордук сый акыны төлөп берүү боюнча сунуштарды киргизүү | Сунуш | Бирдик | 0 | - | 1 | - | - | - | 1 | Кыргызпатент, ММТМ (театрлар жана филармония), КТРК | ||
Ишканалар жана бюджеттик уюмдар үчүн патент таануучу адистерди даярдоо | Патент таануучу-адис | Бирдик | 0 | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 | 20 | Кыргызпатент, УИА (макулдашуу боюнча) | ||
3.2 | ЧОИге фискалдык, административдик жана мыйзам ченемдерин иштеп чыгуу аркылуу ИМ объектилерин киргизүүгө өбөлгө түзүү | "ИМ объектилерин коммерциялаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | ЧУА долбоору | Бирдик | 0 | 1 | - | - | - | - | 1 | Кыргызпатент |
ИМ объектилерин жаратууга жана пайдаланууга жеке инвестицияларды тартуу үчүн механизмдерди иштеп чыгуу | Сунуштар | Бирдик | 0 | 1 | 1 | 1 | - | - | 3 | Кыргызпатент | ||
3.3 | Жеткиликтүү адистештирилген билим берүү программаларын пайдалануу менен ИМди илгерилетүү, баалоо жана башкаруу боюнча адистерди даярдоо | Өнөктөштөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен ИМ объектилерин башкаруу боюнча окуу программаларын иштеп чыгуу | Окутуу программасы | Бирдик | 0 | - | 1 | 1 | - | - | 2 | Кыргызпатент |
ИМди башкаруу боюнча адистерди окутуу | Окутулган адис | Бирдик | 0 | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 | 20 | Кыргызпатент | ||
3.4 | ИМ авторлорунун жана бизнес-түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү үчүн демонстрациялык аянтчаларын түзүү | Авторлордун жана бизнес-түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү үчүн иш-чараларды (семинарлар, көргөзмөлөр. жарманкелер) өткөрүү | Көргөзмө/жарманке | Бирдик | 0 | 1 | - | 1 |
| - | 2 | Кыргызпатент |
Коммуникациялык аянтчаларды (электрондук форумдар, технопарктар, бизнес-инкубаторлор, start-up) түзүү | Электрондук форум/технопарк/бизнес-инкубатор/start-up | Бирдик | 0 | 1 | 2 | 1 | 1 | - | 4 | Кыргызпатент, ӨЭЖМК, Экономмин, БИМ, Айылчарбамин, ТЖМ | ||
3.5 | ИМди жаратуу жана пайдалануу процесстеринде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү | Өлкөнүн инновациялык өнүгүүсүнө бизнести катыштыруу маселелери боюнча маалыматтык иш-чараларды (тегерек столдор, конференциялар, форумдар, семинарлар, диспут-клубдар ж.б.) өткөрүү | Иш-чара (тегерек стол/конференция/форум/семинар/диспут-клуб | Бирдик | 0 | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 | 20 | Кыргызпатент, Инвестицияларды тартуу боюнча агенттик, Экономмин, СӨП (макулдашуу боюнча) Бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
Маалыматтык материалдарды (брошюралар, буклеттер, жарыялоолор, видеороликтер ж.б.) чыгаруу | Китепче/буклет/жарыялоо/видеоролик | Бирдик | 0 | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 | 50 | Кыргызпатент | ||
3.6 | ИМге негизделген ата мекендик инновациялык долбоорлорду тандоо жана өндүрүшкө киргизүү үчүн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттарын тартуу | ИМ жаатында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду менен кызматташуу жөнүндө меморандум түзүү | Меморандум | Бирдик | 0 | 1 | - | - | - | - | 1 | Кыргызпатент |
3.7 | Инновациялык ишти талдоонун жана болжолдоонун, жаны технологияларды өнөр жай өндүрүшүнө киргизүү даражасын аныктоонун методикасын өркүндөтүү | Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен ИМ объектилери жана инновациялык иш боюнча статистикалык маалыматтарды жыйноонун жана иштеп чыгуунун методикасын өркүндөтүү | Методика | Бирдик | 0 | - | - | - | 1 | - | 1 | Кыргызпатент, Улутстатком |
3.8 | Региондордо инновациялык өнүктүрүү маселелерин (тармактык жана кластердик) программаларга киргизүү | Региондук (тармактык жана кластердик) программаларга кошуу үчүн сунуштарды киргизүү | Сунуш | Бирдик | 0 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 5 | КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА (макулдашуу боюнча) ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Кыргызпатент |
Долбоор
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-июлундагы № 424 токтому менен бекитилген |
2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы кырдаал
Өнүгүүнүн азыркы этабында мамлекеттер аралык мамилелер тутумундагы өлкөнүн ролу жана орду, экономиканын атаандаштыкка жөндөмү жана улуттук коопсуздугу көпчүлүк учурда өлкөнүн инновациялык өнүгүү деңгээлине байланыштуу болот. Ошондуктан Кыргыз Республикасында инновациялык тутумду, интеллектуалдык менчик (мындан ары - ИМ) рыногун түзүү өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарынын бири болуп саналат.
Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү негизине инновациялар, жаны технологиялар, ИМди өнүктүрүүгө басым жасалган "билим экономикасына" өтүштү. Акыркы жылдардын ичинде дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө ИДПнын өсүшүнүн 70%га чейинкиси жаңы технологияларды жана илим сыйымдуу өндүрүштү түзүү жана киргизүү аркылуу түзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын экономикалык потенциалы кыйла өнүккөн өлкөлөргө республикабыздын айрым финансылык жана технологиялык жактан көз карандылыгын белгилейт. Кыргыз Республикасынын маанилүү соода жана инвестициялык өнөктөштөрү болуп Россия, Кытай, Европа биримдиги, Америка Кошмо Штаттары, Түркия, Япония, Германия, Швейцария, Улуу Британия жана башка өлкөлөр эсептелет.
Алар менен кызматташтыкта Кыргыз Республикасы экономика тутумун мындан ары реформалоо жана рынок мамилелерин киргизүү боюнча күч-аракеттерин жумшап жатат. 1998-жылы Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү менен, эл аралык стандарттарга ылайык тышкы соода чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарды, анын ичинде ИМ укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашуунун алкагында ИМ чөйрөсүнө тиешелүү ченемдерди шайкештеген.
2015-жылы Кыргыз Республикасынын ИДПсы негизинен айыл чарбасынын (14%), иштетүү өнөр жайынын (15,3%), курулуштун (8,3%), соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн (50,3%) эсебинен түзүлгөн.
Экономиканын мындай түзүмү тышкы чөйрөгө начар ыңгайлашкан жана туруктуу капитал агымынан көз каранды.
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү деңгээли, ошондой эле донор-өлкөлөрдөн жана эл аралык финансылык институттардан белгилүү бир деңгээлде көз карандылыгы республикага глобалдуу каатчылыкка толук өлчөмдө өз алдынча каршы турууга мүмкүнчүлүк бербейт.
Евразия экономикалык бирлигине кирүү экономиканын айрым тармактарын, өзгөчө өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүнүн мүмкүнчүлүгүн реформалоону талап кылат. Технологиялык базаны масштабдуу жаңылоо, инновацияларга бизнестин жакындыгын жогорулатуу, инновациялык багыттагы түз инвестицияларды көбөйтүү, адам капиталын өнүктүрүү, инновациялык ишти колдоо жана ага өбөлгө түзүү зарыл.
2. Учурдагы кырдаалды талдоо
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында инновацияларды киргизүүнүн негизинде өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмүн жакшыртуу артыкчылыктуу багыттардын бири катары аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасында мындай деп белгиленген: "Экономиканы жаңылоо техникалык кайра жабдууну жана заманбап технологияларды экономиканын келечектүү багыттарына киргизүүнү талап кылат. Кыргыз Республикасынын экономикасы жаңы технологиялар жана инновациялар үчүн ачык болушу керек, аларга фискалдык, административдик жана мыйзамдык ченемдер аркылуу дем берилүүгө тийиш".
Инновациялык ишти жана ИМди өнүктүрүүгө багыт алуу өлкөнүн жетекчилиги тарабынан колдоого алынып жаткандыгына карабастан, финансы каражаттарынын чектелүүсү бул процессти толук өлчөмдө баштоого мүмкүнчүлүк бербейт. Жарандык коом институттары жана ишкерлер чөйрөсү ИМ идеяларын жайылтууга жетишээрлик кызыкдар болбой алардын өнүгүүсү үчүн ачылган мүмкүнчүлүктөрдү түшүнө албай жатышат.
"Doing business" эл аралык рейтинги бизнести жүргүзүү үчүн чөйрөнүн абалын чагылдырат жана бул багытта алга илгерилөөнүн натыйжаларын жакшыртуучу багыттардын бири болуп эсептелет. Ушул рейтингге ылайык 2016-жылы Кыргыз Республикасы 35 позицияга көтөрүлгөн жана дүйнөнүн 189 өлкөсүнүн ичинен 67-орунда турат.
Ааламдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси өлкөнүн колдо болгон ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жөндөмүн баалайт. Бул рейтинг боюнча 2015-жылы Кыргыз Республикасы 13 позицияга көтөрүлүү менен, 108-орунду ээлеп, өз позициясын бир кыйла жакшырткан жана 2016-жылы дүйнөдөгү 138 өлкөнүн ичинен 111-орунду ээлеген.
"Экономикалык эркиндик индекси" рейтингинде өлкө дүйнөдөгү 186 өлкөсүнүн ичинен 96-орунда турат.
Мунун бардыгы өлкөдө инвестициялык иш, анын ичинде инновациялык чөйрө үчүн жагымдуу шарттар ырааттуу түзүлүп жаткандыгын айгинелейт.
Жетишилген натыйжаларга карабастан, инновациялык технологияларды тартууга жана ИМ чөйрөсүндө укуктук мамилелерди өнүктүрүүгө инвестицияларды багыттоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча мындан аркы ишти күчөтүү зарыл.
Кыргыз Республикасы гидроэнергетиканы өнүктүрүү үчүн зор потенциалга ээ, бул ИМге негизделген жаңы энерготехнологияларды тартууга жана түзүүгө, өзгөчө Кыргыз Республикасынын гидроэлектрстанциялар тармагын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
Республиканын аймагында эки миңден ашуун пайдалуу кен чыккан жерлер бар. Мындай кендерди иштетүүдө жаңы технологияларды киргизүү зарылдыгы бул тармакта ойлоп табуучулукту жана инновациялык ишти жигердештирүүгө түрткү бере алат.
Кыргыз Республикасында айыл чарба потенциалын өнүктүрүү үчүн жагымдуу климаттык шарттар бар. Жаңы ИМ объектилерин түзүү жана ишке киргизүү үрөнчүлүктү, дыйканчылыкты, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү жана айыл чарба продуктуларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн ички жана тышкы рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Калктын жыргалчылыгынын негизги социалдык көрсөткүчтөрүн аныктоочу адам өнүгүүсүнүн индексине ылайык, Кыргыз Республикасы 2015-жылы 188 өлкөнүн ичинен 120-орунду ээлеген. Бул индексти аныктоодо калктын кирешелеринин деңгээли чоң роль ойнойт.
Азыркы убакта ИМ чөйрөсүндө төмөнкү тенденциялар байкалат:
- калктын кирешесинин деңгээлинин төмөндүгү, ал контрафакт, анын ичинде адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү продукциянын кеңири жайылышына өбөлгө түзөт. Мындай тенденция укуктук мамлекет катары Кыргыз Республикасынын кадыр-баркына да таасир этет.
- авторлордун жана ойлоп табуучулардын укуктарын бузуу алардын байгерчилигинин деңгээлине таасир этет, бул алардын чыгармачылык жигердүүлүгүн төмөндөтөт.
- ойлоп табуучулук жана чыгармачылык чөйрөнүн кызматкерлеринин аброюнун баркын кетирүү жаштардын мындай кесиптерге кызыгуусун жоготууга алып келди.
Ошентип, биринчи планга контрафакттык продукцияга жол бербөөнүн атмосферасын түзүүгө, ошондой эле чыгармачыл кесиптердин маанилүүлүгүн жогорулатуу менен, авторлордун жана ойлоп табуучулардын укуктарын сактоого байланышкан маселелер чыгат.
Дүйнөлүк практикада маалыматтык-коммуникациялык технология, анын ичинде Интернет жаңы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүгө, ачылыштарга жана ойлоп табууларга өбөлгө түзөт.
Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүнүн индекси боюнча 2011-жылдан тартып Кыргыз Республикасы өз позицияларын 15 пунктка жакшырткан жана дүйнөнүн 166 өлкөсүнүн ичинен 97-орунду ээлеген.
Кыргыз Республикасында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүнүн динамикасы дүйнөлүк маалымат базаларына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү менен, ИМ чөйрөсүнө позитивдүү таасир тийгизет. Ошентип, техникалык прогресс ыкчамдайт жана техникалык инновациялар менен эл аралык алмашуу жол-жоболору жөнөкөйлөтүлөт.
Кыска мөөнөттүн ичинде өзүнүн өнүгүшүндө ийгиликтерге жетише алган өлкөлөр буга жеке инновациялык мүмкүнчүлүгүн акырындап өстүрүү аркылуу кеңири масштабда технологияларды өздөштүрүүнүн эсебинен жетише алышкан. Япония, Түштүк Корея, Гонконг жана Сингапур сыяктуу өлкөлөр өздөштүрүүнүн саясатын 1950-жылдардан тартып жүргүзүшкөн жана 20-30 жылдан кийин өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине жетишкен.
Технологияларды өздөштүрүү практикасы Кыргыз Республикасында кеңири өсүүгө ээ болгон жок. Ошентип, 2012-2016-жылдар мезгилинде өлкөдө технологияларды өткөрүп берүүгө бир дагы лицензиялык келишим катталган эмес.
Жүргүзүлгөн SWOT анализинин негизинде төмөнкүдөй натыйжалар белгиленген:
Колдонулуп жаткан ИМ тутумунун күчтүү жактарына төмөнкүлөр кирет:
- ИМ чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык шайкештелген;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 593 токтому менен бекитилген, 2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруунун натыйжалары боюнча инновациялык ишти өнүктүрүү үчүн негиздер түзүлгөн;
- ар кандай форумдарга катышуунун жардамы менен, анын ичинде ааламдык тармактарга пайдалануу менен ИМ жана инновациялар чөйрөсүндөгү эл аралык маалымат алмашуу үчүн шарттар түзүлгөн;
- Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун улуттук тармагы түзүлгөн;
- укук коргоо жана башка кызыкдар мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн ИМ чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу жана методикалык камсыздоону иштеп чыгуу үчүн шарттар түзүлгөн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (мындан ары - Кыргызпатент) каражаттарынан авторлорду жана ойлоп табуучуларды материалдык өбөлгөлөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн;
- республиканын патенттик фонду иштейт, анын базасында колдонуучуларга мурда мүмкүн болбогон кирүү мүмкүндүгүн берүү үчүн электрондук ресурстар түзүлүүдө;
- өнөр жайына киргизүүгө колдоо көрсөтүү үчүн ойлоп табуулардын негизинде кыйла келечектүү долбоорлорду тандоо боюнча "Мыкты инновациялык долбоор" деген аталышта жыл сайын улуттук конкурс өткөрүлөт;
- ИМдин ролу жана мааниси жөнүндө коомго кеңири маалымат берүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз байланыш түзүлгөн.
Начар жактарына төмөнкүлөр кирет:
- ИМ объектилерин түзүүгө жана пайдаланууга инвестицияларды жетишсиз тартуу;
- жеткиликтүү адистештирилген билим берүү программаларынын жана маалымат базаларынын жетишсиз пайдаланылышы;
- ЖОЖдордо, ИИИ жана өнөр жай ишканаларында ИМге карата саясий мамиленин жоктугу;
- илимий-техникалык чыгармачылыкка балдардын жана жаштардын начар тартылышы;
- ИМдин жаңы натыйжаларын жаратууга авторлордун жана ойлоп табуучулардын жөйөлүү негиздеринин жетишсиздиги;
- ойлоп табуучулук жана инновациялык иште региондордун жигердүүлүгүнүн төмөндүгү;
- ИМ укуктарын бузуулардын юридикалык натыйжалары жана контрафакт продукцияларында зыяндуулугу жөнүндө маалыматтык өнөктүктүн начардыгы;
- ИМ объектилерине электрондук өтүнүчтөрдү берүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;
- ИМ чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын кадрдык патенциалдын жетишсиздиги;
- Ведомстволор аралык байланыштын жоктугунун натыйжасында ИМ укуктарын бузууларга каршы күрөштүн натыйжалуулугунун төмөндүгү;
- ИМди коргоо жана ИМ жаатындагы талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн өнүгүшүнүн жетишсиз деңгээли;
- санариптик чөйрөдө ИМ укуктарын коргоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын жоктугу.
- зарыл болгон инфратүзүмдүн (технополистер, технопарктар, бизнес-инкубаторлор, start-up) жоктугу;
- ички жана тышкы рыноктордо ата мекендик ишканалардын продукциясынын атаандаштыкка жөндөмүнүн төмөндүгүнө алып келген инновацияларды пайдаланууга бизнес-чөйрөлөрдүн жүйө-себептеринин жоктугу;
- ИМдин жаратмандары менен пайдалануучуларынын ортосунда өз ара аракеттенүүнүн начардыгы, ИМди башкаруу боюнча адистердин жетишсиздиги;
- илимий-техникалык жана инновациялык ишти өнүктүрүүнү болжолдоо жана баалоо методикасынын жоктугу;
- мамлекеттик ЖОЖдор үчүн интеллектуалдык иштин натыйжаларын коммерциялаштыруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;
- ИМ объектилерин киргизүүдөн коммерциялык пайда алуунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтык өнөктүктүн начардыгы.
Тышкы чөйрөнү талдоо ИМ тутумун өнүктүрүү үчүн төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү тапты:
- ИМ тутумун мындан ары өнүктүрүү жана ИМди башкаруу боюнча адистерди даярдоо үчүн маалыматтык, билим берүү, методикалык ресурстарды, ошондой эле эл аралык жана региондук өнөктөштөрдүн тажрыйбаларын пайдалануу;
- жаратылыш ресурстарын натыйжалуу өздөштүрүү үчүн жаңы технологияларды жана инновацияларды түзүүгө мамлекеттик буйрутмаларды конкурстук негизде түзүү;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип Кыргызпатент тарабынан адистештирилген окутуу программаларын пайдалануу менен балдар жана жаштардын техникалык чыгармачылык борборлор тармактарын кеңейтүү;
- ИМди коргоо чөйрөсүндө кызматташууга, ИМ жөнүндө билимди жайылтуу үчүн, ИМ укуктарын сыйлоого тарбиялоо үчүн контрафакт продукциясынын зыяндуулугу жөнүндө маалымдоо, жарандык коомдун өкүлдөрүн кызматташууга тартуу;
- ИМ объектилерине укук алууда арыз ээлеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн заманбап IТ-технологияларын пайдалануу;
- 2015-жылдын 8-сентябрындагы ИМ объектилеринин укуктарын коргоо боюнча аракеттерди координациялоо жөнүндө Евразия экономикалык бирлигинин Келишиминин алкагында контрафакт продукциясынын таралышынын деңгээлин төмөндөтүү жана ИМ укуктарын коргоону күчөтүү;
- санарип чөйрөсүндө ИМ укуктарын коргоо боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбаларын пайдалануу;
- Евразия экономикалык бирлигинин алкагында түзүлгөн технологиялар трансферинин жана технологиялар платформаларынын тармактары аркылуу Кыргыз Республикасынын инновацияларын алга илгерилетүү жана инновациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү;
- республиканын ишканаларын жаңы технологияларды түзүүгө жана киргизүүгө көмөк берүүчү ченемдик укуктук актылар долбоорлорун иштел чыгууга демилгелөө;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жана бизнес-ассоциациялар потенциалын ИМди жаратуучулардын бизнес-чөйрө менен өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтча катары пайдалануу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен бирге эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен илимий-техникалык жана инновациялык ишти өнүктүрүүнү баалоонун методикасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондуна инвестициялоо үчүн келечектүү ата мекендик инновациялык долбоорлорду сунуштоо.
ИМ тутумуна терс таасир этүүгө жөндөмдүү сырткы коркунучтар:
- дүйнөдө финансы-экономикалык каатчылыктын мындан ары тереңдеши;
- илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жигердүү каржылоого мүмкүндүк бербеген республикалык бюджеттин тартыштыгы;
- ойлоп табуучулуктун жана чыгармачылык иштин аброюнун мындан ары төмөндөшү, бул түзүлүүчү ИМ объектилеринин санынын кыскарышына алып келет.
3. Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик тутумунун абалын талдоо
ИМ тутумуна төмөнкүлөр кирет:
- Кыргызпатент - ИМди коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
- Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана, ИМдин Мамлекеттик фонду - Кыргызпатенттин ведомствого караштуу түзүмдөрү;
- ИМ объектилеринин бажы реестрине киргизилген укук ээсинин укуктарын коргоо боюнча бажы чараларын ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;
- ИМ чөйрөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштерди жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат;
- ак ниет эмес атаандаштыктын алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
- ИМ чөйрөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароочу Кыргыз Республикасынын сот органдары;
- Эл аралык соода жана ИМ жаатындагы Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин юридикалык жактарынын жана жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы;
- чет өлкөлүк арыз ээлеринин жана укук ээлеринин кызыкчылыктарын козгоочу патенттик ишенимдүү өкүлдөр;
- ойлоп табуучулар, авторлор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, илимий-изилдөө жана ИМди жаратуучу билим берүү институттары;
- ИМдин гана укуктарына ээ болгон укук ээлери.
ИМ объектилери түзүлүүчү негизги аянтчалар болуп билим берүү. илимий-изилдөө уюмдары жана ишканалар саналат. ИМ рыногунун эң маанилүү катышуучусу болуп техникалык чечимдердин, илимий же адабий чыгармалардын авторлору эсептелишет. Бул авторлор укуктары кызмат берүүчүгө таандык болгон кызматтык чыгармалардын же ойлоп табуулардын өз алдынча укук ээлери, авторлору болуп саналышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасында патент алууга арыздардын дээрлик 70%ы жеке адамдар, 30%га жакыны - ЖОЖдор жана ИИИлер тарабынан берилет. Бизнес-түзүмдөр ИМди жаратууда жигердүүлүгү төмөн субъектилер болуп саналышат.
Азыркы убакта 2500дөн ашуун авторлордун эсеби бар, анын ичинен 655 автор мүлктүк укуктарын башкарууга ыйгарым укуктарын Кыргызпатентке өткөрүп беришкен.
Ойлоп табуучулукту жана чыгармачылыкты өркүндөтүүнүн эн маанилүү шарты болуп балдарга жана жаштарга өбөлгө түзүү эсептелет. Азыркы учурда республиканын аймагында жалпысынан 80 миңге жакын балдарды камтыган мектептен тышкаркы 133 мекеме иштейт, бул мектеп окуучуларынын жалпы санынын 8%ын түзөт.
Мамлекетти технологиялык өнүктүрүүнүн критерийи болуп патенттерге өтүнүчтөрдүн саны эсептелет. Дүйнөдө патенттерге өтүнүч берүү жаатындагы жигердүүлүк 2014-жылы 9%га өскөн. Кытай менен Америка Кошмо Штаттарына патенттерге өтүнүчтөрдүн жалпы дүйнөлүк көлөмүнүн 54%дан көбүрөөгү туура келет.
Кыргыз Республикасында акыркы 5 жылда патент алууга өтүнүчтөрдүн келип түшүүсүнүн өсүшү иш жүзүндө жокко эсе жана бир жылда 100-110 өтүнүч деңгээлинде кармалып турат, алардын 99%ы улуттук өтүнүч ээлери тарабынан берилген.
Товардык белгилер жекелештирүү каражаты катары компанияларды өнүктүрүүдө маанилүү ролду ээлейт. Дүйнөдө товардык белгилерге өтүнүчтөрдүн саны 2013-жылга салыштырганда 2014-жылы 6,9%га өскөн. Товардык белгилерди каттоо жаатында жигердүүлүк даражасы боюнча лидерлер болуп Кытай, Америка Кошмо Штаттары, Европа биримдиги эсептелет. Кыргыз Республикасында акыркы 5 жылда товардык белгилерге өтүнүчтөрдүн өсүүсү байкалбайт.
Евразия экономикалык бирлиги өлкөлөрүндө улуттук өтүнүч ээлеринин жигердүүлүгү белгиленүүдө, аларда товардык белгилерди каттоого өтүнүчтөрдүн жалпы санында улуттук өтүнүчтөрдүн үлүшү төмөнкүлөрдү түзөт: Армения - 65%, Беларусь - 72%, Казакстан - 56%, Россия - 76%. Кыргыз Республикасында өтүнүчтөрдүн 38%ы гана улуттук өтүнүч ээлери тарабынан берилген.
Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине киргендигине байланыштуу бажы чек араларынын ачылышы товардык белгилердин ээлеринин бажы чек арасында өз укуктарын коргоонун жигердүүлүгүн арттырды. Ошентип, 2012-жылдан 2016-жылдын июнуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы реестрине киргизилген товардык белгилердин саны 3төн 209га чейин өстү.
Лицензиялык келишимдер рыногун изилдөөдө товардык белгилерди пайдаланууга чет өлкөлүк субъектилердин ортосунда түзүлгөн келишимдер маанилүү үлүштү (84,4%) ээлей тургандыгын көрсөттү, бул лицензиялык келишимдер рыногунда ата мекендик бизнестин жигердүүлүгүнүн начардыгын көрсөтөт.
ИМ объектилерине патент алууга жана аларды каттоого келип түшкөн өтүнүчтөрдү талдоо Кыргыз Республикасынын аймактарынын жигердүүлүгүнүн төмөндүгүн көрсөтөт. Ошентип, Бишкек шаарына патенттерге өтүнүчтөрдүн 90%дан ашыгы туура келет, 73% - товардык белгилерди каттоого, 80% - автордук сый акыларды жыйноо боюнча. Бул аймактарда ИМдин маанилүүлүгү жөнүндө маалыматтын жетишсиздигин күбөлөйт.
