Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-августу № 455
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан жерлерди алмаштыруу жана которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Автотранспорттук индустриялык логистикалык борборду куруу үчүн ылайыктуу жер участогун издөөнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 505, 506 жана 507-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20 жана 68-беренелерине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 7-июлундагы № 97 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 6-майындагы корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан № 2169 контурдагы жер участокторунун менчик ээлеринин алмашууга макулдугун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн автотранспорттук индустриялык логистикалык борборду куруунун, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан № 2169 контурдагы жеке менчикте турган аянты 10 га жер участогун Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун № 2710 контурунда жайгашкан жер участокторуна алмашуу келишиминин шартында сатып алуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы бир айлык мөөнөттө:
- көз карандысыз эксперттерди тартуу менен ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторун бааласын жана мындай баалоону жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарды төлөсүн;
- ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу алмашуу келишимин түзсүн, ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторунун (№ 2169 контурда) ээлерине алмашуу келишиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна таандык болгон № 2710 контурдагы баалуулугу бирдей жер участокторун менчикке берүү менен келишимдин аткарылышын камсыздасын жана жеке менчикте турган жер участокторун мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
- № 2169 контурдагы жер участокторун алмашуу келишиминин катталышын жана мамлекеттик менчикке өтүшүн камсыздасын;
- үч айлык мөөнөттө № 2710 контурдагы жер участокторунда тарыхый-маданий мурас объекттеринин болушуна же жоктугуна археологиялык изилдөөнү белгиленген тартипте уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан № 2169 контурдагы аянты 10 га жер участогуна (сугат айдоо) алмашуу келишими жана аларга мамлекеттик менчик укугу катталгандан кийин алар “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулду (трансформацияланды) деп саналсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы 2 жана 3-пункттарды аткаруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- жогорку вольттуу электр өткөрүү линияларын чыгаруу же куруу зарылдыгы келип чыккан учурда иштерди каржылоону;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун жана алынбай калган пайданын наркынын суммасын төлөөнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдо аталган жерлерге шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын өтүнмөсү боюнча республикалык бюджеттен төмөнкүлөргө финансы каражаттарын бөлүп берсин:
- ушул токтомдо аталган жер участокторун баалоо боюнча көз карандысыз эксперттердин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө;
- жогорку вольттуу электр өткөрүү линияларын чыгаруу же куруу менен байланышкан чыгымдарга, зарылдыгына жараша.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |