Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-июлундагы № 453 токтому менен бекитилген |
Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган администрациялык укук бузуулардан өндүрүлгөн администрациялык айыптардын суммаларын түзүүнүн жана пайдалануунун ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар (мындан ары - фотовидео фиксациялоо системасы), автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 20-главасында каралган жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу менен административдик укук бузуулар үчүн администрациялык айыптардын суммаларын өндүрүүдө колдонулат.
2. Фотовидео фиксациялоо системасы жергиликтүү же республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары - ИИМ) тарабынан белгиленген минималдык техникалык талаптарга ылайык сатып алынат жана. орнотулат.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) фотовидео фиксациялоо системасын өзүнүн администрациялык аймагында орнотот, ИИМдин маалыматтык системасына кошуп, алардын иштөөсүн камсыздайт.
4. Администрациялык айыптарды төлөөдөн түшкөн акча каражатын эсепке алуу ИИМдин маалыматтык системасын пайдалануу менен автоматтык режимде жүргүзүлөт. Аталган каражаттар боюнча салыштырып текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы менен ИИМдин ортосунда ай сайын жүргүзүлөт.
5. ИИМдин маалыматтык системасы аркылуу өндүрүлгөн администрациялык айыптар тууралуу маалыматтар ЖӨБО үчүн реалдуу убакыттагы режимде ачык болуусу камсыздалат.
6. Фотовидео фиксациялоо системасын пайдалануу менен аныкталган администрациялык укук бузуулардан өндүрүлгөн администрациялык айыптардын суммалары толук көлөмдө республикалык бюджеттин пайдасына чегерилет жана төмөнкүдөй багытталат:
- иш жүзүндө түшкөн сумманын 50 пайызы - максаттуу трансферттер катары фотовидео фиксациялоо системасын сатып алган ЖӨБОнун жергиликтүү бюджетине;
- иш жүзүндө түшкөн сумманын 10 пайызы - ИИМди каржылоого.
7. Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга республикалык бюджети жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө эсепке алынбаган фотовидео фиксациялоо системасын пайдалануу менен аныкталган администрациялык укук бузуулардан өндүрүлгөн администрациялык айыптардын суммалары 100 пайыз өлчөмүндө республикалык бюджетке чегерилет жана бөлүштүрүүгө жатпайт.
8. Фотовидео фиксациялоо системасын пайдалануу менен аныкталган администрациялык укук бузуулардан өндүрүлгөн администрациялык айыптардын суммалары ЖӨБО тарабынан фотовидео фиксациялоо системасынын иштешин колдоо жана аларды өнүктүрүүгө шарттарды түзүүнүн алкагында, анын ичинде төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) техникалык тейлөө кызматтарын сатып алууга;
2) фотовидео фиксациялоо системасын сатып алууга;
3) байланыш кызматтарын сатып алууга;
4) учурдагы оңдоого кеткен чыгымдарга;
5) мүлктү ижарага алууга;
6) транспорт кызматтарын сатып алууга;
7) башка товарларды жана кызматтарды сатып алууга;
8) учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алууга;
9) коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө;
10) курулмаларды курууга кеткен чыгымдарга;
11) машина жана жабдууларды кармоого кеткен чыгымдарга.
9. ЖӨБО каражаттарды өзүнүн администрациялык аймагындагы жол инфраструктурасын жакшыртуу үчүн пайдаланат.
10. Фотовидео фиксациялоо системасын пайдалануу менен аныкталган администрациялык укук бузуулардан өндүрүлгөн администрациялык айыптардын суммалары ИИМ тарабынан фотовидео фиксациялоо системасынын иштешин колдоо жана аларды өнүктүрүүгө шарттарды түзүүнүн алкагында, анын ичинде төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) байланыш кызматтарын сатып алууга;
2) ички иштер органдарынын кызматкерлери пайдаланган техниканы учурдагы оңдоого кеткен чыгымдарга;
3) учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди, материалдарды жана кызматтарды сатып алууга;
4) машина жана жабдууларды кармоого кеткен чыгымдарга.