Кыргыз Республикасында ИМ тутумунун абалын талдоодо ИМ тутумунун натыйжалуулугуна таасир этүүчү төмөнкү негизги факторлор аныкталды:
- ИМ объектилерин жаратуу жана пайдалануу үчүн финансылык камсыздоо жана инвестицияларды тартуу;
- ИМди жаратууга авторлорду жана ойлоп табуучуларды, ЖОЖдорду, ИИИлерди, ишканаларды өбөлгөлөө;
- балдарды жана жаштарды илимий-техникалык чыгармачылыкка тартуу;
- патенттик изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн уюмдарды жана ишканаларды кадрлар менен камсыздоо;
- ИМге укуктук коргоо берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосу;
- патенттик жана патенттик эмес маалымат базаларына кирүү мүмкүндүгү;
- коомдун жана укук ээлеринин кызыкчылыктарынын балансын сактоо менен ИМ укуктарын коргоо;
- контрафакт продукциясынын деңгээли;
- санариптик чөйрөдө ИМ укуктарын коргоо механизмдери;
- ИМ объектилерин жайылтууга чарба жүргүзүүчү субъектилерди ченемдик өбөлгөлөө;
- инновациялык иштин өнүккөн инфратүзүмү (технопарктар, технололистер, бизнес-инкубаторлор ж.у.с.);
- ИМди жаратуучулар менен бизнес-түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү;
- ИМ объектилерин-коммерциялаштыруу механизмдеринин болушу;
- ИМ объектилерин баалоону жана башкарууну алга илгерилетүүнү кадрдык жактан камсыздоо;
- ИМ жана инновациялык өнүгүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк.
4. Артыкчылыктуу багыттар
Ушул Мамлекеттик программанын стратегиялык максаты болуп 2021-жылга ИМ рыногун иштетүү үчүн шарттарды түзүү саналат.
Ал үчүн төмөнкү максаттарга жетүү зарыл:
ИМди түзүү боюнча потенциалды күчөтүү.
Бул максатка жетүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл:
- авторлорго интеллектуалдык иштин жаңы натыйжаларын түзүүгө жана ойлоп табуучулардын, авторлордун жана илимий кызматкерлердин аброюн жогорулатууга өбөлгө түзүү;
- ИМ объектилерин жаратуу процессине мамлекеттик, илимий-изилдөө жана жеке ишканаларды тартуу;
- интеллектуалдык менчикти жаратуу үчүн инфратүзүмдү өнүктүрүү;
- ИМ объектилерин жаратууга мамлекеттик тапшырмаларды түзүү;
- таланттуу балдарды жана жаштарды табуунун жана аларды чыгармачылык процесске тартуунун механизмдерин иштеп чыгуу;
- илимий-техникалык чыгармачылык борборлор тармагын кеңейтүү, окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу;
- жеткиликтүү билим берүү жана маалымат ресурстарын жана эл аралык. региондук өнөктөштөрдүн тажрыйбасын пайдалануу;
- өнүгүүдөгү ИМдин ролу жана мааниси жөнүндө коомдун маалыматтуулугун жогорулатуу;
- региондордо ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишти жигердендирүү.
ИМ укуктарын алуунун жана коргоонун механизмдерин өркүндөтүү.
Бул максатка жетүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл:
- интеллектуалдык менчик натыйжаларына укук берүүнүн жол-жобосун өркүндөтүү;
- өтүнүчтөрдү берүүдө жана карап чыгууда IТ-технологияларды пайдаланууну кеңейтүү;
- контрафакт продукциясын жайылтуунун деңгээлин төмөндөтүү жана укук бузууларга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу;
- ИМ укуктарын ишке ашыруу процессине жарандык коомду тартуу, талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу үчүн медиация институтун түзүү;
- эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен санариптик чөйрөдө ИМди натыйжалуу коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу;
- ИМге урмат-сый көрсөтүүнүн маданиятын калыптандыруу.
ИМ объектилерин пайдалануу үчүн шарттарды түзүү.
Бул максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл:
- бюджеттик чөйрөдөгү уюмдар тарабынан интеллектуалдык менчикти пайдалануу боюнча ишке колдоо көрсөтүү;
- ИМ объектилерин киргизүүгө чакан жана орто ишканаларга өбөлгө түзүү;
- жеткиликтүү адистештирилген билим берүү программаларын пайдалануу менен ИМди алга илгерилетүү, баалоо жана башкаруу боюнча адистерди даярдоо;
- ИМ авторлору менен бизнес-түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү үчүн демонстрациялык-тажрыйба аянтчаларды түзүү;
- Евразия экономикалык бирлигинин алкагында түзүлүүчү технологиялар трансферинин жана технологиялык платформалар тармагы аркылуу инновацияларды алга илгерилетүү жана тартуу;
- ИМди жаратуу жана пайдалануу процесстеринде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү;
- ИМге негизденген ата мекендик инновациялык долбоорлорду тандап алуу жана өндүрүшкө киргизүү үчүн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттарын тартуу;
- инновациялык ишти талдоо жана алдын ала божомолдоо жүргүзүүнүн, жаңы технологияларды өнөр жай өндүрүшүнө киргизүү даражасын аныктоонун мүчөлөрүн өркүндөтүү,
- инновациялык өнүктүрүү маселелерин региондук (тармактык жана кластердик) программаларга киргизүү.
Ушул Мамлекеттик программаны алга илгерилетүүнү жана ишке ашырууну реалдуу баалоо мүмкүндүгүн алуу үчүн сандык жана сапаттык индикаторлор иштелип чыккан, алар ушул Мамлекеттик программанын 2-тиркемесинде келтирилген, аны ишке ашыруу боюнча мониторинг жана баалоо индикаторлору матрицасында деталдуу чагылдырылган.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргызпатенттин ишин модернизациялоо
Ушул Мамлекеттик программаны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн функциялык талдоонун негизинде Кыргызпатенттин түзүмүн, ошондой эле жумуш процесстерин жана кызматкерлердин компетенциясын оптималдаштыруу пландалууда. Ар бир адистин жоопкерчилигинин жогорулугу жалпы эле Кыргызпатенттин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун негизги фактору болуп эсептелет.
Жумуш процесстерин башкаруунун жана сапатын контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ISO 9001 негизинде менеджмент тутуму киргизилүүгө тийиш. Кыргызпатент тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына абдан көңүл бурулууга тийиш, бардык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик форматка өткөрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүү зарыл.
Иш-чараларды (семинарларды, тегерек столдорду, тренингдерди) өткөрүүдө алардын натыйжалуулугуна басым жасоо менен заманбап формаларды жана ыкмаларды колдонуу зарыл.
Адам ресурстарын башкаруу саясатын түзүү керек, анда төмөнкүлөр аныктоочу факторлор болуп калууга тийиш:
- кызматкерлердин кесиптик ишинин натыйжаларына талаптар;
- аттестациянын натыйжалары боюнча кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу зарылдыгын аныктоо;
- коррупциялык коркунучтарды төмөндөтүү;
- корпоративдик лоялдуулукту калыптандыруу.
ИМ объектилерине өтүнүчтөрдү берүүдө өтүнүч ээси менен Кыргызпатенттин адистеринин электрондук өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле өтүнүчтөрдү карап чыгуунун айкындуулугун камсыздоо максаттарында тиешелүү программалык камсыздоону киргизүү пландалууда. Бул өтүнүч ээлерине өтүнүчтү карап чыгуу процессин көзөмөлдөп турууга мүмкүндүк берет.
Кыргызпатенттин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 651 токтому менен бекитилген 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну ("электрондук өкмөт") киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасына ылайык электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү пландалууда.
Ушул Мамлекеттик программа аталган Мамлекеттик программанын 1-тиркемесине ылайык Аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына, ошондой эле Кыргызпатенттин жыл сайын бекитилүүчү планына карата ишке ашырылат.
6. Финансылык камсыздоо
Ушул Мамлекеттик программаны ишке ашыруу, аны ишке ашыруу үчүн аткаруучулардын - мамлекеттик органдардын чыгым сметаларынын алкагында финансы каражаттарын бөлүүнү караштырат. Ошондой эле методикалык, техникалык, кеңеш берүүчүлүк жана башка жардам түрүндө эл аралык жана региондук уюмдардын колдоосу болжолдонууда.
Мамлекеттик программаны ишке ашырууга жооптуу негизги орган катары Кыргызпатент өзүнүн жана өнөктөштүк ресурстарын тартат.
