Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 585 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 450 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын уставы
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын аба кыймылын тейлөөчү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
2. Ишкананы уюштуруучу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эсептелет. Ишкананын уюштуруучу документи болуп ушул Устав эсептелет.
3. Ишкананын ишин жалпы башкарууну жана координациялоону Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги ишке ашырат (мындан ары - Министрлик).
4. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Аба кодексин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Ишкананын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
5. Ишкана өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча баланска ээ, Кыргыз Республикасынын банктарында жана чет өлкөлүк банктарда белгиленген тартипте эсептик, валюталык ж.б. счетторду ачууга укугу бар. Мамлекеттик жана расмий тилдерде өз аталышы жазылган мөөргө, штампка, белгиленген үлгүдөгү бланктарга жана башка атрибутикаларга ээ.
6. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, чарба жүргүзүү укугунда Ишканага берилген жана мамлекеттин менчигинде турган мүлккө жана жарандык укуктарга ээ.
7. Ишкана толук чарбалык эсеп принцибинде иш алып барат, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык келишимдерди түзүүгө жана башка бүтүмдөрдү чыгарууга укуктуу.
8. Ишкана мамлекеттин жана анын органдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт жана ошол сыяктуу эле мамлекет Ишкананын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
9. Ишкана төмөнкүдөй аталышка ээ:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргызаэронавигация" при Министерстве транспорта и дорог Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "State Enterprise "Kyrgyzaeronavigatsia" under the Ministry of transport and roads of the Kyrgyz Republic".
10. Ишкананын юридикалык дареги:
- Кыргыз Республикасы, 720062, Бишкек ш., "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аймагы.
2. Ишкананын максаты жана функциялары
11. Ишкананы түзүүнүн максаты мамлекеттин, калктын жана бардык колдонуучулардын кызыкчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин коопсуз, натыйжалуу жана сарамжалдуу колдонууну камсыз кылуу болуп саналат.
12. Ишкана төмөнкү функцияларды аткарат:
- аба кыймылын тейлөө,
- учууларды аэронавигациялык жактан камсыз кылуу;
- учууларды метеорологиялык жактан камсыз кылуу;
- учууларды радиотехникалык жактан камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиация чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдары жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен бирдикте коргонуу тармагындагы тыюу салууларды жана аба мейкиндигиндеги чектөөлөрдү, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууну же өндүрүштө учуу тартибин белгилөө, ошондой эле аба мейкиндигин пайдалануучуларга ушул чектөөлөр жана тыюу салуулар тууралуу өз убагында билдирүү;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы жана башка учуу өндүрүшүндөгү белгиленген тартип бузууларды болтурбоо үчүн алдын ала чара көрүү жана аларды токтотуу боюнча коргоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүү;
- аба кыймылын тейлөө жана Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонуу (аба мейкиндигин колдонууга чектөөлөрдү жана тыюу салууларды коюу жана учуулардын өндүрүш тартиби) маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын аскердик жана башка тиешелүү органдары менен биргелешип иштөө;
- жарандык коргонуу боюнча иш-чараларга жана авариялык-куткаруу жумуштарын аткарууга катышуу;
- чектеш мамлекеттердин аба кыймылын тейлөө боюнча ыйгарым укуктуу органдары менен авиациялык кырсыктарды жана аба мейкиндигин колдонуу тартибинин бузулушун териштирүү иштерине катышуу;
- белгиленген чек арада аба мейкиндигинин түзүмүн жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана чектеш мамлекеттер менен жана аскердик органдар менен биргеликте ушул чөйрөдө иш алып барууну уюштуруу;
