КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-октябры № 637
"Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
''Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын укуктук статусун аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 5-октябрындагы № 495 "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Аскердик соода башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтому менен түзүлгөн "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана жарандык персоналды соода-тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу жана гарнизондордо, аскер шаарчаларында, аскердик контингент (бөлүкчө) жайгашкан башка жерлерде алардын товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын канааттандыруу максатында түзүлгөн.
2. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эсептелет (мындан ары - Уюштуруучу).
3. Ишкананы жалпы жетектөөнү жана ишин координациялоону коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
4. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
5. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат жана өзүнүн ишин толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн-өзү актоочулуктун негизинде жүргүзөт, негизги жана жүгүртүү каражаттары бар.
Ишкананын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери, мөөрү, фирмалык аталышы менен бланкы жана штампы бар.
6. Ишкана чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүм жасоого, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди алууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда ага таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, ижарага берүүгө, чарбалык коомдордун жана шериктиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары киргизүүгө, Уюштуруучунун макулдугусуз ушул мүлктү башка ыкмалар менен тескөөгө укугу жок.
8. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Управление военной торговли Государственного комитета по делам обороны Кыргызской Республики".
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР КИМК АСБ" МИ";
- расмий тилде: "ГП "УВТ ГКДО КР".
9. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары Кустанай көчөсү, 117.
10. Ишкана белгиленген тартипте филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачууга, чарбалык коомдорду түзүүгө укуктуу.
11. Ишкананын Ош филиалы бар.
Ош филиалынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 117.
2. Ишкананын негизги милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана жарандык персоналын (мындан ары - керектөөчүлөр) аскер бөлүктөрүнүн жана аскер шаарчаларынын, аскер гарнизондорунун аймагында жайгашкан ашкана тармактары, дүкөндөр жана соода түйүндөрү аркылуу, ошондой эле талаа шарттарында соода тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу;
- аскер шаарчаларында жана талаа шарттарында күнүмдүк суроо-талаптагы, аскердик ассортименттеги товарларды дүкөндөр жана соода түйүндөрү аркылуу сатууну уюштуруу, коомдук тамактануу тармагын (ашкана, буфет, кафе ж.б.) ачуу, турмуш-тиричиликти тейлөө тармагын (кийим жана бут кийим тигүү жана оңдоо ательесин жана устаканаларын, саат оңдоочу жайларды, чач тарач, фотомастерскойлорду, тиричилик мастерскойлорун, убактылуу жалдоого берүү пункттарын, ж.б.) түзүү, көчмө соода-сатыкты уюштуруу.
13. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- керектөөчүлөр туруктуу же убактылуу жашаган жерлерде аларды соода-тиричилик жактан камсыздоо;
- аскер шаарчаларында жана талаа шарттарында күнүмдүк суроо-талаптагы товарларды сатуу;
- соода-сатык көргөзмөлөрүн, аукциондорду, консультациялык жана жарнамалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- керектөөчүлүк суроо-талапты изилдөө, өнөр жай өкүлдөрү жана башка өндүрүүчүлөр менен Ишкана жеткирген товарлардын сапатынын ассортиментин макулдашуу, дүң-чекене соода-сатык жарманкелерине катышуу;
- өнөр жайлык жана азык-түлүк товарларын сатып алууну уюштуруу, ушул товарларды чыгарган ишканалар менен жеткирүүчүлөрдүн (сатуучулардын) ортосунда ортомчулукту жүзөгө ашыруу;
- Ишкананын машина куруу-техникалык базасын оңдоо жана реконструкциялоо иштерин уюштуруу;
- керектөөчүлөрдү тейлөөнүн формаларын жана методдорун өркүндөтүү, чет мамлекеттердин ушундай уюмдары менен белгиленген тартипте өз ара байланышты уюштуруу;
- аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоодо коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көмөк көрсөтүү;
- аскердик жана аскердик техникалык кызматташтыктын алкагында иш-чараларды өткөрүүнү ар тараптуу камсыздоо боюнча иш-чараларга катышуу;
- ишканаларда жана Ишкананын уюмдарында мамлекеттик менчиктин сакталышын камсыздоо;
- коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Ишкананын иши жөнүндө квартал сайын, жыл сайын отчетторду берүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго Ишкананын иши жөнүндө квартал сайын, жыл сайын отчетторду берүү.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
14. Ишкана ушул Устав менен аныкталган өзүнүн милдеттерин ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте накталай эмес жана накталай эсептешип, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүү жүргүзүүгө;
- башка юридикалык жактар менен, анын ичинде жарандык мыйзамдарга ылайык чет өлкөлүк жана жеке жактар менен чарбалык келишимдерди өз алдынча түзүүгө;
- коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн, тараптардын макулдугу боюнча акы төлөп берүү менен түзүлүүчү жарандык-укуктук келишимдердин негизинде адистерди тартууга, ошондой эле жарандык мыйзамдар менен белгиленген тартипте Ишканада жумуштарды аткаруу үчүн жарандарды тартууга;
- коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын кызматкерлерин командировкага, анын ичинде чет өлкөгө, ошондой эле көргөзмөлөргө, эл аралык семинарларга, конференцияларга катышуу үчүн жиберүүгө;
- коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жарандык мыйзамдарга ылайык тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашырууга;
- эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерин өз алдынча ишке алууга жана бошотууга, ошондой эле эмгек акы төлөөнүн өлчөмүн, жумуштун мөөнөтүн белгилөөгө, жумуш убактысынын суммаланган эсебин жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга, дем алыш күндөрүн жана өргүүлөрдү берүүнүн тартибин белгилөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери үчүн кошумча өргүүлөрдү, кыскартылган жумуш күндөрүн жана башка социалдык жеңилдиктерди белгилөөгө;
- жарандык мыйзамдарга ылайык ижарага берүүчү жана ижарачы болууга.