Мамлекеттик программаны финансылык камсыздоо (миң сом) | |||||
2017-жыл | 2018-жыл | 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл | Бардыгы |
30119,0 | 36902,0 | 33042,5 | 23346,0 | 20980,0 | 14489,5 |
Ушул Мамлекеттик программанын аткарылбай калуу коркунучтары Мамлекеттик программаны ишке ашыруудагы негизги коркунучтар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- программалык иш-чаралардын толук каржыланбай калышы;
- тиешелүү ченемдик укуктук актылардын кабыл алынбай калышы;
- программанын максаттарынан ИМ тутумунун катышуучуларынын ведомстволук кызыкчылыктарынын үстөмдүк кылуусу;
- ИМ тутумундагы коррупциялык көрүнүштөр.
7. Ушул Мамлекеттик программаны аткаруу мониторинги, баалоо жана аны контролдоо
Мамлекеттик программаны ишке ашыруу иш-чаралар планы аркылуу жүзөгө ашырылат. Ушул Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн конкреттүү өлчөө индикаторлорун камтыган мониторинг жана баалоо тутуму иштелип чыккан. Мониторинг процессине зарыл болгон учурда коомдук уюмдар жана көз карандысыз институттар тартылат. Кыргызпатент квартал сайын учурдагы абалды баалоо максатында аткаруунун мониторингин өткөрүп турат жана ушул Мамлекеттик программаны оңдоп-түзөө боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет.
2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын 1-тиркемеси |
2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/Иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Бюджет (тыс. сом) |
I. ИМди жаратуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү | ||||||
1.1 | Авторлорго интеллектуалдык иштин жаңы натыйжаларын түзүүгө жана ойлоп табуучулардын, авторлордун жана илимий кызматкерлердин кадыр-баркын көтөрүүгө колдоо көрсөтүү | ИМ объектилерине укуктук коргоо алуу, ишке киргизүү жана коммерциялык пайдалануу процессинде ойлоп табуучулардын, авторлордун илимий кызматкерлердин кызыкчылыктарын эске алуучу методикалык сунуштамалардын долбоорун даярдоо | 2019-жылдын I жарым жылдыгы | Ойлоп табуучулардын, авторлордун жана илимий кызматкерлердин кадыр-баркын көтөрүү. ИМдин жаңы объектилерин жаратууга шыктандыруу жана сыйлоо | Кыргызпатент | 144,0 |
Ойлоп табуучулардын, авторлордун жана илимий кызматкерлердин, балдардын жана жаштардын инновациялык-чыгармачылык ишин баалоо аркылуу аларды шыктандыруу | Жыл сайын | Кыргызпатент | 6400,0 | |||
1.2 | ИМ объектилерин жаратуу процессине мамлекеттик, илимий-изилдөө жана жеке ишканаларды тартуу | Жогорку окуу жайларда жана ИИИде ИМге карата саясатты калыптандыруу | Жыл сайын | Мамлекеттик, илимий-изилдөө жана жеке ишканалардын ойлоп табуучулук жана инновациялык ишин жигердендирүү. Жаңы технологиялардын санынын өсүшү жана аларды пайдаланууга киргизүүдөн коммерциялык пайда алуу | Кыргызпатент, ЖОЖдор, ИИИ (макулдашуу боюнча), УИА | 400,0 |
Кызматтык ойлоп табууларга өтүнмөлөрдүн санын көбөйтүүгө көмөктөшүү | Жыл сайын | ЖОЖдор, ИИИ (макулдашуу боюнча), УИА | 234,0 | |||
ИМ объектилерин жаратуучу жана пайдалануучу уюмдарды жана ишканаларды сыйлоо жөнүндө жобону бекитүү | 2017-жыл | Кыргызпатент | 0,0 | |||
ИМ объектилерин жаратуучу жана пайдалануучу уюмдарды жана ишканаларды шыктандыруу | Жыл сайын | Кыргызпатент | 2000,0 | |||
1.3 | ИМди жаратуу үчүн инфратүзүмдү өнүктүрүү | ТИКБнын ишин мындан ары өнүктүрүү | Жыл сайын | Патенттик жана патенттик эмес маалымат базаларына жетүүнү камсыздоо. Китепкана фондунун электрондук форматка өтүшү | Кыргызпатент | 200,0 |
ТИКБнын координаторлорун патенттик издөөгө үйрөтүү | 2017-жыл, 2019-жыл | Кыргызпатент | 66,5 | |||
ТИКБнын кызмат көрсөтүүсүн пайдалануучулардын санын жылына 500 адамдан кем эмес камсыз кылуу | Жыл сайын | Кыргызпатент | 2370,0 | |||
МПТКнын ресурстарын санариптештирүү | 2017-2020- жылдар | Кыргызпатент | 4000,0 | |||
1.4 | ИМ объектилерин жаратууга мамлекеттик заказдарды түзүү | "Мыкты инновациялык долбоор" конкурсун өткөрүү үчүн артыкчылыктуу багыттарды аныктоо | Жыл сайын | Жаратылуучу ИМ объектилеринин санын жогорулатуу | Кыргызпатент | 0,0 |
1.5 | Таланттуу балдарды жана жаштарды табуунун жана аларды чыгармачылык процесске тартуунун механизмдерин иштеп чыгуу | Таланттуу балдарды жана жаштарды сыйлоо жөнүндө жобону бекитүү | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | Балдардын жана жаштардын илимий-техникалык чыгармачылыкка кызыгуусун арттыруу | Кыргызпатент, БИМ, ММТМ | 0,0 |
Илимий-техникалык чыгармачылык жаатында жаштар сыйлыгын уюштуруу жана тапшыруу | Жыл сайын | Кыргызпатент, БИМ, ММТМ | 500,0 | |||
Илимий-техникалык жана чыгармачылык багыттагы республикалык жана облустук конкурстарды, олимпиадаларды, көргөзмөлөрдү жана жарманкелерди өткөрүү | Жыл сайын | Кыргызпатент, БИМ, "Алтын Түйүн" РБИТАсы (макулдашуу боюнча) | 1800,0 | |||
1.6 | Илимий-техникалык чыгармачылык ийримдеринин тарамын кеңейтүү, окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу | Балдардын илимий-техникалык чыгармачылык ийримдеринин санын көбөйтүү | 2018-2020-жылдар | Балдардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн жана дараметтерин билүү максатында алардын кеңири катышуусун камсыздоо. Техникалык жана чыгармачылык натыйжаларынын санын жогорулатуу | Кыргызпатент, БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 450,0 |
Балдарды илимий-техникалык чыгармачылык менен камтууну кеңейтүү | Жыл сайын | Кыргызпатент, БИМ | 240,0 | |||
1.7 | Жеткиликтүү билим берүү жана маалымат ресурстарын, эл аралык жана региондук өнөктөштөрдүн тажрыйбасын пайдалануу | ИМБДУнун билим берүү программаларына катышуу | 2018-2021-жылдар | ИМди өнүктүрүү жаатындагы заманбап билим берүү технологияларын жана эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүү. ТИКБ аркылуу ИМдин улуттук, региондук жана эл аралык ведомстволорунун маалымат базаларына жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо | Кыргызпатент, ЖОЖдор (макулдашуу боюнча), УИА | 1050,0 |
Эл аралык жана региондук өнөктөштөрдүн тажрыйбаларын эске алып, ИМ жана инновациялык өнүктүрүү маселелери боюнча билим берүү ишин кеңейтүү | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | Кыргызпатент | 7000,0 | |||
Ар түрдүү максаттуу топтор үчүн ИМ чөйрөсүндөгү билим берүү программаларын киргизүү | Жыл сайын | Кыргызпатент | 400,0 | |||
РМИМАда ИМ чөйрөсүндөгү адистерди окутуу | Жыл сайын | Кыргызпатент, ЕАПВ (макулдашуу боюнча) | 5000,0 | |||
Башка өлкөлөрдүн патенттик жана патенттик эмес маалымат базаларына жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү | 2017-жыл 2019-жыл 2021-жыл | Кыргызпатент | 7600,0 | |||
1.8 | Өнүктүрүүдө ИМдин ролу жана мааниси тууралуу коомчулукка маалымат берүүнү жогорулатуу | Калктын ишеним индексин жогорулатуу | Жыл сайын | Калкка ИМдин мааниси жана аны пайдалануудан пайда алуу тууралуу түшүндүрүү | Кыргызпатент | 0,0 |
Кыргызпатенттин пиар-кампаниясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Жыл сайын | Кыргызпатент | 11000,0 | |||
ИМди укуктук коргоо маселелери боюнча лекция окулуучу ЖОЖдордун санын көбөйтүү | Жыл сайын | Кыргызпатент, БИМ, ЖОЖдор (макулдашуу боюнча) | 720,0 | |||
1.9 | Региондордо ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишти жигердендирүү | Дараметтүү ойлоп табуучуларды жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу менен маалыматтык иш-чараларды өткөрүү | Жыл сайын | Республиканын региондорунан өтүнмө берген ойлоп табуучулардын жана авторлордун санын көбөйтүү. Республиканын региондорунда автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдаланууга автордук сыйакы чогултууну жогорулатуу | Кыргызпатент | 1200,0 |
Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Жыл сайын | Кыргызпатент | 800,0 | |||
II. ИМге укуктарды алуунун жана коргоонун механизмдерин өркүндөтүү | ||||||
2.1 | Интеллектуалдык иштин натыйжаларына укуктарды берүү жол-жоболорун өркүндөтүү. Өтүнмөлөрдү берүүдө жана кароодо IT-технологияларды колдонууну кеңейтүү | ИМ объектилерине өтүнмө берүүнүн жол-жоболорун жеңилдетүү жана өтүнмөлөрдү кароонун мөөнөтүн кыскартуу боюнча ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2018-жыл | ИМге укуктук коргоо берүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана сапатын жакшыртуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү | Кыргызпатент | 80,0 |
Электрондук документ жүгүртүү системасын киргизүү | Жыл сайын | Кыргызпатент | 9000,0 | |||
ИМ объектилерине электрондук түрдө берилген өтүнмөлөрдүн үлүшүн көбөйтүү | 2018-2021-жылдар | Кыргызпатент | 0,0 | |||
ИМ объектилерине өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү жана кароо боюнча Кыргызпатенттин ведомстволук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2018-жыл | Кыргызпатент | 40,0 | |||
2.2 | Контрафактылык продукцияларды жайылтуу деңгээлин төмөндөтүү жана укук бузууларга каршы күрөшүүнүн натыйжасын жогорулатуу үчүн мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу | Кыргызпатенттин өкүлдөрүнүн "Антиконтрафакт" эл аралык форумуна катышуусун камсыздоо | Жыл сайын | ИМ чөйрөсүндөгү укук бузууларга каршы натыйжалуу күрөшүү. ИМ объектилерине укуктарды коргоо боюнча иш-аракеттерди координациялоо жөнүндө ЕАЭБ келишиминин алкагында жигердүү өз ара иштешүү | Кыргызпатент | 1200,0 |
2.3 | Жарандык коомду ИМ укуктарын жүзөгө ашыруу процессине тартуу, талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу үчүн медиация институтун түзүү | ИМ чөйрөсүндө медиацияны киргизүү жана жайылтуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | 2018-2021-жылдар | Жарандык коомду ИМ жаатындагы укуктарды колдонууга тартуу. Коррупциялык коркунучтарды аныктоо, аларды жоюу жана алдын алуу боюнча сунуштарды киргизүү. Коомдун жана укук ээсинин кызыкчылык балансын сактоо | Кыргызпатент, сот органдары (макулдашуу боюнча), патенттик ишенимдүү өкүлдөр (макулдашуу боюнча) | 480,0 |
Медиаторлорду ИМге байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү маселелери боюнча окутуу | Кыргызпатент, РМИМА (макулдашуу боюнча) | 800,0 | ||||
2.4 | Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен санариптик чөйрөдө ИМди натыйжалуу коргоо механизмдерин иштеп чыгуу | Санариптик чөйрөдө автордук укукту жана чектеш укуктарды коргоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана коомдук талкуулоого коюу | 2020-жылдын I жарым жылдыгы | Интернет тарамында ИМди коргоо деңгээлин жогорулатуу | Кыргызпатент | 560,0 |
2.5 | ИМди урматтап-сыйлоо маданиятын калыптандыруу | Иш-чаралардын (семинарлар, тегерек столдор) санын, анын ичинде республиканын региондорунда көбөйтүү | Жыл сайын | Коомго контрафактылык продукциянын зыяны жана ИМ укуктарын бузууда юридикалык кесепеттер жөнүндө маалымат берүү | Кыргызпатент, ЭККМК, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 800,0 |
III. ИМ объектилерин пайдалануу үчүн шарттарды түзүү | ||||||
3.1 | Бюджеттик чөйрөнүн уюмдарынын интеллектуалдык менчикти пайдалануу боюнча ишин колдоо | ЖОЖдордун жеке ИМ объектилерин андан ары жайылтуу жана коммерциялаштыруу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу | 2019-жыл | Бюджеттик уюмдар тарабынан жеке интеллектуалдык иштин натыйжаларын пайдаланууга киргизүү жана коммерциялык ишке ашыруу | Кыргызпатент, ЖОЖдор (макулдашуу боюнча), УИА, ИИИ (макулдашуу боюнча) | 160,0 |
ЖОЖдордо жана ИИИде жаратылган ИМ объектилерин пайдаланууга киргизүүгө көмөктөшүү | Жыл сайын | Кыргызпатент, ЖОЖдор (макулдашуу боюнча), УИА, ИИИ (макулдашуу боюнча) | 50000,0 | |||
Ыйгарым укуктуу органга автордук сыйакыны төлөө жөнүндө бюджеттик уюмдарды каржылоо маселелери боюнча сунуштарды киргизүү | 2018-жылдын жарым жылдыгы | Кыргызпатент, ММТМ, КТРК (макулдашуу боюнча) | 0,0 | |||
Ишканалар жана бюджеттик уюмдар үчүн патент таануучу-адистерди даярдоо |
| Кыргызпатент, УИА | 400,0 | |||
3.2 | ИМ объектилерин жайылтууга ЧОИни шыктандыруу | "Инновациялык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын актуалдаштыруу | 2019-жылдын жарым жылдыгы | ИМ объектилерин жаратуу жана пайдалануу боюнча ЧОИни жигердендирүү | Кыргызпатент | 150,0 |
3.3 | Жеткиликтүү адистештирилген билим берүү программаларын пайдалануу менен ИМди илгерилетүү, баалоо жана башкаруу маселелери боюнча адистерди даярдоо | Өнөктөштөрдүн тажрыйбаларын эске алып, ИМ объектилерин башкаруу боюнча окутуу программаларын иштеп чыгуу | 2018-жыл 2019-жыл | ИМди натыйжалуу башкаруу. ИМ объектилерин кесипкөй кадрлар тарабынан илгерилетүүнү жана башкарууну камсыздоо | Кыргызпатент | 0,0 |
ИМди башкаруу боюнча адистерди окутууну уюштуруу | Жыл сайын | Кыргызпатент | 1 125,0 | |||
3.4 | ИМ авторлору менен бизнес-түзүмдөрдүн өз ара иштешүүсү үчүн көргөзмө-тажрыйба аянтчасын түзүү | Авторлор менен бизнес-түзүмдөрдүн өз ара иштешүүсү үчүн иш-чараларды (көргөзмөлөр, жармаңкелер) өткөрүү | 2017-жыл 2019-жыл | ИМди жаратууга бүтүмдөрдүн, заказдардын жана өтүнмөлөрдүн санын көбөйтүү. ИМдин авторлору менен бизнес-түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү үчүн коммуникациялык каналдарды жана аянтчаларды түзүү | Кыргызпатент | 4000,0 |
Коммуникациялык аянтчаларды (электрондук форумдар, технопарктар, бизнес-инкубаторлор, стартап) түзүү | 2017-2020-жылдар | Кыргызпатент, ӨЭЖМК, ЭМ, БИМ, АЧТММ, ЧОИ (макулдашуу боюнча), ТЖМ | 15750,0 | |||
3.5 | ИМди жаратуу жана пайдалануу процессинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү | Өлкөнүн инновациялык өнүгүшүндө бизнестин катышуу маселелери боюнча маалыматтык иш-чараларды (тегерек столдор, конференциялар, форумдар, семинарлар, диспут-клубдар) өткөрүү | Жыл сайын | ИМди жаратууда жана пайдаланууда жеке секторду жигердендирүү. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде жаратылган | Кыргызпатент, ИИКА, ЭМ, СӨП (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча), УИА, | 1600,0 |
Маалыматтык материалдарды (брошюралар, буклеттер, жарыялоолор, видеороликтер) чыгаруу | Жыл сайын | ИМ объектилеринин санын көбөйтүү. Инвестициялардын жеке сектордон инновациялык өнүгүүгө карай өсүшү | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 3500,0 | ||
3.6 | ИМге негизделген ата мекендик инновациялык долбоорлорду тандоо жана өндүрүшкө киргизүү үчүн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттарын тартуу | Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду менен ИМ жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум түзүү | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | ИМ объектилерин пайдаланууга киргизүү боюнча узак мөөнөттүү жана үзүрлүү кызматташууну камсыздоо | Кыргызпатент | 0,0 |
3.7 | Инновациялык ишке талдоо жана болжолдоо жүргүзүүнүн, өнөр жай өндүрүшүнө жаңы технологияларды киргизүү деңгээлин аныктоонун методикасын өркүндөтүү | Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен инновациялык иш жөнүндө статистикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу методикасын өркүндөтүү | 2020-жылдын I жарым жылдыгы | ИМ чөйрөсүн жана инновациялык ишти андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо үчүн өлкөдө инновациялык өнүктүрүү жөнүндө туура жана тез маалыматтарды алуу | Кыргызпатент, Улуттук статком (макулдашуу боюнча) | 150,0 |
3.8 | Региондук (тармактык жана кластердик) программаларга инновациялык өнүктүрүү маселелерин киргизүү | Региондук тармактык программаларга киргизүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу |
| Кластердик багытын эске алып, инновациялык ишти жигердендирүү аркылуу региондорду өнүктүрүү | КРӨ ЫӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Кыргызпатент | 700,0 |
Жыйынтыгы: 144069,5 | ||||||
Кыскартуулардын тизмеси
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
АЧТММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
ТЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
ЭККМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) |
Кыргызпатент | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы |
МЖМА | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги |
ӨЭЖМК | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
СӨП | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы |
Улуттук статком | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ИИКА | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги |
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ЖОЖ | - | жогорку окуу жайы |
ИИИ | - | илимий-изилдөө институттары |
КЭУ | - | коммерциялык эмес уюмдар |
Бизнес-ассоциациялар | - | Кыргызстандын бизнес-ассоциациялары |
"Алтын Түйүн" РБИТАсы | - | "Алтын Түйүн" республикалык балдар инженердик академиясы |
ЕАПВ | - | Евразия патенттик ведомствосу |
РМИМА | - | Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясы |
МПТК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасы |
ТИКБ | - | ЖОЖдордогу жана уюмдардагы технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлору |
ИМ | - | интеллектуалдык менчик |
ЧУА | - | ченемдик укуктук актылар |
ЧОИ | - | чакан жана орто ишканалар |
ИДП | - | ички дүң продукт |
КРӨ ЫӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү. |
|
| 2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын 2-тиркемеси |
2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашырууда мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/Иш-аракеттер | Индикатордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл - 2016-жыл | Орто-аралык индикаторлор (жылдык) | Акыркы Индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу орган | ||||
2017 | 2018 | 2019 | 2020 | 2021 | ||||||||
(1) | (2) | (3) | (4) | (5) | (6) | (7) | (8) | (9) | (10) | (11) | (12) | (13) |
I. ИМди жаратуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү | ||||||||||||
1.1 | Авторлорго интеллектуалдык иштин жаңы натыйжаларын түзүүгө жана ойлоп табуучулардын, авторлордун жана илимий кызматкерлердин кадыр-баркын көтөрүүгө колдоо көрсөтүү | ИМ объектилерине укуктук коргоо алуу, ишке киргизүү жана коммерциялык пайдалануу процессинде ойлоп табуучулардын, авторлордун, илимий кызматкерлердин кызыкчылыктарын эске алуучу методикалык сунуштамалардын долбоорун даярдоо | Методикалык сунуштама | Бирдик | 0 | - | - | 1 | - | - | 1 | Кыргызпатент |
Ойлоп табуучулардын, авторлордун жана илимий кызматкерлердин, балдардын жана жаштардын инновациялык-чыгармачылык ишин баалоо аркылуу аларды шыктандыруу | Сыйлык | Бирдик | 0 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 25 | Кыргызпатент | ||
1.2 | ИМ объектилерин жаратуу процессине мамлекеттик, илимий-изилдөө жана жеке ишканаларды тартуу | Жогорку окуу жайларда жана ИИИде ИМге карата саясатты калыптандыруу | Семинар | Бирдик | 0 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 5 | Кыргызпатент, ЖОЖдор, ИИИ (макулдашуу боюнча), УИА |
Кызматтык ойлоп табууларга өтүнмөлөрдүн санын көбөйтүүгө көмөктөшүү | Өтүнмө | % | 0 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 6 | Кыргызпатент, ЖОЖдор, ИИИ (макулдашуу боюнча), УИА | ||
ИМ объектилерин жаратуучу жана пайдалануучу уюмдарды жана ишканаларды сыйлоо жөнүндө жобону бекитүү | Жобо | Бирдик | 0 | 1 | - | - | - | - | 1 | Кыргызпатент | ||
ИМ объектилерин жаратуучу жана пайдалануучу уюмдарды жана ишканаларды шыктандыруу | Сыйлык | Бирдик | 0 | 3 | 3 | 3 | 3 | 3 | 15 | Кыргызпатент | ||
1.3 | ИМди жаратуу үчүн инфратүзүмдү өнүктүрүү | ТИКБнын ишин мындан ары өнүктүрүү | Биргелешкен иш-чаралар | Бирдик | - | - | - | 2 | 2 | 2 | 6 | Кыргызпатент |
ТИКБнын координаторлорун патенттик издөөгө үйрөтүү | Координатор | Бирдик | 0 | 12 | - | 18 | - | - | 30 | Кыргызпатент | ||
ТИКБнын кызмат көрсөтүүсүн пайдалануучулардын санын жылына 500 адамдан кем эмес камсыз кылуу | Пайдалануучу | Бирдик | 1422 | 500 | 500 | 500 | 500 | 500 | 3922 | Кыргызпатент | ||
МПТКнын ресурстарын санариптештирүү | Санариптештирилген документ (беттер) | % | 0 | 24 | 25 | 25 | 26 | - | 100 | Кыргызпатент | ||
1.4 | ИМ объектилерин жаратууга мамлекеттик заказдарды түзүү | "Мыкты инновациялык долбоор" конкурсун өткөрүү үчүн артыкчылыктуу багыттарды аныктоо | Багыттар | Бирдик | 0 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 10 | Кыргызпатент |
1.5 | Таланттуу балдарды жана жаштарды табуунун жана аларды чыгармачылык процесске тартуунун механизмдерин иштеп чыгуу | Таланттуу балдарды жана жаштарды сыйлоо жөнүндө жобону бекитүү | Жобо | Бирдик | 0 | 1 | - | - | - | - | 1 | Кыргызпатент, БИМ, ММТМ |
Илимий-техникалык чыгармачылык жаатында жаштар сыйлыгын уюштуруу жана тапшыруу | Сыйлык | Бирдик | 0 | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 | 50 | Кыргызпатент, БИМ, ММТМ | ||
Илимий-техникалык жана чыгармачылык багыттагы республикалык жана облустук конкурстарды, олимпиадаларды, көргөзмөлөрдү жана жарманкелерди өткөрүү | Иш-чара | Бирдик | 0 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 10 | Кыргызпатент, БИМ, "Алтын Түйүн" РБИТАсы (макулдашуу боюнча) | ||
1.6 | Илимий-техникалык чыгармачылык ийримдеринин тарамын кеңейтүү, окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу | Балдардын илимий-техникалык чыгармачылык ийримдеринин санын көбөйтүү | Ийрим | Бирдик | 306 | - | 2 | 2 | 2 | - | 6 | Кыргызпатент, БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Балдарды илимий-техникалык чыгармачылык менен камтууну кеңейтүү | Окуучу/студент | % | 0 | 0,4 | 0,4 | 0,4 | 0,4 | 0,4 | 2 | Кыргызпатент, БИМ | ||
1.7 | Жеткиликтүү билим берүү жана маалымат ресурстарын, эл аралык жана региондук өнөктөштөрдүн тажрыйбасын пайдалануу | ИМБДУнун билим берүү программаларына катышуу | Окуган адис | Бирдик | 0 | - | 20 | 20 | 20 | 20 | 80 | Кыргызпатент, УИА, ЖОЖдор (макулдашуу боюнча) |
Эл аралык жана региондук өнөктөштөрдүн тажрыйбаларын эске алып, ИМ жана инновациялык өнүктүрүү маселелери боюнча билим берүү ишин кеңейтүү | Консолидация жана ИМ чөйрөсүндө окутуу процесстерин жүзөгө ашыруу ыйгарым укуктары менен түзүмдүк бөлүм | Бирдик | 0 | 1 | - | - | - | - | 1 | Кыргызпатент | ||
Ар түрдүү максаттуу топтор үчүн ИМ чөйрөсүндөгү билим берүү программаларын киргизүү | Окутуу программасы | Бирдик | 0 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 5 | Кыргызпатент | ||
РМИМАда ИМ чөйрөсүндөгү адистерди окутуу | Окуган адис | Бирдик | 0 | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 | 50 | Кыргызпатент, ЕАПВ (макулдашуу боюнча) | ||
Башка өлкөлөрдүн патенттик жана патенттик эмес маалымат базаларына жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү | Маалыматтар базасы | Бирдик | 0 | 1 | - | 1 | - | 2 | 4 | Кыргызпатент | ||
1.8 | Өнүктүрүүдө ИМдин ролу жана мааниси тууралуу коомчулукка маалымат берүүнү жогорулатуу | Калктын ишеним индексин жогорулатуу | Калктын ишеним индекси | % | 65 | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 | 20 | Кыргызпатент |
Кыргызпатенттин пиар-кампаниясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Пиар-кампания | Бирдик | 0 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 5 | Кыргызпатент | ||