- Ишкананын компетенциясына кирген аба кыймылын тейлөө тармагында жана башка тармактарда ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Министрликке киргизүү;
- аба мейкиндигин пайдалануу тартибин, ошондой эле аба кыймылын тейлөө, навигация, конуу жана байланыш каражаттарынын бузулууларын каттоо;
- аба кыймылынын коопсуздугунун абалын жана аба мейкиндигин пайдалануу тартибин бузууларды талдоо, аба кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу иш-чараларды аткарууну уюштуруу жана иштеп чыгуу ошондой эле, ушул сыяктуу маалыматтарды жарандык авиация органдарына билдирүү;
- Кыргыз Республикасынын учуу коопсуздугун камсыз кылуу тармагында аба кыймылын тейлөө системасынын тийиштүү деңгээлде жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
- Ишкананын функциялык ишин техникалык жактан камсыз кылуу үчүн колдонулуучу радиотехникалык, радиолокациялык, радионавигациялык, метеорологиялык жабдууларды, электр байланыш жана башка жабдууларды ишке киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын аймактарында жана аэропортторундагы аэронавигациялык жана метеорологиялык жабдууларга тестирлөө жүргүзүүнү, сыноолорду жана башка текшерүүнүн түрлөрүн уюштуруу жана пландоо;
- аба трассаларынан жана ички аба линияларынан учуп өтүүнү, ошондой эле учууларды радиотехникалык камсыздоо каражаттарынын учууларын текшерүүнү уюштуруу жана пландоо;
- Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык Ишкананын карамагында турган объектилерди жана жабдууларды ишке киргизүүнүн коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу;
- Ишкананын максатын аткарууну камсыз кылуучу имараттарды, курулмаларды жана түрдүү багыттагы объектилерди орнотуу, түрдүү багыттагы куроо жумуштарын долбоорлоо, куруу, оңдоо, реконструкциялоо, калыбына келтирүү жана ишке киргизүү;
- объектилерди, имараттарды, курулмаларды жана технологиялык жабдууларды материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну уюштуруу;
- Ишкананын функцияларына ылайык, ведомстволук байланыштарды камсыз кылуу боюнча функцияларды аткаруу;
- Ишкананын түзүмүнө келишимдин негизинде кирбеген жарандык аэродромдордун метеокызматтары жана аба кыймылын тейлөө органдары тарабынан методикалык башкаруу;
- Ишкананын адистеринин квалификациясын жогорулатуу, персоналдарды окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо;
- учууларды медициналык жактан камсыз кылуу;
- авиациялык ишканалардын кызматкерлерине амбулатордук-бейтаптык жардам көрсөтүү;
- Ишкананын кызматкерлерин аскердик каттоого алуу, ошондой эле жарандык коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
- Ишкананы башкаруу методдорун өркүндөтүү.
3. Ишкананын укуктары
13. Ишкана өзүнүн функцияларын аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- авиациялык окуяларды териштирүүгө катышууга;
- белгиленген тартипте министрликтерге, ведомстволорго, уюмдарга жана ведомстволук ишканаларга аба мейкиндигин пайдалануу жана аба кыймылын башкаруу маселелери боюнча иштерди жана иш чараларды аткарууга, координациялоого, пландаштырууга катышуу үчүн өз өкүлдөрүн жиберүүгө;
- өз укуктарынын чегинде Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) менен биргелешип иштөөгө, аба мейкиндигин пайдалануу, аба кыймылын башкаруу жана авиацияны метеорологиялык камсыздоого тиешелүү маселелерге кызыкдар мамлекеттердин өкүлдөрү менен ишканалар, уюмдар жана министрликтер өткөргөн сүйлөшүүлөргө катышууга;
- министрликтерден, ведомстволордон, ишканалардан жана уюмдардан Ишкананын компетенциясына таандык маселелерди чечүү үчүн керектүү ведомстволук ченемдик актыларды, документтерди, маалымдамаларды, статистикалык жана башка материалдарды белгиленген тартипте алууга;
- бүткөрүлүп жаткан аба кыймылын башкаруу системасынын объектилерин жана метеорологиялык жабдууларды пайдаланууга берүүдө кабыл алуу боюнча комиссияда белгиленген тартипте катышууга;
- министрликтерден, ведомстволордон, ишканалардан жана уюмдардан аба мейкиндигин пайдалануу, аба кыймылын башкаруу жана анын коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан иштер боюнча маалыматтарды суроого жана алууга, ошондой эле аба кыймылын уюштуруунун чектеш борборлору менен аба кыймылын уюштуруу боюнча макулдашууларга кол коюуга;
- аба мейкиндигин колдонуу жана аба кыймылынын тейлөө маселеси боюнча иш-чараларды аткаруу жана аларды иштеп чыгуу үчүн кызыктар болгон министрликтердин, ведомстволордун, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын (алардын макулдугу менен) өкүлдөрүн тартуу менен жумушчу топторду жана комиссияларды түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Ишкананын иш-аракеттеринин негизинде алынган финансылык каражаттарга, пайдага жана мүлккө ээлик кылууга;
- чет өлкөлүк окуу жайларда Ишкана адистерин даярдоо жана кайра даярдоо, квалификацияларын жогорулатуу;
- өз иш-аракеттеринин жыйынтыгынан алынган Ишкананын таза пайдасынан ушул Уставга ылайык резервдик капиталын, Ишкананын өнүгүү фондун түзүүгө;
- мүлктү пайдалануу, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болуу, арыз ээси болуу жана сотто жоопкер болууга милдеттенме алууга;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын талаптарына ылайык монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча өздөрү көрсөткөн кызматтарынын тарифин эсептеп чыгарууга жана аныктоого;
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык материалдык ресурстарды, мүлктү, ошондой эле негизги каражатты алууга;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында Ишкананын ишине зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жактардан чет өлкөлүк же улуттук валютада алынган кредиттик каражаттарды пайдаланууга;
- Ишкананын максаттарын камсыз кылуу үчүн Министрлик менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте Ишкананын түзүмүнө окутуп-машыктыруучу, консалтингдик, маалыматтык, медициналык жана башка борборлорду түзүүгө жана жоюуга;
- Ишкананын тапшырмаларын аткаруу боюнча кызматкерлерди иш сапарларга жөнөтүүгө;
- мөөнөттүү эмгек келишиминин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишкананын иштери үчүн жактарды жумушка тартууга;
- Ишкананын өзүнчө түзүмдүк бөлүкчөлөрүнө негизги иштерин аткарууга керектелүүчү негизги жана жүгүртүүчү каражаттарды бекитип берүүгө.
4. Ишкананы башкаруу
14. Ишкананын ишин башкы директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
15. Ишкананын башкы директору эки жылдык мөөнөт менен дайындалат жана Министрлик менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде жана ушул Уставга ылайык иш алып барат.
16. Ишкананын башкы директору:
- Министрликтин чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
- Ишканага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жооп берет;
- башкы директордун орун басарларынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иш алып барат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик органдар, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара мамиле курууда белгиленген тартипте Ишкананын кызыкчылыгын коргойт;
- Ишкананын бардык финансы документтерине кол коёт;
- Ишкананын атынан белгилүү бир аракеттерди жасоого ишеним каттарды берет;
- Ишкананын бардык кызматкерлери жана анын бөлүмдөрү аткарууга милдеттүү болгон тийиштүү буйруктарды, тескемелерди чыгарат, оозеки жана жазуу түрүндөгү тапшырмаларды берет;
- филиалдардын жоболорун жана түзүмүн бекитет, филиалдардын жетекчилерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү боюнча чечимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алат;
- Министрликтин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну камсыз кылат жана уюштурат;
- сыйлык берүү жана материалдык сыйлык берүү тартибин, эмгек акы төлөөнүн, жалданып иштөөнүн шарттарын жана тартибин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерине жаза чараларын көрөт;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгек өргүү боюнча графиктерин бекитет;
- өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди белгиленген тартипте мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга көрсөтөт;
- Министрлик тарабынан бекитиле турган Ишкананын финансылык, чарбалык жана башка иши тууралуу отчетторуна, штаттык санга, сметаларга жана пландарга кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыйгарым укуктарга ээ.