15. Ишкана мамлекеттик ишканалардын иштерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таза кирешенин бөлүгүн республикалык бюджетке чегерет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ишкердикти жүзөгө ашырат.
16. Ишкана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде турган жана чарба жүргүзүү укугунда Ишканага таандык болгон мүлктү жарандык мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жана ушул Уставдын жоболоруна ылайык колдонот.
17. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкананын кызматкерлерине эмгектин коопсуз шарттарын түзүүгө, алардын ден соолугуна жана иш жөндөмүнө келтирилген зыян (залака) үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык укуктук мамилелер жана мамлекеттик сатып алуулар жаатында түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууга;
- түзүлгөн келишимдерге жана контракттарга ылайык Ишкананын финансылык абалына карабастан Ишкананын бардык жумушчулары менен толук эсептешүүгө;
- Ишкананын кызматкерлерин милдеттүү камсыздандыруунун социалдык, медициналык жана башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга;
- Ишкананын салыктык отчетторун өз убагында берүүгө, салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды төлөөгө жана чегерүүлөрдү жүргүзүүгө;
- милдеттерди жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин катуу жетекчиликке алууга.
18. Ишкана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен иш пландарынын негизинде өз ишин жүзөгө ашырат.
19. Ишкана Уюштуруучунун чечими боюнча Уставда көрсөтүлбөгөн башка укуктарга жана милдеттерге ээ боло алат.
20. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада иштебей калгандан кийин да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого милдеттүү.
21. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
4. Ишкананы башкаруу
22. Ишкананы жалпы жетектөөнү жана анын ишин координациялоону коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
23. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
- чарба жүргүзүү укугунда Ишканага берилген мамлекеттик мүлктү тийиштүү колдонууну жана сактоону контролдоо;
- Ишкананын түзүмүн жана штаттык санын макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана Ишкананын ишин жалпы жетектөөнү камсыздоого багытталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
24. Ишкананы коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сунуш кылынган адамдардын ичинен мамлекеттик мүлктүн ээси катары мамлекеттин кызыкчылыгын көрсөтүүчү, мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындоочу жана кызматтан бошотуучу башкы директор (мындан ары -директор) башкарат.
Директор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мөөнөткө кызматка дайындалат жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишиминин жана ушул Уставдын негизинде иштейт.
Ишкананын директорунун орун басары коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча мамлекеттик мүлктүн ээси катары мамлекеттин кызыкчылыгын көрсөтүүчү, мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
Ишкананын директору жок болгон учурда директордун милдеттерин Ишкананын директорунун орун басары аткарат.
25. Ишкананын директору:
- коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине түздөн-түз баш иет;
- Ишкананын ишин жетектейт, Ишканага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жана иштин натыйжасына жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин аткарууну камсыздайт;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, анын ичинде сот органдарында анын кызыкчылыктарын көрсөтөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган келишимдерди түзөт, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт жана ишеним каттарды берет;
- өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Ишкананын бөлүмдөрүн өндүрүштүк-техникалык жана чарбалык жактан жетектейт, алардын ишин, эсеп жана отчеттуулукту контролдоону уюштурат, иш пландарын жана отчетторун бекитет;
- коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын түзүмүн жана штаттык санын бекитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын жумушчуларына эмгек акы төлөөнүн өлчөмүн жана шартын аныктайт;
- коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын жылдык, учурдагы жана келечек пландарын бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын кызматтык нускамаларын, кызматкерлеринин иштөө режимин, эмгек акы төлөө жана сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерине сыйлоо жана тартип-жаза чараларын колдонот;
- коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына киргендерден тышкары, Ишкананын тапшырмаларын жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди аткарат.
26. Ишкананын кызматкерлери эмгек мыйзамдарына ылайык директор тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
5. Ишкананын ишин пландаштыруу, отчет берүү жана кирешелерди бөлүштүрүү
27. Ишкана жылдык бюджетти иштеп чыгат, аны коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат жана мамлекеттик мүлктүн ээси катары мамлекеттин кызыкчылыгын көрсөтүүчү, мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына берет.
28. Ишкана белгиленген тартипте оперативдүү бухгалтердик, статистикалык эсеп жүргүзөт жана белгиленген мөөнөттөрдө коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, мамлекеттик мүлктүн ээси катары мамлекеттин кызыкчылыгын көрсөтүүчү, мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана финансы-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду берет.
Ишкананын ишинин финансылык натыйжалары жылдык бухгалтердик отчеттун негизинде белгиленет.
29. Ишкана өз ишин өз алдынча иштеп чыккан иш пландарынын негизинде жүзөгө ашырат.
30. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилесин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
31. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салуу, жалпы мамлекеттик жыйым чогултуу системасын жүргүзүү жана экономикалык маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды компетенттүү мамлекеттик органдарга берет.
32. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү салык жана башка мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
33. Ишкананын пайдаларын бөлүштүрүү тартиби мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу жарандык мыйзамдарга ылайык аныкталат.
6. Ишкананын мүлкү жана финансы
34. Мүлктү пайдалануунун негизи мамлекеттик менчик болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен чарба жүргүзүү укугунда Ишканага өткөрүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерине, негизги каражаттарга жана башка мүлккө чарба жүргүзүү укугу болуп саналат.
35. Ишкананын мүлкүн мамлекеттик менчик болгон негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
36. Мүлктү түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- чарба ишинин натыйжасында алынган кирешелер;
- уюмдардын, мекемелердин жана жарандардын ыктыярдуу акча берүүлөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
7. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
37. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу Уюштуруучунун чечими менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
38. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.