ИМди укуктук коргоо маселелери боюнча лекция окулуучу ЖОЖдордун санын көбөйтүү | ЖОЖ | Бирдик | 6 | - | - | 14 | 5 | 5 | 30 | Кыргызпатент, БИМ, ЖОЖдор (макулдашуу боюнча) | ||
1.9 | Региондордо ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишти жигердендирүү | Дараметтүү ойлоп табуучуларды жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу менен маалыматтык иш-чараларды өткөрүү | Иш-чара | Бирдик | 0 | 3 | 3 | 4 | 3 | 2 | 15 | Кыргызпатент |
Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Иш-чара | Бирдик | 0 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 10 | Кыргызпатент | ||
II. ИМге укуктарды алуунун жана коргоонун механизмдерин өркүндөтүү | ||||||||||||
2.1 | Интеллектуалдык иштин натыйжаларына укуктарды берүү жол-жоболорун өркүндөтүү. Өтүнмөлөрдү берүүдө жана кароодо IT-технологияларды колдонууну кеңейтүү | ИМ объектилерине өтүнмө берүүнүн жол-жоболорун жеңилдетүү жана өтүнмөлөрдү кароонун мөөнөтүн кыскартуу боюнча ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүү | ЧУА | Бирдик | 0 | - | 1 | - | - | - | 1 | Кыргызпатент |
Электрондук документ жүгүртүү системасын киргизүү | Электрондук документ жүгүртүү | % | 0 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 100 | Кыргызпатент | ||
ИМ объектилерине электрондук түрдө берилген өтүнмөлөрдүн үлүшүн көбөйтүү | Өтүнмө | % | 0 | 0 | 4 | 6 | 8 | 10 | 10 | Кыргызпатент | ||
ИМ объектилерине өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү жана кароо боюнча Кыргызпатенттин ведомстволук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү | Ведомстволук акт | Бирдик | 0 | - | 1 | - | - | - | 1 | Кыргызпатент | ||
2.2 | Контрафактылык продукцияларды жайылтуу деңгээлин төмөндөтүү жана укук бузууларга каршы күрөшүүнүн натыйжасын жогорулатуу үчүн мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу | Кыргыз патенттин өкүлдөрүнүн "Антиконтрафакт" эл аралык форумуна катышуусун камсыздоо | Катышуучу | Бирдик | 0 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 10 | Кыргызпатент |
2.3 | Жарандык коомду ИМ укуктарын жүзөгө ашыруу процессине тартуу, талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу үчүн медиация институтун түзүү | ИМ чөйрөсүндө медиацияны киргизүү жана жайылтуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Иш-чара | Бирдик | 0 | - | 1 | - | 1 | - | 2 | Кыргызпатент, сот органдары (макулдашуу боюнча), патенттик ишенимдүү өкүлдөр (макулдашуу боюнча) |
Медиаторлорду ИМге байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү маселелери боюнча окутуу | Медиатор | Бирдик | 0 | - | 1 | 1 | 1 | 1 | 4 | Кыргызпатент, РМИМА (макулдашуу боюнча) | ||
2.4 | Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен санариптик чөйрөдө ИМди натыйжалуу коргоо механизмдерин иштеп чыгуу | Санариптик чөйрөдө автордук укукту жана чектеш укуктарды коргоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана коомдук талкуулоого коюу | Сунуштар | Бирдик | 0 | - | - | - | 1 | - | 1 | Кыргызпатент |
2.5 | ИМди урматтап-сыйлоо маданиятын калыптандыруу | Иш-чаралардын (семинарлар, тегерек столдор) санын, анын ичинде республиканын региондорунда көбөйтүү | Иш-чара | Бирдик | 0 | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 | 20 | Кыргызпатент, ЭККМК, КЭУ (макулдашуу боюнча) |
III. ИМ объектилерин пайдалануу үчүн шарттарды түзүү | ||||||||||||
3.1 | Бюджеттик чөйрөнүн уюмдарынын интеллектуалдык менчикти пайдалануу боюнча ишин колдоо | ЖОЖдордун жеке ИМ объектилерин андан ары жайылтуу жана коммерциялаштыруу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу | Сунуштаманын долбоору | Бирдик | 0 | - | - | 1 | - | - | 1 | Кыргызпатент, БИМ, ЖОЖдор (макулдашуу боюнча), УИА |
ЖОЖдордо жана ИИИде жаратылган ИМ объектилерин пайдаланууга киргизүүгө көмөктөшүү | Долбоор | Бирдик | 7 | 3 | 3 | 3 | 3 | 3 | 15 | Кыргызпатент, ЖОЖдор (макулдашуу боюнча), УИА, ИИИ (макулдашуу боюнча) | ||
Ыйгарым укуктуу органга автордук сыйакыны төлөө жөнүндө бюджеттик уюмдарды каржылоо маселелери боюнча сунуштарды киргизүү | Сунуш | Бирдик | 0 | - | 1 | - | - | - | 1 | Кыргызпатент, ММТМ, КТРК (по согласованию) | ||
Ишканалар жана бюджеттик уюмдар үчүн патент таануучу-адистерди даярдоо | Патент таануучу-адис | Бирдик | 0 | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 | 20 | Кыргызпатент, УИА | ||
3.2 | ИМ объектилерин жайылтууга ЧОИни шыктандыруу | "Инновациялык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын актуалдаштыруу | Концепциянын долбоору | Бирдик | 0 |
| 1 |
|
|
| 1 | Кыргызпатент |
3.3 | Жеткиликтүү адистештирилген билим берүү программаларын пайдалануу менен ИМди илгерилетүү, баалоо жана башкаруу маселелери боюнча адистерди даярдоо | Өнөктөштөрдүн тажрыйбаларын эске алып, ИМ объектилерин башкаруу боюнча окутуу программаларын иштеп чыгуу | Окутуу программасы | Бирдик | 0 | - | 1 | 1 | - | - | 2 | Кыргызпатент |
ИМди башкаруу боюнча адистерди окутууну уюштуруу | Окуган адис | Бирдик | 0 | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 | 20 | Кыргызпатент | ||
3.4 | ИМ авторлору менен бизнес-түзүмдөрдүн өз ара иштешүүсү үчүн көргөзмө-тажрыйба аянтчасын түзүү | Авторлор менен бизнес-түзүмдөрдүн өз ара иштешүүсү үчүн иш-чараларды (көргөзмөлөр, жармаңкелер) өткөрүү | Көргөзмө/жармаңке | Бирдик | 0 | 1 | - | 1 | - | - | 2 | Кыргызпатент |
Коммуникациялык аянтчаларды (электрондук форумдар, технопарктар, бизнес-инкубаторлор, стартап) түзүү | Электрондук форум/технопарк/ бизнес-инкубатор/ стартап | Бирдик | 0 | 1 | 2 | 1 | 1 | - | 5 | Кыргызпатент, ӨЭЖМК, ЭМ, БИМ, АЧТММ, ЧОИ (макулдашуу боюнча), ТЖМ | ||
3.5 | ИМди жаратуу жана пайдалануу процессинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү | Өлкөнүн инновациялык өнүгүшүндө бизнестин катышуу маселелери боюнча маалыматтык иш-чараларды (тегерек столдор, конференциялар, форумдар, семинарлар, диспут-клубдар) өткөрүү | Иш-чара (тегерек стол)/конференция/ форум/семинар/ диспут-клуб | Бирдик | 0 | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 | 20 | Кыргызпатент, ИИКА, ЭМ, СӨП (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча), УИА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Маалыматтык материалдарды (брошюралар, буклеттер, жарыялоолор, видеороликтер) чыгаруу | Брошюра/буклет/ жарыялоолор/ видеоролик | Бирдик | 0 | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 | 50 | Кыргызпатент | ||
3.6 | ИМге негизделген ата мекендик инновациялык долбоорлорду тандоо жана өндүрүшкө киргизүү үчүн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттарын тартуу | Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду менен ИМ жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум түзүү | Меморандум | Бирдик | 0 | 1 | - | - | - | - | 1 | Кыргызпатент |
3.7 | Инновациялык ишке талдоо жана болжолдоо жүргүзүүнүн, өнөр жай өндүрүшүнө жаңы технологияларды киргизүү деңгээлин аныктоонун методикасын өркүндөтүү | Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен инновациялык иш жөнүндө статистикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу методикасын өркүндөтүү | Методика | Бирдик | 0 | - | - | - | 1 | - | 1 | Кыргызпатент, Улуттук статком (макулдашуу боюнча) |
3.8 | Региондук (тармактык жана кластердик) программаларга инновациялык өнүктүрүү маселелерин киргизүү | Региондук тармактык программаларга киргизүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу | Сунуш | Бирдик | 0 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 5 | КРӨ ЫӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Кыргызпатент |