17. Саны штаттык санда аныктала турган башкы директордун орун басарлары болот.
18. Башкы директордун орун басарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалат жана кызматынан бошотулушат.
19. Башкы директордун орун басарлары Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышат, башкы директор жана анын орун басарларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык аларга жүктөлгөн өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын негизинде жеке жоопкерчилик участкасы боюнча, Ишкананын ишине жетекчилик кылышат.
Башкы директор жок учурларда анын функциясын орун басарларынын бири аткарат.
20. Ишкананын иши үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон маселелер боюнча чечимдерди кароо жана кабыл алуу үчүн Ишкананын коллегиясы түзүлөт. Коллегия башкы директордун буйругу менен түзүлөт. Коллегиянын курамына башкы директор, башкы директордун орун басарлары, Ишканадан же филиалдардан жана өкүлчүлүктөрдөн башкы директор дайындаган жети кызматчы, Министрликтен бир өкүл (министр тарабынан белгиленген) кирет. Коллегиянын жобосу башкы директордун буйругу менен бекитилет.
21. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жамааттык келишимдин шарттарын сактоону камсыз кылат.
5. Эсеп, отчеттуулук жана контролдоо
22. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн ишинин жыйынтыктарына бухгалтердик эсеп жана статистикалык отчет жүргүзөт.
23. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкана финансылык жана чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик органдарга берип турат. Бул маалыматтарды түзгөн адамдар алардын ишенимдүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет.
24. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, ошондой эле Министрликтин чечими боюнча, өз эсебинен өз ишине аудит жүргүзөт.
6. Ишкананын мүлкү, финансы жана фонду
25. Ишкананын мүлкү Ишкананын балансында баасы көрсөтүлүп турган негизги фонддон, жүгүртүүчү каражаттан жана башка мүлктөн турат.
26. Ишкананын төмөнкү даректеги филиалы бар:
Кыргыз Республикасы, 723506, Ош шаары, "Ош" эл аралык аэропортунун аймагы.
27. Ишкананын кирешелерди түзүүчү булагы болуп төмөнкүлөр саналат:
- Ишкананын чарбалык карамагында турган мүлкү;
- Ишкананын иш-аракеттеринин жыйынтыгында алынган кирешелер;
- ушул Уставга ылайык Ишкана тарабынан көрсөтүлгөн аэронавигациялык жана башка кызматтын түрлөрү үчүн төлөөлөр;
- баалуу кагаздардан түшкөн кирешелер;
- банктан жана башка кредиторлордон алынган кредиттер;
- акысыз жана кайрымдуулук төлөмдөрү, юридикалык жана жеке жактардын кайрымдуулуктары.
28. Ишкана ага колдонууга берилген чарбадагы кыймылсыз мүлктөрдү сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарба коомчулуктарынын жана шериктештиктеринин уставдык капиталына салым (үлүш) катары салууга, менчик ээсинин макулдугусуз бул мүлктү ар кандай колдонууга укугу жок.
29. Алынган кирешени Ишкана төмөнкү максаттарда колдонууга укуктуу:
- Ишкананы өнүктүрүү фондуна;
- Ишкананын кызматкерлерин окутууга жана квалификациясын жогорулатууга, аларды материалдык өбөлгөлөөгө;
- резервдик капиталдарды түзүүгө;
- чет элдик валютаны, башка валюталык жана материалдык баалуулуктарды, баалуу кагаздарды сатып алууга;
- илимий изилдөө иштерин жүргүзүүгө, рыноктун коньюнктурасын, керектөөчүлөрдүн суроо талабын, маркетингди жүргүзүүгө;
- Ишкананын кызмат көрсөтүүлөрүн жарнамага берүүгө;
- жаңы техниканы жана технологияны сатып алууга;
- кайрымдуулук жана демөөрчүлүк жардамдарды көрсөтүүгө.
7. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
30. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
31. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.